ЖК депутаты жыйын учурунда. Архив

Финтех деген эмне мыйзам. Абдыгулов менен Ибраевди араздаштырган долбоор төркүнү

597
(жаңыланган 17:47 30.09.2021)
Финансы технологиясы боюнча мыйзам долбоору кыргызстандыктарга пайда алып келет деген пикирди аны иштеп чыккандар бекем карманып турушат. Бирок Улуттук банктын буга өзүнүн аргументтери бар. Төмөндө аталган теманы кеңири баяндап беребиз.

Кечээ, 29-сентябрда, Жогорку Кеңеш Улуттук банктын төрагасынын отставкасын кабыл алды. Бирок депутаттар аны талкуулап жаткан учурда чуунун башы болгон финансы технологиясы (Финтех) тууралуу мыйзам долбоору боюнча бир топ айтып-дешти. Андан сырткары, Абдыгуловдун өзү да коомду ойлондура турган комментарийин айтты.

Sputnik Кыргызстан мыйзам долбоорун эске салып, бир катар тараптардын пикирин укту.

Финтех деген эмне жана аны иштеп чыккандардын айтканы

Мыйзам долбоору "Улуттук банк, банктар жана банк ишмердүүлүгү" жөнүндөгү мыйзамга өзгөртүү киргизүү жөнүндө" деп аталат, бирок ал "финтех долбоору" деген ат менен көбүрөөк белгилүү болуп калды. Демилгечилер — Саматбек Ибраев жана Бактыбек Турусбеков. Төмөндө негиздеме-маалым каттан кыскартылган маалыматтары беребиз.

Финтех — финансы чөйрөсүндө инновацияларды жана технологияларды колдонгон компаниялардан турган тармак. Максаты — финансылык технологиялардын өнүгүшү үчүн шарттарды түзүү.

Компаниялар алтынды өз кардарларынын салымдарын камсыз кылуу үчүн алары сунушталган. Алар Улуттук банкта сакталат. Бул сактоо тобокелдигин азайтат жана ошону менен бирге эле Улуттук банктын көзөмөл жүргүзүшү үчүн кошумча инструмент берет.

Финтех салттуу банктарга кадыресе эле атаандаш болушу мүмкүн. Коммерциялык банктардын стартаптарга кысым кылуусун алдын алуу үчүн Улуттук банкта финтехке түз корреспонденттик эсептерди ачуу мүмкүндүгү каралып жатат, бул Улуттук банкка көзөмөлдөөнүн кошумча инструментин берет.

Жаӊыдан ачылган банктар үчүн уставдык капиталдын минималдуу өлчөмү азыркы учурда 600 млн. сомду түзөт. Мындай уставдык капитал финтех-стартаптар үчүн талап кылынбайт. Себеби алар жогорку насыялык жана рыноктук тобокелдиктер менен операцияларды жасабайт. Мындай компаниялар үчүн уставдык капиталды банктардын капиталынан 3 пайызга чейин төмөндөтүү сунушталууда.

Аны менен катар эле Ибраев финтех кредиттердин коюмун эки эсе азайтарын айткан.

Улуттук банк буга каршы

Кыргызстандын Улуттук банкы мындай нерсеге каршы экенин айтты. Эгерде кыскача айтсак, төмөнкү жүйөлөрдү келтирди:

  • финтех-компаниялардын алтынын Улуттук банкта сактоо боюнча: дүйнөдөгү бир дагы борбордук банк мындай кызматты көрсөтпөйт. Бул аманат жайлардын кайсы жерде жайгашкандыгы тууралуу сырды ачып салат;
  • Улуттук банкта корреспонденттик эсептерди ачуу боюнча: бул мамлекеттик деңгээлдеги кооптуулукка алып барып такайт. Эгерде кайсы бир алдамчы компаниялардын эсеби табылып калса, Улуттук банктын бардык эсептери камакка алынат (арест коюлат). Демек, бул — Кыргызстандын Улуттук банкы өкмөттүн милдеттенмелери боюнча чет өлкөлүк эсептерде финансы операцияларды өз учурунда жүргүзө албай калат дегендик;
  • финтех-компаниялар үчүн уставдык капиталдын көлөмүн азайтуу (600 миллион сомдон 18 миллион сомго чейин): кайсы бир банктык кызматтарды көрсөткөн компаниялардын тобокелдиги арбыйт. Бирок банкроттукка кабылганда компания кардарларынын алдында өзүнүн милдеттенмелерин аткара албайт;
  • кредиттик коюмдардын эки эсеге азайышы: финансылык технологиялар операциялык чыгымдардын азайышына таасирин тийгизет. Бирок Улуттук банк белгилегендей, финтех-компаниялардын безнес-чечимдери бааланмайын, насыялардын эки эсеге арзандашы тууралуу кеп кылууга такыр мүмкүн эмес. Кредиттердин коюмдары үч компоненттен, аны ичинде тартылган ресурстардан куралат. Насыялардын булактарынын бири — коюму 9-10 пайыз болгон депозиттер. Финансылык технологиялар өзүнөн-өзү эле элдин акчасын тарта албайт жана элге зайымдык каражат катары берилбейт.

