Адис газ түтүгүнүн аймагында иштеп жатат. Архив

"Пакистан агымы". Россия түштүккө багыт алды

1102
Америкалыктардын Афганистандан чыгып кетиши токтоп турган глобалдуу өзгөрүүлөрдү ордунан жылдырды. Эгер талибдер баарына каршы согуш жарыялап ийбесе эле жакын арада энергетикалык, соода жана өнөр жай рыногу үчүн жаңы күрөшкө күбө боло алабыз.

Чет өлкөлүк ЖМКлар Россия дүйнөлүк картанын маанилүү жерлеринде стратегиялык багытын бекемдөө боюнча аракеттерин улантып жатканын жазып жатышат. Мында кеп армия же флот жөнүндө эмес, энергетика туурасында, болгондо да "Пакистан агымы" боюнча болууда. Кырдаалга сереп салган Сергей Савчуктун макаласы РИА Новостиге жарыяланды.

Жакында эле Исламабадда эки тараптуу жолугушуу болуп, анда техникалык адистерден турган эки топ долбоорду ишке ашырууга даяр экенин билдирди. Бул үчүн башталган аракеттер уланып, документация жана техникалык маселелерди макулдашуу процесстери жүрмөкчү. Аталган иш-чара буга чейинки жолугушуулардан газ түтүгү өтчү трассаны бойлой геологиялык-чалгын иштери жасалары менен айырмаланат, башкача айтканда, тараптар кагаздан ишке өтөт.

Долбоордогу идея жөн эмес маалда жаралган. 2015-жылы узундугу 1100 чакырымга жеткен эки миллиард долларлык "Түндүк — Түштүк" газ түтүгүн куруу боюнча өкмөттөр аралык макулдашууга кол коюлган эле. Мында россиялык подрядчылар Карачи портунан Лахор шаарына чейин транзиттик магистраль салып бермек. Портко кошумча регазификациялык терминал орнотулуп, ага деңиз газовоздору аркылуу суюлтулган газ жеткирилмек да калкыма абалга келгенден кийин түндүктөгү Пенжаб провинциясына жөнөтүлмөк.

Андан кийинки эки жыл долбоор олку-солку болуп турду. Тараптар газды алып өтүүнүн тарифи боюнча бир пикирге келе алган эмес. Мында Россия бааны көтөрүүнү талап кылган, болбосо Москванын пикиринде долбоор чыгашалуу болуп калмак. Андан кийин Россия тараптан ишти аткаруучу болгон "Ростех" корпорациясына АКШнын кезектеги санкциясы жарыяланып, долбоорду токтотуп салган. Былтыр күзүндө Исламабаддын сунушу менен тараптар макулдашуунун шартын кайра карап чыкты. Пакистандын долбоордогу үлүшү 51 пайыздан 74 пайызга чейин жогорулаган да курулуш иштерине Россиядан чыккан гана материал менен жабдууларды колдонуу белгиленген. Россиянын инвестициясы 25 пайыздан ашпай, калган чыгымдын баарын Пакистан көтөрмөк.

Ал эми үстүбүздөгү жылдын жазында долбоордун аталышы "Пакистан агымы" деп өзгөртүлүп, эки өлкөнүн энергетика министрлери курулушту жакын арада баштоого даяр экендиктерин билдиришти.

Бул сыяктуу долбоордун маани-максатын түшүнүү үчүн ар кыл саясатчылардын сөзүнө кулак төшөй бербей, карта менен иштөө керек. Экономикалык география — расмий маалымат жыйындарда көп сөз боло бербеген оңтойсуз суроолорго да жооп бере турган мыкты предмет.

Пакистан — 220 миллион калкы бар өлкө. Коңшу турган Индия менен Кытайга караганда элинин саны кыйла аз болгону менен ушул 220 миллион кишини тойгузуп эле эмес, электр энергиясы жана цивилизациянын башка ыңгайлуулуктары менен камсыздоо керек. Эгер Пакистандын бардык электр станцияларын белгилеп, аны өлкөнүн картасына түшүрсө абал оор экенин көрүүгө болот.

