Назарбаев шайлоого катышууга макулдугун берди

© Sputnik / Сергей Гунеев / Медиабанкка өтүүНурсултан Назарбаев. Архив
Нурсултан Назарбаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өзүнүн талапкерлигин коюуга макулдугун Нурсултан Назарбаев "Нур Отан" партиясынын жыйынында билдирди. Анын талапкерлигин расмий көрсЙөтүү боюнча жакынкы арада добуш берилет деп күтүлүүдө.

БИШКЕК, 11-мар — Sputnik. Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев мамлекет башчысын мөөнөтүнөн мурда шайлоого катышууга өз макулдугун берди. 

"Мен өз талапкерлигимди көрсөтүү жөнүндө силердин пикириңерге макулмун" — деди ал, шаршембиде "Нур Отан" партиясынын жыйынында сүйлөп жатып. Анын талапкерлигин расмий көрсөтүү боюнча жакынкы арада добуш берилет деп күтүлүүдө.

Казакстанда мөөнүтөн мурда президенттик шайлоо 26-апрелге белгиленип, талапкерлерди көрсөтүү 26-февралда башталган.


Жаңылыктар түрмөгү
0