Финтех тууралуу Абдыгулов Жогорку Кеңештин кечээки, 29-сентябрдагы, отурумунда да айтып берген.

Председатель Нацбанка КР Толкунбек Абдыгулов на заседании Жогорку Кенеша
© Фото / пресс-служба Жогорку Кенеша
Улуттук банктын экс-төрагасы Толкунбек Абдыгулов
"Бул жерде биринчи кезекте түшүнүктү алмаштырып жатышат. Финансылык технология деген атка жамынып, чынында ага тиешеси жок система түртмөлөнүүдө. Дүйнөнүн бир дагы өлкөсүндө Улуттук банктын сактоочу жайын жеке компания колдонот деген прецедент жок. Экинчиден, Улуттук банк эсеп ачып жеке ишканаларды тейлеши керек деген мыйзам да дүйнөдө жок. Мунун баары Улуттук банк жана өлкө үчүн өтө кооптуу. Себеби жарнамада Улуттук банктын аты аталат. Эл эч нерсени түшүнбөй муну мамлекет жана Улуттук банк жасап жатат деп ойлойт. Мен Кубанычбек Кеңешевич (ал учурда Улуттук банктын башчылыгына талапкер болчу – ред.) мамлекет менен жарандардын кызыкчылыгын коргоп, Улуттук банктын позициясында турат деп ойлойм", — деди Абдыгулов.

Абдыгулов чуулуу финтех долбоорунан улам кеттиби?

Депутаттар Абдыгуловдун өзүнөн жана президенттин ЖКдагы өкүлү Анарбек Калматовдон башкы банктын төрагасы ишинен өз эрки менен кетип жатканын улам-улам сурашты. Абдыгулов өзүнүн каалоосу менен кызматын тапшырганын айтканы менен эл өкүлдөрү кылчактап туруп алышты.

Мирлан Жеенчороев акыркы айда "уятсыз" адамдардын Абдыгуловго асылуусу көп болуп жатканын белгиледи. Ага кошумча, калпычылар буга Жогорку Кеңештин трибунасын пайдаланып жатканын кошумчалады.

Самат Ибраев парламенттешинин айтканына кызаңдады эле, Жеенчороев анын атын атабагандыгын белгилеп, мыйзам долбоордун авторлорунун бирине катуу айтты.

ЖКдагы ал күнкү жыйында Мурадыл Мадеминов да катуу сүйлөп, дароо бир нече ысымды атады.

Депутат ЖК 6 созыва Мурадыл Мадеминов от фракции СДПК на заседании Жогорку Кенеша
ЖК депутаты Мурадыл Мадеминов
"Улуттук банктын тегерегинде депутат Самат Ибраев абдан терс пиар-кампания жүргүздү... Бүгүнкү күндө эртең Кыргызстандын банк тармагында, каржы тармагында "сбой"  болуп кетсе, депутат Ибраев күнөөлүү", — деди Мадеминов.

Белгилей кете турган нерсе, чырлуу мыйзам долбоордун демилгечилеринин бири Бактыбек Турусбеков отставканын себеби тууралуу сурады.

Депутат Жогорку Кенеша Бактыбек Турусбеков на заседании
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
ЖК депутаты Бактыбек Турусбеков
"Тилекке каршы, бул мыйзам долбоору менен сиздин отставка саясатташыппы же атайын аралашып кеттиби, билбейм. Стенограмма үчүн сурап коеюнчу, өз каалооңуз менен кетип жатасызбы?" — деп сурады Турусбеков.