Нефть продуктусу менен иштеген 20 станция, жаратылыш газы менен иштеген 22 ТЭС, тогуз көмүр жана үч атомдук электростанция түштүктөн чыгышты, андан ары түндүктү көздөй жайгашып, борбор калаанын жанына келгенде токтоп калат. Мында Карачи аймагындагы Белужистандын түштүк бөлүгү жана Кветта — Лоралай — Мултан багыты боюнча кеткен борбордук бөлүгү энергияга "бай" келет. Электр станциялардын көбү Лахордун жанындагы Пенжаб провинциясында. Андан түндүгүрөөк, Исламабаддын жанында, үч көмүр электр станциясы жайгашкан, бирок алар борбор калааны жана анын жанындагы райондорду гана тейлейт.

Ушул эле карта өлкөнүн Иран жана Афганистан менен чектешкен түштүк-батыш бөлүгүнүн генерациясы дээрлик жок экени, ал эми Исламабаддын Кашмир жана Кытай менен чектешкен аймагы аз кубаттуу бир нече ГЭСти пайдаланары көрүнүп турат.

Албетте, Пакистанга элинин электр кубаты менен камсыздалганы керек, мындан тышкары, энергиянын ишенимдүү булагына муктаж. Ошого катар эле ири коңшулары менен кирешелүү соода жүргүзүүгө кызыкдар.

Жылына 12,4 миллиард куб метрлик газ өткөрүүгө кубаты жеткен "Пакистан агымы" ишке ашса, жаңы электр станциялары отун менен камсыздалып, мындан Индия менен чектешкен Пенжабдагы өнөр жай ишканалары "азыктанып" турмакчы. Эгер долбоор ийгиликтүү болуп калса, газ түтүгүн борбор калаага чейин узартууга эч ким жолтоо болбойт. Мултан шаарынан Исламабадга чейинки аралык болгону 400 чакырымдан бир аз ашыгыраак.

Россиянын эмне кызыкчылыгы бар экенин түшүнүү үчүн бир нече учурга токтолуу керек.

Кепти алгач ТАПИ (Түркмөнстан — Афганистан — Пакистан — Индия) магистралдык газ түтүгүнөн баштоо керек. Мында Россия техникалык гарант болуп, түтүк менен жабдууну жеткирчү тарап. Газды эң аяккы болуп Индия алат, бирок транзит мамлекеттердин баарынын көгүлтүр отко муктаждыгы күч, андыктан өз үлүшүн кемитип албоого ар бири аракет кылат. Мунун Пакистанга да тиешеси бар, анткени "агымдын" техникалык шарты боюнча бул газ магистралы Мултан шаарынан ТАПИге кошулушу керек. Эки газ түтүгүнүн жалпы кубаттуулугу дал ушул жерде 55 миллиард куб метрди түзүп, "Түндүк агымдын" экөө менен тең теңтайлаша алат. Мындай күчтүү ресурска ээ Пакистан өлкөгө газ киргизип, талаштуу Кашмирди кармап турган Индияга ири саясий атаандаштык жаратууга дарамети жетет.

Мындан тышкары, Пакистан сыяктуу эли көп өлкөдө газ рыногунун түзүлүшү углеводороддун дүйнөлүк рыногун өзгөртөөрү турулуу иш. Биринчи кезекте бул Катар үчүн ыңгайлуу. Перс куймасынан Оман куймасына, андан ары Карачиге өзүнүн суюлтулган газын сатат. Анын үстүнө Катар суюлтулган газ өндүрүшүн гүлдөтүп жибере албайт, демек, келечекте Катар газынын Европага ташылышы солгундап, бул россиялык газ түтүктөрдүн маанилүүлүгүн арттырат.

Буга кошумча Россия түтүк жана башка жабдууларды жеткирип, чийки зат эмес, үстүнө бир топ акча кошулган даяр продукцияны сатып, геофизиктерден баштап түтүк орноткондордун баарын иш менен камсыздайт.

Региондун активдешүүсү Афганистандагы саясий өзгөрүүлөр жана "Түндүк агым — 2нин" курулушунун аякташы менен байланыштуу экени талашсыз. Россия ар дайым, керек болсо катаал санкциялар жарыяланган учурда да бардык долбоорлорду аягына чыгарарын көрсөттү. Индия дүйнөдөгү металлургия державасына айланууга ниеттенип жатат, демек, ага Афганистандын темири, көмүрү жана Россиянын отуну керек. Пакистан өнөр жайын өнүктүрүүгө далалаттанууда, буга баягы эле жаратылыш газы зарыл, ал эми коңшу мамлекеттерде көгүлтүр от жетишсиз.

