Америкалык бейөкмөт уюм Умар Фаруктун КРден чыгарылышын сынга алды

© Sputnik / Виталий Белоусов / Медиабанкка өтүүАмерикалык бейөкмөт уюм Умар Фаруктун КРден чыгарылышын сынга алды
Америкалык бейөкмөт уюм Умар Фаруктун КРден чыгарылышын сынга алды - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Уюмдун Европа менен Борбор Азиядагы программаларынын координатору Нина Огнианованын айтымында, кармалган журналист диний экстремисттердин табиятын иликтеп жана анын жүрүшүндө коррупциялык көрүнүштөргө каршы күрөшүүчү жергиликтүү бейөкмөт уюмдарынын өкүлдөрү менен жолугушуп жүргөн.

БИШКЕК, 31-мар. — Sputnik. "Журналисттерди коргоо комитети" (CPJ) бейкмөт уюму америкалык журналисттин Кыргызстандан чыгарып жиберилишин сынга алды деп билдирет РИА Новости.

Прохожий у ворот Государственного комитета национальной безопасности Кыргызстана. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
УКМК: АКШ жараны Умар Фарук Кыргызстандан чыгарылды
КРдин атайын кызматтары Умар Фарукту 25-мартта Ош шаарында кармашкан. Аны тинтүү учурунда диний-экстремисттик жана террористтик мүнөздөгү, жихадга жана улуттар аралык келишпестикке үгүттөөчү видеоматериалдар жазылган DVD-дисктер, ошондой эле "Хизб ут-Тахрир" диний экстремисттик уюмунун жакында кармалган лидерине жана террористтик топтордун айрым мүчөлөрүнө каршы козголгон кылмыш иштери боюнча документтердин көчүрмөлөрү табылган.

Ош шаардык сотунун чечими менен америкалык жаран Кыргызстандын аймагынан чыгарылган. Бирок, АКШнын бейөкмөт уюуму жана анын Европа менен Борбор Азиядагы программаларынын координатору Нина Огнианова өлкөдөн чыгарып жиберилген жаран журналисттик иштерин аткарып жаткан болчу деп билдирди.

"АКШнын жаранын кармап өлкөдөн чыгарып жиберүү расмий Бишкек эркин журналисттерге карата жаман мамиле кыла тургандыгын көрсөтөт. Биз КРди коркутууларды токтотуп, ЖМК кызматкерлерине өз иш-аракеттерин эч коркунучсуз жана кесепетсиз жүргүзүүгө мүмкүндүк берүүгө чакырабыз", — деди Огнианова.

Анын айтымында, журналист диний экстремисттердин табиятын иликтеп жана анын жүрүшүндө коррупциялык көрүнүштөргө каршы күрөшүүчү жергиликтүү бейөкмөт уюмдарынын өкүлдөрү менен жолугушуп жүргөн.

Уюмдун жабдуулары менен материалдарын күч органдары алып кеткендигин белгиледи Огнианова.

Америкалык жаран мурда Los Angeles Times басылмасы, IRIN жана Daily Beast жаңылык агенттиктери менен иштеген деп билдиришти бейөкмөт уюмунан.

Жаңылыктар түрмөгү
0