БИШКЕК, 10-июнь — Sputnik. Чымкенттеги (Казакстан) төрөт үйүнүн эки кызматкери ымыркайларды сатууга катыштыгы бар деп шектелип жаткандыгы тууралуу РИА Новости облустук прокуратура башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Болат Жуматаевге таянуу менен.
2013-2014-жылдары кылмыш жолу менен балдар сатылып кеткендиги боюнча 10 факты аныкталгандыгы кабарланат.
"Сот бөбөктөрдү сатууга катыштыгы бар деп шектелген Чымкенттеги төрөт үйдүн эки кызматкерин камакка алуу жөнүндө чечим чыгарды", — деген Жуматаевдин сөзүн келтирет РИА Новости.
Прокуратура кызматкери камакка алынгандардын айтылган кылмыштын канчасына тиешеси бар экендигин тергөө аныктаганга аракет кылып жаткандыгын билдирди.
Чымкенттин прокуратурасынын маалымат катчысы Тамара Утелбекованын билдирүүсүндө, балдар өз энелери баш тарткандан кийин сатылган.
БИШКЕК, 16-янв. — Sputnik. Казакстанда акыркы 24 саат ичинде коронавирустан 12 адам көз жумду. Бул тууралуу Sputnik Казакстан агенттиги жазды.
Өткөн суткада коңшу өлкөдө бир миңден ашуун адамдан коронавирус жана пневмония аныкталган. Ушу тапта ооруканада коронавирустан 12 284 киши, пневмониядан 11 781 дарыланууда. Ал эми мурдагы суткада илдеттерден жети адам каза болгон.
Жалпысынан Казакстанда COVID-19га кабылгандардын саны бүгүн 213 855 кишиге жетти.Өлкөдө абал жакшырбай жаткандыктан, Саламаттык сактоо министрлиги борбор калаа Нур-Султан шаарын кызыл зонага киргизди. Эми эрежеге ылайык, бул аймакка кайрадан бир катар чектөөлөр жарыяланмакчы. Азыр Нур-Султан менен кошо эң кооптуу аймактарга Акмоло жана Костанай облустары кирет.
БИШКЕК, 15-янв. — Sputnik. Казакстандын премьер-министри болуп кайрадан Аскар Мамин дайындалды. Бул тууралуу Sputnik Казакстан жазды.
Президент Касым-Жомарт Токаев Маминди өкмөт башчылыкка дайындоо боюнча жарлыкка кол койду.
Коңшу өлкөнүн мыйзамына ылайык, парламенттик шайлоодон кийин министрлер кабинети отставкага кеткен. Казакстандыктар 10-январь күнү жаңы депутаттарды шайлашкан. Анын жыйынтыгы менен Nur Otan, "Ак Жол" жана Казакстан Элдик партиясы жеңүүчү болгон.
Добуш бербей койгон депутаттардын бардыгы "Ак Жол" менен Казакстан Элдик партиясы болду. Маминди Nur Otan партиясынын 78 өкүлү колдоп берген. Мажилисте ушул үч партиянын гана депутаттары бар.
Казакстандын биринчи президенти Нурсултан Назарбаев буга чейин Nur Otan фракциясындагы партиялаштарына кайрылып, эгер мамлекет башчысы талапкерлигин сунуштаса, Маминди колдоп коюуга чакырган.
Аскар Мамин 2019-жылдын февраль айында Казакстандын премьер-министри болуп дайындалган.
БИШКЕК, 17-янв. — Sputnik. Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Оштун Кара-Суу районундагы шприц чыгаруучу ишкана менен таанышканын мекеменин маалымат кызматы кабарлады.
Белгилей кетсек, соңку күндөрү министр түштүк жергесинде иш сапары менен жүрөт.
Жеке ишкер Канатбек Кадыров ишкана 5 жана 10 граммдык шприцтер менен инсулин алганга ылайыкталган шприцтерди чыгарарын айткан.
"Мурда шприцтер менен түштүк аймагын гана камсыздасак, жакынкы убакыттарда республиканы камсыз кылганга жетиштик. Эми медициналык кол каптарды дагы чыгаралы деп турабыз", — деген ишкер.
Министр мындай кадамдар өлкө үчүн жеңилдик экенин айтып, ишкана жетекчисине ыраазычылыгын билдирген.