Америкалыктардын Афганистандан чыгып кетиши токтоп турган глобалдуу өзгөрүүлөрдү ордунан жылдырды. Эгер талибдер баарына каршы согуш жарыялап ийбесе эле жакын арада жаңы энергетикалык, соода жана өнөр жай рыногу үчүн күрөшкө күбө болобуз. Россия өнүгүүнүн келечектүү багытын ээлеп койгону кубандырат.

1102
Белгилер:
АКШ, Пакистан, Россия, газ, түтүк, Афганистан, көмүр, станция, ГЭС
Тема боюнча
"Болуп көрбөгөндөй жеңилүү": НАТО өзүн жок кылууда
Русал ишканасында алюминий өндүрүү. Архив

Аскердик төңкөрүш бааны асмандатты. Рыноктогу орун бөлүшмөйдө ким утат?

189
Лондон биржасында алюминийдин баасы отуз жылдык максимумда, тагыраагы, тоннасы 2837,5 долларды түздү. Баанын жогорулашына Гвинеядагы аскердик төңкөрүш себеп.

Рынокко бокситтердин келиши үзгүлтүккө учуроо коркунучу жаралды. Анткени Гвинеянын үлүшү дүйнөлүк рыноктун төрттөн бир бөлүгүн түзөт. Кызыкдар тараптардын арасында россиялык "Русал" да бар. Жеңил металлдын баасы эми кандай болору, дүйнөдөгү бул жааттагы жагдай тууралуу Ирина Бадмаеванын макаласы РИА Новости сайтына жарыяланган.

Ылдамдык артты

Жыл башынан бери эле алюминий 40 пайызга жогорулады. Бул металл дээрлик бардык тармактарда — космостук, авиа жана автомобилдик техника, курулушта пайдаланылат. Анан да бул – көп нерсеге жарай турган таңгактоочу материал эмеспи, мисалы, тиричилик товарлары, банкадагы газдалган суусундуктар, фольгадагы балмуздак ж.б. Бирок аны өндүрүүгө электр кубаты көп сарпталат. Атмосфера булганат, мунай, табигый газ жана көмүр жагылат. Айрыкча Кытайда абал ушундай, анткени бул державада алюминийдин жарымы өндүрүлөт.

Кубаттуулукту катуу көзөмөлдөө жана бара-бара импортчуга айлануу менен КЭР көмүр кычкыл газынын чыгындыларын азайтуу аракетинде.

"Алюминий менен 20 пайызга камсыздаган Синьцзян провинциясында августтун аягынан тарта беш заводдо өндүрүш көлөмү кыскартылды", — деп белгилейт TeleTrade маалымат-аналитикалык борборунун башкы экономисти Марк Гойхман.

Ал эми Россия өткөн айдан бери экспорттук пошлина киргизди. Анын көлөмү баадан 15 пайыз, бирок тоннасына 254 доллардан кем эмес каражатты түзөт.

"Ушундан улам "Русал" рентабелдүүлүктүн чегиндеги ишканаларды жабуу пландарынан да кабарлаган. Жүз миңдеген тонна зыян тартып, жоготуулар миллиондогон долларга жетти", — дейт маектеш.

Кытайдагы декарбонизация кампаниясы жана россиялык пошлиналар баанын өсүшүнө себеп болду. Трейдерлер акысы жогорулап бара жаткан ташуу кызматы жана күтүлгөн таңсыктыктан пайда көрүүнү көксөп туру. Бул көрсөткүч 2024-жылы сегиз миллион тоннага жетиши мүмкүн. Ал эми суроо-талап жылына үч пайызга көтөрүлүп турат.

Биринчи жарым жылдыкта дүйнөлүк суроо-талап дээрлик 12 пайызга өстү. Ал эми өндүрүш — болгону 5,7 пайызга жогорулады.

Африкалык фактор

Баанын кымбатташына Гвинеядагы аскердик төңкөрүш да кошул-ташыл болду. Африканын батышындагы бул өлкө — бокситтер менен негизги жабдуучу. "Сырьё боюнча Кытай менен Австралиядан кийинки үчүнчү сапта, тагыраак, жылына 50 миллион тонна алат. Изилденген запас боюнча (7,4 миллиард тонна) биринчи орунда", — деп тактайт AMarkets аналитикалык департаментинин жетекчиси Артем Деев.

