Буудай түшүмүн жыйноо. Архив

Быйыл түшүм аз. Кыргызстанда азык-түлүк кымбаттайбы?

733
Республикада быйыл фермерлер былтыркыга салыштырмалуу азыраак түшүм алат. Бул абал азык-түлүк тартыштыгына, баалардын өсүшүнө кептебейби? Sputnik Кыргызстан ушул жана башка соболдорго жооп издеп көрдү.

Быйыл жөнөкөй жыл болгон жок. Суу кирген маал энергетика абалына таасир этип, электр кубатынын импорттук көлөмү өстү. Ошондой эле түшүм аз жыйналат деген кооптонуулар болгон. Анткени фермерлер сугат суу тартыштыгына нааразы болуп жатышкан эле. Ошол чочулоолор, тилекке каршы, негизсиз болгон жок.

Абал жеңил эмес

Улуттук статистика комитети маалымдагандай, быйыл саратандын адаттан тыш аптаптуу болушу, ага кошул-ташыл, сугат убагында суунун тартыштыгы дан эгиндеринин түшүмдүүлүгүн азайтты.

Мекеменин билдирүүсүндө жалпысынан республикада буудайдын түшүмү 45,5 пайызга кыскарса, арпа 55,2 пайызга, картошка 10,1 пайызга, коон-дарбыз 6,7 пайызга, мөмө-жемиш 6,5 пайызга, жашылча 2,4 пайызга аз жыйналганы айтылат. Ошол эле маалда тамеки гана көп чогултулганы (580ден 640 тоннага жеткен) маалым болду.

Өнөктөштөр кандай түшүм алары күтүлүүдө?

Кыргызстан буудайды негизинен Казакстан менен Россиядан сатып алат. Ошондуктан аталган өлкөлөрдөгү кырдаалды изилдеп көрөлү. Августтун аягында Казакстандын сугатчылар биримдиги түшүм быйыл 30 пайызга аз болорун, фермерлер 10 миллион тонна буудай аларын болжогон.

Казакстандын Айыл чарба министрлиги түшүмдүүлүктүн 20 пайызга төмөндөшү мүмкүн экенин, ал эми дан 15 миллион тоннанын тегерегинде топтолорун болжогон. Бул тууралуу Sputnik Казакстан жазган.

© Sputnik / Кирилл Брага
Росстаттын маалыматына таянсак, былтыр Россияда 133 миллион тонна дан, анын ичинде 85,9 миллион тонна буудай жыйналган. Жалпыга маалымдоо каражаттары жазгандай, рекордго 100 миң тонна буудай жетпей калган.

Өткөн айдын соңунда Казакстан премьер-министри Аскар Мамин быйыл дан өсүмдүктөрүнүн экспорттук дарамети 6,5-7 миллион тоннага бааланганын билдирген. Бирок 21-сентябрда экспорт боюнча божомолун ал 6-6,5 миллион тоннага дейре түшүргөн.

Ал эми Росстаттын маалыматына таянсак, былтыр Россияда 133 миллион тонна дан, анын ичинде 85,9 миллион тонна буудай жыйналган. Жалпыга маалымдоо каражаттары жазгандай, рекордго 100 миң тонна буудай жетпей калган.

Быйыл жазда АКШ айыл чарба министри Россия буудайды рекорддук көлөмдө, Крымды кошпогондо 85 миллион тоннадан ашуун түшүм алынарын жоромолдогон эле. Жакында эле маалымат каражаттары РФ Айыл чарба министрлигине 2021-жылкы түшүм 127,4 миллион тоннанын деңгээлинде, анын ичинде буудай 81 миллион тонна алынары күтүлөрүн жазды.

Өсүмдүк май жагдайы үмүт жандырат. Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги июль айынын аягында быйыл өлкөгө бул өндүрүмдүн негизги импорттоочусу болгон Россияда рекорддук түшүм алынары болжонгонун билдирген. Атап айтканда, күн карама (сырье) да, майдын баасы да арзандай турганы кабарланган эле.

Бийлик кандай чараларды көрөт?

Айыл чарба, суу жана токой чарба министринин орун басары Азамат Мукашевдин айтымында, бийлик тарабынан алдын алуу чаралары көрүлгөн:

  • тегирменчилер Россиядан 200 миң тонна буудай алышат, анын 30 тоннасы ташып келинди. Бул жергиликтүү тегирменчилерге казакстандыктар менен атаандаштыкта иш жүргүзүүгө мүмкүндүк берет. Эске салсак, бийлик эгин алып келүүгө кошумча нарк салыгын жойгон;
  • бир катар ун комбинаттарында 2 миң тоннадан запас болмокчу;
  • Мамлекеттик материалдык резервдер фонду жергиликтүү эгинден 15 миң (жарымы алынды), Россиядан 70 миң тонна сатып алат.

Келишимдер августта түзүлгөн, ал убакта баа арзаныраак эле.