Абдыгулов ага да өзүнүн эрки менен кетип жатканын айтты. Турусбекбеков андан ары "муну жогорулоо (Абдыгуловго Эл аралык валюта фондуна Кыргызстандын атынан кеңешчилик кызматты президент сунуштаган – ред.) деп түшүнсөк болобу" деген собол узатты. Төрага "президенттин кайсы сунушу болбосун, бул сыймык" деп жооп берди.

"Ийгилик каалайм. Аягында финансылык технологиялар боюнча суроо. Стратегиялык жактан бул мыйзам керек да, туурабы? Улуттук банктын айткандарын эске алганда..." деген суроо берилди .

Ага Абдыгулов: "Өзүбүздүн позициябызды бир нече ирет айттык. Бул позицияны Улуттук банк мындан ары да карманып, айтып, коргонот деп ойлойм", — деген жообун берди.

Мыйзам долбоору мындан ары эмне болот?

Экономика жана фискалдык саясат боюнча Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин жетекчисинин орун басары Гүлшат Асылбаева бул мыйзам долбоору карала электигин айтты.

Депутат от фракции Онугуу — Прогресс  Гульшат Асылбаева на заседании Жогорку Кенеша. 12 июня 2020 года
© Фото / пресс-служба Жогорку Кенеша
Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин жетекчисинин орун басары Гүлшат Асылбаева
"Мен расмий айтып коеюн, бул мыйзам долбоору комитетте каралган эмес. Ага башка бир нерселер кошулуп кетип, каралып жатат деген эч кандай кооптонуулар болбошу керек. Улуттук банк менен биздин кесиптештер бир пикирге келе албай калганы өкүнүчтүү... Мыйзам долбоору комитетте каралат", — деди Асылбаева.

Ал арада Жогорку Кеңеш Улуттук банктын төрагалыгына бекитилген Кубанычбек Бөкөнтаев мурдагы жетекчинин позициясында турарын билдирди. Андан депутаттардын бири кийин бирөө-жарым басым жасаса позициясын өзгөртпөөгө эрки жетер-жетпесин сурады.

Председатель Национального банка КР Кубанычбек Боконтаев на заседании Жогорку Кенеша
© Фото / пресс-служба Жогорку Кенеша
Жогорку Кеңеш Улуттук банктын төрагалыгына бекитилген Кубанычбек Бөкөнтаев
"Мен өзгөрүп кеткенде деле мыйзамдын талаптары бар. Ошол талаптарды мурдагы төрага айтып кетти. Мен аны өзгөртө албайм", — деди Бөкөнтаев.

Улуттук банктын жаңы жетекчисинин өмүр баяны менен бул жерден таанышууга болот.

597
Белгилер:
Кыргызстан, Улуттук банк, Толкунбек Абдыгулов, Кубанычбек Бөкөнтаев, мыйзам долбоору
Тема боюнча
Кызматтан бошоюн, айтчу сөзүм бар. Абдыгулов депутат Ибраевге жооп берди
Иран аскерлери маршр учурунда. Архив

Иран менен Түркия согушка даярдыгын көрсөтүүдө: Азербайжандын эмне тиешеси бар?

367
(жаңыланган 11:25 08.10.2021)
Иран менен Түркиянын геосаясий атаандаштыгы Түштүк Кавказ өлкөлөрүн туруксуздаштырып, улуттук кызыкчылык жана коопсуздукка карабастан аларды аскердик тирешке жетелеп бараткандай.

Бул кооптуулук жана көмүр-суутек жаңжалынын Борбор Азия өлкөлөрүнө да чагылышы ыктымал. Аскерий баяндамачы Александр Хроленко аталган эки мамлекеттин кадамдарын талдап көргөн.

Азербайжандын Нахичевань автономиясынын чек арасында 1-октябрда Ирандын Кургактагы күчтөрүнүн "Хайбарды багындыруучулар" масштабдуу машыгуулары башталды. Аскердик окууларга төрт дивизия, Аба-десанттык күчтөрүнүн бригадалары, зооттолгон танк техникасы, артиллерия жана сокку уруучу авиация, орто ыраактыктагы "Хордад-3" абадан коргонуу комплекстери ("Бук" зениттик-ракеталык комплексинин аналогу, айтмакчы, дал ушул курал 2019-жылы америкалык RQ-4 Global Hawk учкучсузун кыйраткан).