Гвинея өкмөтүнүн маалыматы боюнча, былтыр экспортко 84,2 миллион тонна боксит жүктөлгөн. Басымдуу бөлүгү Кытайга жөнөтүлгөн. Аталган республикадан жабдуудагы кымындай да үзгүлтүк рынокту бир топ солгундатышы ыктымал. Дүйнөдө жылына 60 миллион тоннадан ашуун алюминий алынат. Жарымынан көбү КЭРде, Россия жана Индияда төрт миллиондон өндүрүлөт. Гвинеядагы бийликти басып алган аскерлердин лидери Мамади Думбуйя тоо-кен компанияларын ишти улантууга чакырды. Өкмөт менен түзүлгөн келишимдер сакталарына убада берген. Бирок бул анчалык ынандырарлык болгон жок.

"Русал" да кабатырланууда. Анткени ага Гвинеядагы "Киндия бокситтери компаниясы", жылына өндүрүмдүүлүгү үч миллион тоннаны түзгөн Dian-Dian кени, ошондой эле Friguia бокситтик-глиноземдик (алюминийдин оксиди) комплекси таандык. Операциялык отчёттуулук маалыматы боюнча, биринчи жарым жылдыкта гвинеялык ишканалар 3,8 миллион тонна боксит алышкан.

Мамлекеттик төңкөрүштөн кийин "Русалдын" акциялары тооруктун алгачкы мүнөттөрүндө дээрлик жети пайызга көтөрүлүп, 66,75 рублге чейин чыккан. Бирок кайра ылдыйлай баштаган.

"Эгер кен казуудагы көйгөйлөр созула берсе, компаниянын өндүрүш көлөмү алда канча кыскарышы мүмкүн. Бирок келтирилген зыяндын көп бөлүгү баанын жогорулашы менен да жабылышы ыктымал, анткени бүт дүйнө мындан жабыр тартат", — дейт PFL Advisors инвестициялык компаниясынын башкаруучу өнөктөшү Федор Наумов.

"Русалдын" акцияларынын наркы алюминий баасы менен гана аныкталбайт. Инвесторлор менен мамиле да буга таасир этет. "Эгер компания дивиденд төлөп бере баштаса, баа 100 рублдин тегерегинде болмок. Позитивдүү рыноктук жагдайга карабастан ушул тапта "Русал" андай кылбайт, себеби акыркы бенефициар Олег Дерипаска санкциялардын айынан каражат ала албайт", — деп белгилейт маектеш.

Аскердик көзөмөл

Россиялык экспорттун 40 пайыздан ашууну АКШ жана Түркияга багытталат. Иштетилбеген металл рыногунда Россия 17 пайыздык үлүшү менен алдыңкы сапта.

Экинчи орунда 15 пайыз менен Канада, үчүнчү он пайыз үлүшү бар Австралия турат.

Бирок сырьёсуз эч нерсе сатылбайт. Гвинея мында — негизги бөлүк (звено). Өлкөдөгү саясий туруксуздук бокситтерди жеткирүүнү үзгүлтүккө учуратышы ыктымал.

"Бирок алар узакка созулбаса керек. Ошол себептен бааларга көп таасир этерин күтүүнүн кереги жок", — деп боолголойт Марк Гойхман.

Мамлекеттик төңкөрүштүн максаттарынын бири — алюминий рыногун көзөмөлдөө. Ошондуктан хунта чет өлкөдөгү негизги сырьё сатып алуучулар менен мамилесин тез арада жакшыртууга умтулары шексиз.

Бирок республикада кош бийлик орносо, ички жаңжал көпкө уланат. Ошондо алюминий ташуу көйгөйү жаралары талашсыз. Ошол эле учурда жогорку суроо-талап бааны улам өйдөлөтүүдө. Сентябрда алюминийдин тоннасы үч миң доллардан ашат. Жыл аягына дейре дагы кымбаттайт. Анткен менен август-сентябрдагыдай өсүш эми кайталанбайт.