Заместитель министра сельского, водного хозяйства и развития регионов Азамат Мукашев в офисе Sputnik Кыргызстан
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Айыл чарба, суу жана токой чарба министринин орун басары Азамат Мукашев
"Зарыл учурда резервдерден берилет. Алар баа жогорулаган тушта рынокко чыгарууга атайын каралган", — деген министрдин орун басары Мукашев стратегиялык азык — өсүмдүк майы тууралуу да токтолду. Эске салсак, өлкө бул азыктын дээрлик 80 пайызын сырттан ташыйт.

"Биз даяр өндүрүм алабыз, бул абдан кымбатка түшөт. Өзүбүздө май чыгарган беш завод бар, сырьего кошумча нарк салыгынын чендерин жоюу маселесин көтөрүп жатабыз. Башкача айтканда, даяр майдан сырткары жандыктарга жем да чыгарып алабыз", — деп сунуштады ал.

Аткаминердин айтымында, ун өндүрүшүндө мал жей турган кебек да бар, бул жемдин баасын турукташтырууга шарт түзөт.

Кыргызстанда азык-түлүк жетиштүүбү?

Эске салсак, Улуттук статистика комитети бардык позициялар боюнча түшүм азыр аз экенин маалымдаган. Анткен менен Мукашевдин 17-сентябрга берген маалыматына үңүлсөк, бир катар айыл чарба өндүрүмдөрү жаатында абал анчалык деле жаман эмес:

  • жашылчадан 605 миң тонна (былтыркыга караганда 30,5 миң тоннага көп);
  • коон-дарбыз 221 миң тонна (кошумча 17 миң тонна);
  • мөмө-жемиш "климаттык шарттардан улам бир аз начар";
  • буудай — 368 миң тонна (андан 152 миң тонна кем) жыйналган, гектарынан түшүмдүүлүк 15,6 центнерди (9,6 центнер кем) түзөт, аянттардын 92 пайызы жыйналган;
  • картошка — 328,7 миң тонна (150,1 миң тонна кем). Гектардан түшүмдүүлүк 158 центнерден (3,2 центнерге аз). Картошка айдалган аянттардын үчтөн бири терилди.

Министрдин орун басары буудай жазга чейин жетерине ынандырууда. "Бизде 380 миң тоннанын тегерегинде өз өндүрүшүбүз болот. Бул аз көрсөткүч болсо да алдыда ташып келине турган буудай калкты бул дан камсыз кылууга жетиштүү болмокчу", — деп түшүндүрөт ал. Ошондой эле ал азык-түлүктөрдүн башка түрлөрү боюнча таңсыктык болбой турганын кошумчалады.

Баалар кымбаттайбы?

Мукашев мекеменин маалыматына таянып азык-түлүктүн кымбатташы болжонбогонун айтат.

Улуттук банктагылар бизге кеңири жооп берип, климаттык шарттардын түшүмгө терс таасир эткенин белгилешти.

"Айыл чарба товарларын өндүрүү жана сунуштагы өзгөрүүлөр инфляцияга, албетте, таасир этет, бирок ата мекендик керектөө рыногунун ачыктыгынан улам андай таасир чектелүү мүнөзгө ээ", — деп айтылат башкы банктын жообунда.
Продукты питания в одном из торговых контейнеров на Ошском рынке в Бишкеке
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Айыл чарба, суу жана токой чарба министринин орун басары Азамат Мукашев мекеменин маалыматына таянып азык-түлүктүн кымбатташы болжонбогонун айтат

Ошондой эле башкы жөнгө салуучу органдагылар чөлкөмдө түшүмдүүлүктүн төмөндөшү байкаларын, бирок дүйнөлүк түшүм айыл чарбада тартыштыкты компенсациялай турганын белгилешти. Башкача айтканда, инфляция дүйнөлүк азык-түлүк рынокторундагы жана Кыргызстандагы айрым товарлардын баасынын кармалып турушу менен ооздукталышы мүмкүн.

Ошондой эле бул мекеме июнда ЕАЭБ аймагынан айыл чарба азыктарынын бир катар түрүн чыгарууга алты айга тыюу салынганын эске салды. Бул — айыл чарба өндүрүмдөрүнүн ички баасын кармап турууга кошумча чара.

"Кыргызлэнд" импортчулар жана экспортчулар ассоциациясынын башчысы Ленара Ниязбекова түшүм боюнча абал ар кандай экенин, мисалы, малина быйыл жакшы болсо, кара өрүк аз экенин белгиледи.

Председатель ассоциации экспортеров и импортеров Кыргызлэнд Ленара Ниязбекова во время беседы на радио Sputnik Кыргызстан
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
"Кыргызлэнд" импортчулар жана экспортчулар ассоциациясынын башчысы Ленара Ниязбекова
"Баа көтөрүлүп кетери тууралуу чочулоолор бар, анткени түшүм аз болгон кырдаалда алып сатарлык күчөшү мүмкүн", — дейт Ниязбекова.