Мындай масштабдагы окуулар Иранда 30 жылдан бери алгачкы жолу өтүүдө, анан да Бакуга багытталган. Азербайжан аскердик күч жагынан Ирандан алда канча артта калат, бирок дал ушунда буга "эки мамлекет – бир улут" аттуу түркиялык стратегия кошулду. Баку жана Анкара 5-октябрдан тарта Азербайжандын Иран менен чектешкен аймагында "жооп" иретиндеги биргелешкен машыгууларын өткөрүүдө.

Түркия өз территориясында да чек арачылар тобун бекемдеп, аскердик окуулар өтүп жаткан жерден анча алыс эмес жерде чектешкен мамлекетке 20 чакырым кире ала турган чалгындоочу учкучсуздарын абада дайым кармап турат.

Бир караганда Баку менен Тегерандын мамилесине доо кетишине Карабахты аралап Степанакерт/Ханкенди жана Арменияга мунай өндүрүмдөрүн ташуучу унаалардын өтүшүн чектөө себеп болгондой.

Армениянын Горис жана Капан калааларынын ортосундагы чектешкен жол тилкесинде 9-сентябрда азербайжандык полиция посту пайда болду. Анда ар бир ирандык айдоочудан 100дөн 260 долларга чейин жол салыгы алынат. Тоолуу Карабахка карай бул ирандык күйүүчү май транзиттик системасын Баку мыйзамсыз деп эсептейт. Анткен менен маселе тереңде жатат...

Иран Түштүк Кавказдагы Түркия менен Израилдин аскердик-саясий активдүүлүгүнүн (таасиринин) күч алышы, ошондой эле Бакуга Анкаранын "агалык мамилесинен" катуу чочулайт. Каспий деңизиндеги азербайжан-түркиялык аскердик машыгуулардан тышкары Иран өзүнүн улуттук коопсуздугуна Азербайжандын Израиль менен аскердик кызматташуусу да коркунуч келтирерин белгилейт.

Ал эми жүк жана бензин ташуучу унаалар Азербайжан менен Ирандын чек арасындагы кырдаалдын болуп көрбөгөндөй курчушуна алып келди. Мунун кесепети Армения жана Грузияга да тийиши мүмкүн.

Камылганы бүгүн башта!

Иран – Түркия тиреши ырбап кетүү коркунучу жок эмес. Ирандын Нахичевань автономиясы менен чектешкен жердеги масштабдуу машыгууларына он миңдеген аскер кызматкери, атап айтканда, Ирандын Ислам революциясынын сакчылар корпусунун элиталык дивизиясы, зооттолгон танк дивизиясы, эки пехоталык дивизия, атайын багыттагы аба-десанттык бригадасы катышууда.

Кургактагы күчтөр чабуул коюу операциясына машыгып, буга танк, артиллерия, залптык октун реактивдүү системасы, сокку уруучу авиация, ошондой эле бутасын 700 чакырымдык радиустан кыйрата алчу "Зульфикар" жана "Фатах-313" ракеталык комплекстери катышууда. Иран болжол менен 1 000ге чукул баллистикалык жана канаттуу ракетаны бир залп менен кое бере алат.

Азербайжандын Түркия, Армения, Иран менен чектешкен Нахичевань автономиясында өтүп жаткан Баку менен Анкаранын "Бузулгус бир туугандык-2021" биргелешкен машыгууларына атайын багыттагы күчтөр, мотоаткычтар жана башка бөлүктөр катышууда. Сокку уруучу учак жана тик учактардын колдоосунда чабуул коюучу бөлүктөр да өз багытында машыгууда. Мындай "диалог" дүйнөнүн көп өлкөлөрүн кооптондуруп, Түштүк Кавказда транспорттук коммуникацияны тынч калыптандыруу боюнча россиялык долбоорго залал келтирет. "Хайбарды багындыруучулар" жана "Бузулгус бир туугандык" окуулары катар жүрүп жатканда чек арадагы кымындай чагымчылдык да олуттуу аскердик жаңжалга кептеши мүмкүн.