189
Белгилер:
Гвинея, Африка, алюминий, рынок, Россия, боксит, төңкөрүш
Тема боюнча
"Пакистан агымы". Россия түштүккө багыт алды
Түндүк агым – 2 газопроводу

Европа россиялык газдан баш тарта алабы? Сереп

105
Европада көгүлтүр оттун кескин кымбатташына Россиянын тиешеси барбы? ЕБ жашыл экономикага өтүүгө чамынса, "Түндүк агым – 2" майнаптуу болобу? Эксперт ушулар туурасындагы ойлорунан бөлүштү.

Sputnik. "Түндүк агым – 2" газопроводунун экинчи өтмөгүнүн акыркы түтүгү Балтика деңизинин түбүнө жаткырылды. Бул туурасында 6-сентябрда долбоордун оператору Nord Stream 2 AG компаниясы маалымдады.

Ал эми 9-сентябрда фьючерстик рынокто тарыхый рекорд коюлду. Тооруктун бүтүндөй тарыхында алгач ирет газдын миң куб метринин баасы 700 долларды чапчыды.

"Түндүк агым – 2нин" ишке берилиши Европадагы тынымсыз өсүп жаткан газдын баасына кандай таасир этет? Эмнеликтен "Газпром" европалыктар жылытуу сезонуна көгүлтүр от корунун жетишсиздигинен чочулап турган маалда ЕБ рыногуна жөнөтүлгөн газдын көлөмүн көбөйтпөйт?

РФтин Улуттук энергетикалык коопсуздук фондунун алдыңкы аналитиги Игорь Юшков YouTube каналыбызга курган маегинде Россиянын энергетикалык стратегиясынын өзгөчөлүктөрүнө токтолду. Бул материалда маектин урунттуу учурларынан келтирдик.

Эмнеге Норвегияны эмес, Россияны айыпташат?

Европада газга болгон октябрдык фьючерс 9-сентябрда тарыхта биринчи ирет миң куб метрине 700 доллардан ашты. Бир ай оболу эле көгүлтүр отко фьючерс ушундай эле өлчөмгө – 550 доллар, майдын ортосунда 373 долларды түзгөн.

Европалык газ сатуучулар кырдаалды "акылга сыйгыс" деп атоодо. Ал эми бир катар европалык жалпыга маалымдоо каражаттары баа жарышын "Газпромдун" тымызын иштери деп сыпаттап жатышат. Бирок мындай жөнсүз пикирдин да туура түшүндүрмөсү бар деп эсептейт Игорь Юшков.

"Азияда баа мындан да кымбат, –  дейт ал. – Кытай газды керектөөнүн көлөмүн көбөйтүүдө. Ири керектөөчүлөр: Япония, Түштүк Корея да бар. Башкача айтканда, бүтүндөй суюлтулган жаратылыш газы толугу менен Азияга кетүүдө.

Суюлтулган табигый газды өндүрүүчүлөр, албетте, көп пайда тапкысы келет, ошондуктан 2021-жыл бою ири партиялар азиялык рынокторго агылып турду.

Эгер Европа суюлтулган жаратылыш газынын кошумча көлөмүнө зарылып турса, албетте, ага да орточо Азиядагыдай эле баада сунушталат деп түшүндүрөт Юшков. Ал эми Россия апрель айынан ушул күнгө дейре газдын бирдей эле көлөмүн берүүдө.

"Россияны вентилди бууп, Европага шантаж жасоодо деген айып тагылууда, дегеле мындайды биз чет өлкөлүк маалымат каражаттарынан тынбай тыңдап келет эмеспизби. Бирок жагдай андай эмес, – дейт Игорь Юшков. – Түтүк аркылуу газ берчүлөрдүн башкаларын да кароого болот. Ошол эле Норвегияда көгүлтүр отту казуунун көлөмү төрт жыл катары менен төмөндөп жатты. Ал газды көбүрөөк суюлтуп, Азияга жөнөтүүгө ашыгат".

Алжир да ички керектөөнүн көбөйүшүнөн улам газды азыраак экспорттой баштаганын мисал келтирген эксперт: "Эмнеге анда Россияга доомат коюлат? Европалыктар өздөрү экономикалык жактан туура акыл калчап, бирок мекенчилдиктен четтөөдө", – деп суроо салат.