Анткен менен таңсыктык болбостугун , анткени андай шартта адатка айлангандай импортчулар гана абалдан чыгарып кетерин белгиледи.

Бирок андайда баа өсүп кетүү коркунучу бар, сырттан сатып алууда доллар менен төлөнөт, ал эми быйыл америкалык валютанын орточо курсу жогору (былтыр бул валютанын наркы 70 сомдон 85ке чейин көтөрүлүп турса, быйыл көбүнесе 83-85 сомдун диапазонунда турду).

Ассоциация башчысы айыл чарба маселелерине кыйла стратегиялык көз караш менен кароону сунуштайт, анын айтымында, бул кырдаалды жакшыртууга мүмкүндүк берет. Андыктан төмөнкү чараларды көрүү абзел:

  • мамлекет сугат маселелери менен өзү алек болушу зарыл, азыр бул иретке салына элек;
  • айыл чарба тармагы боюнча: көйгөйлөр кайсы, түшүм кандай, кандай жоготуулар бар, ушул тууралуу так маалыматтарды алуу үчүн президенттин алдындагы аналитикалык борбор түзүү;
  • доллардын куну өскөнү (мурунку жылга салыштырмалуу) жана түшүмдүн аздыгына байланыштуу бийлик каатчылык планын иштеп чыгууга тийиш.

Бөлөк өлкөлөр Кыргызстанга азык-түлүк сатуудан баш тартпайбы?

Кыргызстан импорттук азык-түлүктөн өтө көз каранды. Ошол себептен өлкө үчүн ташуу маселеси абдан маанилүү. Мукашев Кыргызстан ЕАЭБге мүчө экенин эске салды.

Продажа муки на Ортосайском рынке Бишкека
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Кыргызстан импорттук азык-түлүктөн өтө көз каранды. Ошол себептен өлкө үчүн ташуу маселеси абдан маанилүү.

"Башка мамлекеттердин сырьёлук базасынан тең укукта пайдаланат. Башкача айтканда, өзүбүз жетиштүү өндүрбөгөндөрдү ал жактан алабыз. Ал эми баш тартуу ыктымалдыгы боюнча айтсам, негизи андай нерсе болгон эмес. Мисалы, Россия менен баары жайында. Быйыл Казакстан өз өндүрүмдөрүнө карата абдан катуу чектөөлөрдү киргизди. Россия тарабынан бизге жана ЕАЭБдин башка мүчөлөрүнө карата чектөө жок, үчүнчү өлкөлөргө гана бар", – деп жооп берди министрдин орун басары.

Түшүм ала албай калган дыйкандарга жардам көрсөтүлөбү?

Мукашев агрокамсыздандыруу тутуму зарылдыгын белгилейт. Тийиштүү мыйзам долбоору азыр коомдук талкууда. Ушул тапта фермерлер "Айыл чарбасын каржылоо" мамлекеттик программасынын алкагында алган насыяларды төгүүнү улантууга үмүт бар. Бирок бул үчүн түшүм ала албай калганын документтештирүү керек.

"Эгер документтештирилген база менен бекемделсе, анда дыйкан банкка кайрылат, ал фермердин жагдайын түшүнүү менен кабылдайт чыгар", — деп кошумчалады Мукашев.

Кыргызстан өзүн буудай менен толук камсыздай алабы?

Былтыр ушундай дымактуу милдетти ошол кездеги айыл чарба министри Эркинбек Чодуев койгон. Министрликтин азыркы жетекчилиги да ошол демилгенин реалдуулугуна ынанат.

Мукашев Кыргызстан дан менен өзүн жүз пайыз камсыздай аларын айтты. Бул үчүн жаңы сортторду өздөштүрүп, өлкөнүн шартына ылайыктоого аракет көрүш керек. Кыргызстанда ушундай сыноолор менен өзбекстандык сорттордун бири 82 центнер түшүм берди.

Анын эсеби боюнча орточо түшүмдүүлүктү 30 центнерге дейре жеткирсек, анда өлкөдөгү 230 миң гектардан 700 миң тоннага чейин буудай жыйноого болот. Эгер түшүмдүүлүк дагы беш центнерге жогорулатылса, анда физиологиялык нормалар боюнча өз керектөөсүн толук жаап, дээрлик 820 миң тоннага жетиши мүмкүн.

733
Белгилер:
айыл чарба, түшүм, дан, Буудай, ун, фермер, экспорт, импорт, азык-түлүк
Тема боюнча
Артка кеткен тармактар. Кыргызстанда ИДПнын көлөмү дагы төмөндөдү
Кыргызстанда акчанын көлөмү боюнча рекорд коюлду
ЕАЭБ менен коңшу өлкөлөрдө бензин канча турат. Таблица
Иран аскерлери маршр учурунда. Архив

Иран менен Түркия согушка даярдыгын көрсөтүүдө: Азербайжандын эмне тиешеси бар?