Азербайжанга "агалык" кылган Түркия (балким, Израиль менен Пакистан да) болушат чыгар, бирок мындай оюндарда Баку от менен ойногондой. Себеби Тегеран Азербайжандын Каспийдеги мунай жана газ инфраструктурасын толугу менен миңдеген ракета жана камикадзе-дрондору менен талкалап, аэропортторун "жаап" коюуга кудурети жетет. Андай согуш бир күндө аякташы ыктымал. Учурда Азербайжандын аскердик духу күч. Ыраак аралыкка ылайыкталган "Хец-3" израилдик абадан коргонуу тутумун сатып алууну пландоодо, анткен менен бул чөлкөмгө туруктуулук алып келбеси анык.

Аргасыз көз карандылык

Түркиянын коргоо министри Хулуси Акар 5-октябрда Телавиде Азербайжан жана Грузиядагы кесиптештери Закир Гасанов жана Жуаншер Бурчуладзе менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн. Анда Хулуси Акар Түркия мындан ары да азербайжан калкы тарапта болорун, "эки мамлекет – бир улут" принцибин карманарын баса белгилеген. "Бир туугандык бригада" долбоору Түркия менен Азербайжандын аскердик күчтөрүнүн ыкчам шайкештигин камсыздоо жана машыгуу, башкарууну пландоону жакшыртуу үчүн башталган.

Хулуси Акар жана Жуаншер Бурчуладзе Түркия менен Грузия да аскердик даярдык жана коргоо өнөр жай жаатында кызматташтыгы бекемдеп келе жаткан стратегиялык өнөктөштөр экенин белгилешкен. Булардан сырткары, Акар үч өлкөнүн географиялык жайгашуусунун маанилүүлүгүнө да көңүлдү бурду. Мунай жана табигый газ өңдүү энергетикалык ресурстарды башка өлкөлөргө, дүйнөнүн бөлөк бөлүктөрүнө жеткирүү жагынан бул абдан чоң мааниге ээ. Түштүк Кавказда ошентип "аскердик бир туугандыктын" олуттуу экономикалык негизи бар. Бирок көмүр-суутектердин күчтүү (стратегиялык) агымы азербайжан (же грузин) армиясынын көз карандысыз ролун жое албайт. Бул кокус Түркия менен Ирандын ортосунда аскердик жаңжал тутанып кетсе, Бакуну (Тбилисини) да ага кошо аралаштырат. Согуштук аракеттерге объективдүү оңтойлуу жагдайлар түзүлүп калды.

Түркия баарынан оболу – Түштүк Кавказдагы НАТОнун авангарды, ошондуктан милитаризация жана туруксуздук күтүлөт. Анан да Азербайжан менен Түркия Нахичеванды Азербайжандын негизги бөлүгү болгон Зангезур коридору менен бириктирүүгө далалат кылат. Бул Түркиядан Кавказ жана Борбор Азияга (Каспий деңизи аркылуу) каалаган нерсени ташууга шарт түзөт.

Улуу Туран долбооруна ар башкача баа берүүгө болот, бирок Тегеран Түштүк Кавказда Анкаранын аскердик-саясий позицияларын чыңдоо аракеттерин таптакыр жактырган жок. Анан калса Израилдин чөлкөмдө улам күч алып бараткан таасирин Ирандын дегеле кыртышы сүйбөйт. SIPRI маалыматына таянсак, Азербайжан куралды 60 пайыз чакты көлөмдө Израилден импорттойт, көлөмү боюнча азербайжандык мунайды импортточулардын экинчи сабында.

Тегерандагылар Баку Иерусалим менен аскердик кызматташтыгын ашкере активдүү өрчүтүүдө деп кине коюуда. Ислам революциясынын сакчыларынын корпусунун жетекчиси Хосейн Пурэсмаилдин мурун эле "Азербайжандын Израиль менен кызматташуусу Бакунун кызыкчылыгына жат, тескерисинче, ага коркунуч туудурат" деп билдиргенин да эске салалы.

Иран менен Азербайжандын алакасы чындап эле бузулганы айкын. Чөлкөмдү катуу силкинте турган кырдаал дагы көпкө созулчудай түрү бар...

Аскерий баяндамачы Александр Хроленконун Telegram каналына жазылыңыздар.

367
Белгилер:
Азербайжан, Түркия, Иран, согуш, даярдык, Азия, Кавказ, саясат, кырдаал
Тема боюнча
Борбор Азия биригүүдө. ШКУнун "Тынчтык миссиясы – 2021" машыгуусунун өзгөчөлүгү
Циркон ракетасын учуруу. Архивдик сүрөт

"Циркондун" Ак деңиздеги ийгилиги. Россиялык гипер үндүү ракетанын өзгөчөлүгү

90
(жаңыланган 10:02 07.10.2021)
"Циркон" канаттуу ракеталык комплекси дүйнөдө биринчилерден болуп саатына 10 миң чакырымга чукул ылдамдыкта миңден ашуун чакырымга созулган гипер үндүү учушту "өздөштүрдү".

