Быйыл кыргыз-тажик чек арасындагы инциденттердин саны эки эсеге жакын көбөйгөн

© ФотоБыйыл Кыргызстан менен чектешкен коңшу мамлекеттердин чек арасында жалпысынан 40 инцидент катталган.
Быйыл Кыргызстан менен чектешкен коңшу мамлекеттердин чек арасында жалпысынан 40 инцидент катталган. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Быйыл Кыргызстан менен чектешкен коңшу мамлекеттердин чек арасында жалпысынан 40 инцидент катталган.

БИШКЕК, 11-дек — Sputnik. Үстүбүздөгү жылдын 11 айында Кыргызстан менен чектешкен Тажикстан, Өзбекстан, Казакстан жана Кытай мамлекеттеринин чек араларында жалпысынан 40 окуя катталган. Бул тууралуу биздин кабарчыга Мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз катчысы Гүлмира Бөрүбаева билдирди.

Анын айтымында, 2014-жылы чек арада алгачкы катталган окуя кыргыз-тажик чек арасында болгон. Бул жерде курал колдонулуп, кыргыз тараптын чек ара кызматынын 7 жана ички иштер органынын бир кызматкери жаракат алган.

"2014-жылы кыргыз-тажик чек арасында былтыркыга салыштырмалуу эки эсе көп окуялар катталды. Былтыр алардын саны 19 болсо, быйыл 32ге жетти. Ошол эле учурда кыргыз-өзбек чек арасында катталган окуялар 2013-жылга салыштырмалуу 3 эсе аз болду. Былтыр 15 окуя катталса, быйыл алардын саны 5ке чейин төмөндөдү", — деди ал.

Архив: Чек ара - Sputnik Кыргызстан
Кыргыз-өзбек чек арасындагы чатактан адам каза болду
Ошондой эле, кыргыз-казак чек арасында — 2, кыргыз-кытай чек арасында 1 окуя катталган. 

Кыргызстан менен Тажикстандын чектешкен аймагы миң чакырымга жакын жана талаштуу 70тен ашык аймак бар. Кыргыз-тажик чек арасындагы алгачкы чатак курал колдонуу менен январь айында катталган. Июль айында да талаш аймактын биринде эки мамлекеттин чек арачылары атышкан. Август айында да бир инцидент катталган.

 


Жаңылыктар түрмөгү
0