Мындан сырткары, трейдерлер кеп кылган газдын кымбаттыгы голландиялык биржада коюлган бааларды туюндурат. Ал эми бул негизинен суюлтулган жаратылыш газ рыногундагы абалды чагылдырат.

Германиянын биржасы андан айырмаланат, баалар россиялык түтүк аркылуу газ берүүгө таасир этет, ошондуктан алар төмөн баада. Бул факторлордун баарын эсепке алуу абзелдигин белгилейт Игорь Юшков.

Украинанын пайда таап алышына Россия эмнеге шарт түзүшү керек?

Эксперт трейдерлер Европанын жер төлөөлөрүндөгү газ сактагычтардагы газдын кору аз деп да түйшөлүүдө. "Бирок эмнеге мындай болуп калды? Эмне үчүн кышка камылга көрүшкөн эмес? – деп ой жооруйт Юшков. – Кантсе да баа бир жыл аралыгында улам өсүп отурган. Ишканалар: азыр миң куб метрин 400 доллардан сатып алсам, кышында баа 300 долларга түшүп кетсе, зыян тартып калам деген ойдо болушкан. Анан 500гө чыкты, дал ушул баанын жеткен чеги! Азыр да ушул кайталанууда. Жер төлөөлөрдөгү сактагычтарга газ толтурууга даай албай, кышында азыркыдан арзандап кетсечи деген ойдо жүрүшөт".

Анан да көптөгөн өлкөлөр быйыл газды сактоочу жайлардан алып чыгып, учурдагы керектөө үчүн сатышты. Себеби 2020-жыл таптакыр бөтөнчө мезгил болбодубу дейт Игорь Юшков. Рынокто баа өтө төмөн: миң куб метрине 100 доллардан ылдый болуп турду.

"Албетте, кышкысын Европа тоңуп калбайт, бирок Россиядан газ алуу боюнча кошумча кубаттуулук керектелет, – деген ойдо эксперт. – Россия – газ казуунун, экспорттоонун көлөмүн өстүрө алчу дээрлик жалгыз түтүк аркылуу жеткирүүчү өлкө. Мында Россияга "Түндүк агым – 2" Европа үчүн кошумча көлөмдү кирешелүү сордурууга жол ачат".

Ушул тапта "Газпромго" көлөмдү көбөйтүү пайдасыздыгын айтат Юшков. "Украиналык багыттан башка бардык маршруттар толук кубаттуулукта иш жүргүзүүдө, - деп түшүндүрөт ал. – Эгер "Газпром" Украина аркылуу көлөмдү келишимдегиден ашырса, жогорулатылган коэффициент кошулат, толтуруу тарифи ансыз да кымбат. Тандоо маселеси коюлат: газды түтүктөргө көбүрөөк толтуруп, бул үчүн кошумча акы төлөп, анан да Европадагы баанын азайтуу керекпи же ишти мурункудай эле улантуу керекпи?". Биринчи варианттын экономикалык маңызы жоктугун белгилейт эксперт. "Россия ансыз деле узак мөөнөттүү келишимдерин так аткарып келет. Ал эми кошумча көлөмдү берүүдө үстөк кирешенин баары украиналык операторго тиет, анткени ага жогорулатылган транзитке акы төлөө шарт", - деп чечмелейт Юшков.

Жашыл экономика азыр арсарбы?

"Түндүк агым – 2" ишке берилгенде Россия кошумча көлөмдү эч көйгөйсүз бере аларын айтат Игорь Юшков.

"Биринчиден, ал толугу менен "Газпромго" таандык, башкача айтканда, өзүнүн канатындагы компанияга төлөп берүү керек, – деп түшүндүрөт ал. – Экинчиден, Ямалдан Германияга чейинки аралык Украина аркылуу маршрутка караганда 1800 чакырымга кыскараак. Мында "Газпром" азыраак кубаттуулук да сарптайт. Бул – экономикалык көз караштан алып караганда эң майнаптуу ыкма".

Жашыл экономиканын өнүгүшү "Түндүк агым – 2" долбооруна терс таасир этиши мүмкүн экенин белгилейт Юшков.

Эксперттин баамында, Европа 2050-жылга чейин казып алуучу кубаттуулуктун бардык булактарынан баш тартууга тийиш. Бирок Европа биримдиги азыр "жашыл келишимге" салган инвестициялар жетишсиз. Аларды алда канча көбөйтүү абзел.