Гипер үндүү "Циркон" ракетасы Россияга чындап эгемен жана жеңилгис бойдон калууга өбөлгө болот. Россиялык коргоо-өнөр жай комплекси илимий-техникалык революция жасап, дүйнөдө теңдеши жок комплекс жаратты. Бул кадам аркылуу гипер үндүүлөр жаатында Батыштын табылгаларынан ондогон жылдарга озуп чыкты.

Ак деңизде 4-октябрда суу түбүнө ылайыкталган көп багыттуу "Северодвинск" атомдук крейсери болжол менен 40 метрлик тегеңдиктен гипер үндүү "Циркон" канаттуу ракетасын бир сутка ичинде эки ирет Баренц деңизиндеги шарттуу бутасына карай коё берди. Аскерий серепчи Александр Хроленко ушул окуядан улам аталган ракетанын мүнөздөмөлөрүнө дагы бир ирет токтолду.

Андан мурдараак субмаринанын экипажы суу бетиндеги абалда ок атып сынап көрдү. Сыноолордун мындай түрмөгү – Россиянын Аскер-деңиз флотунун тарыхындагы технологиялык жетишкендик жана маанилүү окуя, көзгө чалдыкпастык, мизи кайтарылгыс жаңы "Циркон" ракеталык комплексинин ынанымдуулугунун айныгыс далили.

Таамайлыгы жана болуп көрбөгөндөй ыкчамдыгы, тагыраагы, алты мүнөттө 1000 чакырымды багындырат. Деңизде да, кургакта да болжолдуу буталарынын кеңири спектрин жок кыла алат. Бортунда "Циркон" ракетасы бар субмарина душмандын көзүнө чалдыкпастан 1000 чакырым аралыктан каалаган бутасын кыйратууга жөндөмдүү.

Россиянын Аскер-деңиз флотуна "Циркондор" келерки жылдан тарта берилет. Август айындагы "Армия-2021" эл аралык аскер-техникалык форумунда РФ Коргоо министрлиги 2025-жылга чейин белгиленген келишим түзгөн. Башка параметрлери ачыкталган жок. "Циркон" комплексинин негизги буюртмачысы – РФ Аскер-деңиз флоту, анткен менен келечекте кургактагы модификациялары түзүлөрү күтүлөт.

Military Watch басылмасы канаттуу ракеталар менен "Ясендин" бир гана бирдиги АКШ Аскер-деңиз флотунун авиа ташуучу тобун эки ирет кыйратууга кудуреттүү экенин жазып чыкты. Америкалык адмирал Чарльз Ричард россиялык гипер үндүү ракеталары кыйла катуу коркунуч туудурат, анткени Кошмо штаттардын абадан жана ракетадан коргонуунун заманбап тутумдары алардын изине байкоо сала албайт.

АКШнын бул тармагынын "Атлантикада суу түбүндөгү россиялык ишмердикке" туруктуу көз салуу үчүн аскердик кемелердин бирикмесин жаратуу аракети аргасыз чара өңдөнөт. Мунун келечеги жок, анткени "Ясень-М" долбоорунун субмариналары абдан дабышсыз, сак жана ыкчам келет. Мурда америкалык моряктар Атлантикалык океанда бир нече апта бою "Северодвинсктин" изин таба алышчу эмес.

Аскердик артыкчылыгы

"Циркон" канаттуу ракеталык комплекси өз кыймылдаткычынын күчү менен атмосферанын тыгыз катмарында бурулуп, дүйнөдө биринчилерден болуп саатына 10 миң чакырымга чукул ылдамдыкта миңден ашуун чакырымга созулган гипер үндүү учушту "өздөштүрдү".

Канаттуу "Циркондор" деңиздеги жана кургактагы буталарды кыйратууга унификацияланган, универсалдык 3С14 кеме комплекстеринен коё берүүгө ылайыкташтырылган. Башкача айтканда жагдайга жараша "Калибр" жана "Оникстин" бири менен пайдаланылат.

