Өзбекстанда президенттик шайлоо өттү

Өзбекстанда президенттик шайлоо өттү

77
(жаңыланган 14:45 30.03.2015)
Өзбекстандын президентине болгон шайлоо ийгиликтүү болгондугун шайлоо өткөн күнү эле айтышты. Жергиликтүү убакыт боюнча саат 10.00дө шайлоочулардын 36 пайызы добуш берүүгө келгендиги белгилүү болгондон соң, жогорудагыдай билдирүү жарыяланды.

БИШКЕК, 30-мар. — Sputnik. Жекшембиде Өзбекстанда президентти шайлоо боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктары дүйшөмбү күнү түштөн кийин жарыяланат деп билдирет РИА новости борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) башчысы Комилжон Адиловго таянуу менен. 

Өзбекстандын президентине болгон шайлоо ийгиликтүү болгондугун шайлоо өткөн күнү эле айтышты. Жергиликтүү убакыт боюнча саат 10.00дө шайлоочулардын 36 пайызы добуш берүүгө келгендиги белгилүү болгондон соң, жогорудагыдай билдирүү жарыяланды. Ал шайлоо ийгиликтүү болгондугун таануу үчүн жалпы шайлоочулардын 33 пайызы добуш бериши жетиштүү экендигин билдирди. Өзбекстандын президентин төртүнчү жолу шайлоодо добуш берүүгө катышкандарын саны 90,6 пайызды түздү же бардыгы болуп шайлоого 19 миллионго жакын жаран катышты.

"Добуш берүүнүн алдын ала жыйынтыктары дүйшөмбүдө түштөн кийин белгилүү болот", — деди Адилов.

Россиянын борбордук шайлоо комитетинин башчысы, РФтин байкоочулар тобун жетектеп барган Владимир Чуров белгилегендей, Өзбекстандагы президенттик шайлоодо олуттуу мыйзам бузуулар болгон жок. 

"Шайлочуларга эч ким кысым көрсөткөн жок, добуш берүү эркин өттү. Сырттан кийлигишүүлөр болгон жок", — деп белгиледи Чуров.

Мамлекет башчылыгына талапкер деп БШК азыркы өзбек лидери Ислам Каримовду, депутат Акмаль Саидовду, ӨЭДП БКнын төрагасы Хатамжон Кетмоновду жана "Адолаттын" аткаруу комитетинин төрагасы Наримон Умаровду тааныган.

77
Белгилер:
шайлоо, Наримон Умаров, Хатамжон Кетмонов, Акмаль Саидов, Ислам Каримов, Владимир Чуров, Комилжон Адилов, Өзбекстан

Өзбекстандагы футболдук беттеш массалык мушташ менен аяктады. Видео

311
(жаңыланган 09:54 02.12.2020)
Беттеш бүткөндөн кийин жеңилген команданын футболчусу калысты бир тепкен. Бул чыр заматта ырбап, мушташка көрүүчүлөр да кошулуп кеткени айтылды.

Өзбекстандын экинчи дивизионундагы ферганалык "Нефтчи" жана жайсаңдык "Турон" командаларынын футболдук беттеши массалык мушташ менен коштолду. Бул тууралуу Р-Спорт жазды.

Беттеште "Турон" 1:0 эсебинде утуп, өлкөнүн жогорку лигасына жолдомо алган. Оюндун соңунда жеңилген "Нефтчи" командасынын бир футболчусу белгисиз себептерден улам калысты көкүрөккө тепкен. Бул чыр заматта ырбап, көрүүчүлөр да оюн талаасына чыгып, мушташ массалык түргө айланган.

Бул окуя боюнча "Нефтчи" командасы да, Өзбекстандын футбол ассоциациясы да азырынча эч кандай билдирүү тарата электиги белгиленет.

311
Белгилер:
мушташ, футбол, Өзбекстан
Тема боюнча
Көтөрүп чапты. Валерий Кичиндин оюн учурунда мушташа кеткен видеосу
Тепкен тобу улам дарбазанын кырына тийип... Айласы кеткен футболчунун видеосу
Кийим сатылган дүкөндүн терезесиндеги манекен. Архив

Казакстандык бодибилдер акыры секс куурчагы менен баш кошту. Сүрөт, видео

383
Нур-Султан шаарында жашаган спортчу көптөн бери Марго аттуу куурчак менен кыз-жигит болуп жүргөнүн айтып, былтыр колун сураган.

БИШКЕК, 2-дек. — Sputnik. Казакстандык режиссёр жана бодибилдер Юрий Толочко бир жарым жылдан бери чогуу "жашап" жүргөн Марго аттуу секс куурчагы менен баш кошту. Бул тууралуу ал Instagram баракчасы аркылуу билдирди.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от OddJack / Юрий Толочко (@yurii_tolochko)

Той ресторанда өткөн. Үйлөнө турчу жигит кадимкидей эле костюм-шым, колукту ак көйнөк кийген. Жаштарды куттуктаганы ондогон киши келгенин байкоого болот. Юрий "кыздын" колуна шакек салып, жайыраак бий аткарышкан.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от OddJack / Юрий Толочко (@yurii_tolochko)

Белгилей кетсек, Нур-Султан шаарында жашаган бул адам көптөн бери Марго аттуу куурчак менен кыз-жигит болуп жүргөнүн айтып, былтыр анын колун сураган. Үйлөнүү тоюн бир нече жолу пландап, бирок пандемияга байланыштуу жылдырган болчу.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от OddJack / Юрий Толочко (@yurii_tolochko)

Өзүнүн айтымында, биринчиден, ал мындай жол менен өзүн жаңы ролдо сынап көргүсү келген. Экинчиден, коомдун кандай кабыл аларына кызыккан.

383
Белгилер:
курчак, бодибилдер, үйлөнүү, секс, Казакстан
Тема боюнча
"Шайтанды кубалайбыз". Индияда бир жаштагы бөбөк менен итти үйлөнткөн окуя
Секс-куурчактын кооптондуруучу жагдайлары айтылды

Каракчылыкка шектүүнү Бишкекте спецназ кармады. Видео

0
(жаңыланган 23:09 02.12.2020)
Жабырлануучу аялдын айтымында, белгисиз адамдар үйгө кирип келип андагыларды ур-тепкиге алган. Ал эми жолдошун байлап салып, ири суммадагы акчаны алып кетишкен.

Бишкекте Криминалдык милициянын кызматкерлери спецназ жоокерлери менен биргеликте мыкаачылык менен кол салууга шектелген жаранды кармашты.

Кармоо учурундагы видеону Бишкек ШИИБинин маалымат кызматы жарыялады.

Маалыматка караганда, 8-октябрь күнү "Жер ынтымагы" конушундагы үйлөрдүн бири каракталган. Жабырлануучу аялдын айтымында, белгисиз адамдар үйгө кирип келип андагыларды ур-тепкиге алган. Ал эми жолдошун байлап салып, 5 500 доллар, 150 миң сом жана 60 миң сомдук алтын буюмдарды уурдап кетишкен.

Жазык кодексинин 202-беренесине (“Каракчылык”) ылайык сотко чейинки өндүрүш башталган.

Жыйынтыгында 32 жаштагы шектүү кармалып, убактылуу кармоо жайына киргизилди.

0
Белгилер:
шектүү, каракчылык, милиция, Бишкек
Тема боюнча
Уюшкан кылмыштуу топтун эки мүчөсүн кармаган видео жарыяланды