"Ал эми бул кыйла татаал, себеби натыйжада баарына керектөөчү төлөйт, ал эми Европада электр кубаты ансыз да бир топ кымбат, – дейт Игорь Юшков. – Европа көздөгөнүнөн кайтпайт, бирок максаттарын ишке ашыруу мөөнөтү жылышы ыктымал. Менимче, дагы ондогон жылдар бою көгүлтүр отко талап күч болот".

Булардан тышкары, Россия энергетика жаатындагы жаңы көрүнүштөргө көз салат. Европа суутекке өткүсү келсе, ал табигый газдан өндүрүлөрүн эске салат Игорь Юшков.

"Ошондо Россия суутекти өндүрө алат, - деп эсептейт ал. – Ошол эле "Түндүк агым – 2" аркылуу аны жөнөтүүгө болот. Башта, балким, газ түтүгүн заманга бапташтыруу керек болор. Европалыктар газ-суутек аралашмасын пайдалангандагы өткөөл мезгилден кеп салууда. Анда газ түтүгүн заманбапташтырбай туруп деле газга 30%га чейин суутек кошуп берүүгө болот. Андан ары заманга ылайыктоого болот, бул деле техникалык жактан кол жеткис нерсе эмес. Бузулбай тургандай кылып газ түтүгүн атайын тазалап чыгуу абзел".

Кептин баары европалыктар пландарын жарыялап, бирок суутек рыногунун өзү жоктугунда экенин билдирет Игорь Юшков. "Эч ким суутекти көп көлөмдө өндүрбөйт. Алдыда жылытуу сезону турат, ал европалык саясаттын бардык акылга сыйбас тарабын көзгө сайып көрсөтүүдө. Адегенде "Газпромду" хабдарга байланыштырып баа түзүү келишимдеринин баарына кол коюуга аргасыз кылышты, ал эми мунай баасынан көз каранды газ жарым-жартылай аз. Европалыктар өздөрү баштаган энергетикалык стратегиянын эле айласын таппай туру", — деп жыйынтыктайт кебин эксперт.

Маекти толугу менен YouTube каналыбыздан көрө аласыздар: 

105
Белгилер:
газ, Түндүк агым - 2, Россия, Европа, жылуулук, отун, түтүк, суутек
Тема боюнча
Саясий жана насыялык көз карандылык: ЕБ менен биригүү Украинага эмне берди?
Мотоциклчен киши. Архивдик сүрөт

Мотоциклчен киши аэропортко кеткен трассадан жөө адамды коюп, жол жабылды

0
(жаңыланган 23:34 19.09.2021)
Жолго 50дөй киши топтолуп ызы-чууга түштү. Кырсыктын кесепетинен болжол менен 50 жаш курагындагы киши каза болду.

БИШКЕК, 19-сен. — Sputnik. "Манас" аэропортуна кеткен жолдо мотоциклчен киши жөө адамды коюп кетти. Бул тууралуу Чүй облустук милиция билдирди.

Окуя бүгүн саат 20:00дө болгон. Маалыматка караганда, кырсыктын кесепетинен жөө киши набыт болгон. Болжол менен ал 50 жашта. Активист Болот Ибрагимов авариядан кийин тартылган видеону соцтармакка жарыялады.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Болот Ибрагимов SFR (@bolotibragimov)

Кадрдан жол убактылуу жабылып калганын көрүүгө болот. Топтолгон 50дөй киши ызы-чууга түшкөн. Милициянын божомолу боюнча, алар жергиликтүү тургундар менен мотоциклчен кишинин достору болушу мүмкүн.

Чүй ОИИББдин маалымат кызматы саат 21:00дөр чамасында Манас айылынын жашоочулары Бишкек — аэропорт жолун тосуп, жол кырсыктарына нааразычылыктарын билдиришкенин кабарлады.

"Учурда милиционерлер жергиликтүү тургундарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатат", — деди ОИИББден.

Түнкү саат 11лер чамасында эл тарай элек болчу.

0
Белгилер:
Бишкек, милиция, жол кырсык, мотоцикл
Тема:
2021-жылдын башынан бери Кыргызстанда болгон жол кырсыктар
Тема боюнча
Бишкекте жүк ташыган поездге урунуп 21 жаштагы жигит каза тапты