Суу бетиндеги ташуучудан коё берүүдө "Циркон" гипер үндүү ракетасынын учуш-конструктордук сыноолору өткөн айдын аягында аяктаган. Орто мөөнөттөгү келечекте "Циркондор" менен 885М долбоорунун тогуз "Ясень-М" көп багыттуу атомдук субмаринасы (сыйымдуулугу – 13800 тонна, 520 метрге чейин тереңдикке сүңгүйт, суу түбүндөгү ылдамдыгы – 31 узел), заманга бапташтырылып жаткан "Иркутск" суу түбүндөгү кайыгы жана "Адмирал Нахимов" ракеталык крейсери куралданат.

"Циркон" ракеталары Россиянын Аскер-деңиз флотун сокку уруу күчү боюнча дүйнөдө алдыңкы сапка чыгарат, ошондуктан "өнөктөштөр" да буга моюн сунгандай абалда. Кошмо штаттардын Куралдуу күчтөрүнүн Стратегиялык командачылыгынын башчысы адмирал Чарльз Ричард гипер үндүү куралдар жаатында Россия Федерациясынын лидерлигин моюнга алды.

The National Interest басылмасы "Северодвинск" өзөктүк жана кадимки вариантта 3М-14К "Калибр" ракеталарынын 32 бирдиги менен куралданганын, алардын аракет радиусу 2500 чакырымдан жогору, ошондой эле "Кошмо Штаттардын негизги аймактарына кооптуулук туудурарын" жазганын белгилей кетели. Эми Дүйнөлүк океанда аларга "Циркон" да ыңгайсыздык жаратууда.

"Ясендер" негизинен бортунда "Трайдент" баллистикалык ракетасынан 24 бирдик (ар биринде кубаттуулугу 475 тоннага чейинки 12 W88 өзөктүк огу бар) ташыган "Огайо" тибиндеги субмариналарды жана НАТОго мүчө өзөктүк өлкөлөрдүн абадан сокку уруучу топторун аскердик күзөт аймагында коштоого багытталган.

Гипер үндүү "Циркондор" эң оболу АКШнын Аскер-деңиз күчтөрүнүн сокку уруучу мүмкүнчүлүктөрүн чектейт. Америка территориясы Россияга карата Пентагон агрессивдүү аракеттерге өткөн учурларда гана жабыр тартып калышы ыктымал. Ал ортодо Россия куралдардын жаңы түрлөрү, соңку үлгүдөгү жана автоматташтырылган чалгындоо, бута көрсөтүү, байланыш жана башкаруу каражаттары бар бешинчи муундагы суу түбүнө ылайыкташкан атомдук флоттун негиздерин түзүүдө.

АКШдагы гипер үндүн көйгөйү

Россиялык "Авангард", "Кинжал", "Циркон" гипер үндүү ракеталары 10дон 20 Махка чейинки ылдамдыкта ынанымдуу түрдө маневрларды жасай алат. Гипер үнгө ыктаган америкалык макеттер жасала баштаганы менен али учурула элек. Rapid Response Weapon жана Hypersonic Air-Air Weapon Concept программаларынын алкагындагы ийгиликсиз сыноолордун түрмөгү акыры Америкага 20-сентябрда гана биринчи ийгилик алып келгендей болду. Сегиз жылдан бери алгач жолу америкалык аппараттын ылдамдыгы гипер үндүн чегине, башкача айтканда 5 Махка жетти. Бирок маневрдүүлүгү жана крейсердик учушунун ыраактыгы көзөмөлдөөчү объективдүү каражаттар менен тастыктала элек.

Америка Кошмо Штаттарынын Коргоо министрлигинин Келечектүү изилдөөчү долбоорлор агенттиги (DARPA) сыноолордун чоо-жайын, ал түгүл учактын – старттык аянтчанын үлгүсүн ачык атаган жок.

DARPA агенттигинин өкүлү жыл аягында дагы сыноолор болорун маалымдады. Чет өлкөлүк эксперттер мындай ийгиликке шек менен карашат. АКШда гипер үндүү ракеталар менен куралдануу азырынча талкууга да алына элек, бирок жок эле дегенде прототиптердин биринин да кынтыксыз көрсөткүчтөргө жетер күнү ыраактай туюлат.

Пентагондун Lockheed Martin Missiles & Fire Control долбоорунун AGM-183A ARRW гипер үндүү аэробаллистикалык ракеталарына дооматтары арбын. AGM-183A бир дагы ирет ийгиликтүү учурула элек.

Кошмо Штаттардын аскер-деңиз күчтөрү келерки каржылык жылга бюджеттен 12 эксперименталдык ракета үчүн 161 млн. доллар сураган. Аскер-аба күчтөр министри Фрэнк Кендалл "прогресстин ыргагына" жана "гипер үндөн бизге эмне?" деген түшүнүк даражасына да нааразы. Натыйжасында Кошмо Штаттар жогорку технологиялык куралдануу жарышында Россия, Кытай жана ал түгүл Түндүк Кореяны да кууп жетүүгө тырышууда. Анткен менен америкалык оптимизмдин чеги жок. Lockheed Martin фирмасы Алабама штатында AGM-183A (ARRW) гипер үндүү аба ракетасын чыгаруу заводун ачууга белсенди.

Мунун өз логикасы бар. Мүчүлүштүктөрү көп F-35 "суперучагы" бортунда уча албаган "гипер үндүү" ракета ташууга, ошондой эле аны АКШнын союздаштары жана өнөктөштөрү да сатып алууга тийиш.

Аскерий баяндамачы Александр Хроленконун Telegram каналына жазылыңыздар.

90
Белгилер:
Циркон, сыноо, Россия, курал-жарак, суу, деңиз, долбоор
Тема боюнча
Украиналык армия – 2021: куралданышы жана даярдыгы
"Армия-2021": 97 өлкө жана Россиянын 7 млрд. долларлык келишимдери
Оюн учурунда бала. Архив

Балага акчаны туура колдонгонду кантип үйрөтсө болот? Адистердин кеңеши

0
Психолог балада кичине кезинен эле акча тууралуу негативдүү түшүнүктөр жаралбаш үчүн каржыга байланыштуу көйгөйлөрдү айта бербеш керек деп эсептейт.

БИШКЕК, 16-окт. — Sputnik. Баланы финансылык жактан сабаттуу болууга кантип үйрөтсө болот? Бул тууралуу РИА Новости агенттигине жеке финансыны башкаруу боюнча адис Наталья Смирнова жана психотерапевт Инна Мальцева айтып берди.

Алгач Смирнова финансылык сабаттуулук тууралуу кыскача түшүндүрмө берди.

"Акчаны туура пайдалануу үчүн аны үнөмдөө жолдорун эмес, туура бөлүштүрүүнү билиш керек. Чыгашаны кирешеден ашырбай, жок эле дегенде үч айлык жашоо-тиричиликке запас акча кармаган кишини финансылык сабаттуулуктун базалык эрежелерин билет деп эсептесек болот. Дагы бир маанилүү нерсе, кредит, ипотека же башка береселерге кеткен акча кирешенин 30 пайызынан ашпашы керек", — деди адис.

Ал эми психолог балага акча жөнүндө негативдүү нерселерди кичине кезинде айтпаш керек деп эсептейт.

"Балага акча тууралуу ар бир куракта ар башкача маалымат берүү керек. Мисалы, жаңы айта баштаганда, акча кантип табыларын түшүндүрсө болот. 4-5-класстарда өздөрүнүн үй-бүлөсүнүн кирешеси канча экенин, анын булактарын билсе ашыкча болбойт. Ал эми жогорку класстарда окуп жүргөндө канча акча жетпей турганын, үйдө акчага байланыштуу кандай көйгөйлөр бар экенин ачык айта бергиле. Бирок кичине кезинен эле "акча жок", "жетпейт" деген негативдүү түшүнүктү калыптандырбагыла", — деди Мальцева.

Ошондой эле ал окуучуга жакшы баа алганы же жардам бергени үчүн акча берүү туура эмес экенин айтат. Адистин пикиринде, балага акча ал жөн гана үй-бүлө мүчөсү экени үчүн берилип жатканын түшүндүрүү керек. Ал эми "жетишкендиктери" үчүн ата-энесинен акча алып көнгөн бала кийин дагы ар бир кылган иши үчүн тегеректегилерден бир нерсе күтүп калат.

0
Белгилер:
бала, акча, финансылык сабаттуулук, ата-эне, психология
Тема боюнча
Атаны балдардын тарбиясына кантип аралаштырса болот? Педагогдун кеңеши