Казакстандын премьер-министри Ысык-Көлгө келет

© Sputnik / Екатерина Штукина / Медиабанкка өтүүКазахстандын премьер-министри Карим Масимов. Архив
Казахстандын премьер-министри  Карим Масимов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Темир Сариев менен Карим Масимов Чолпон-Ата шаарында кыргыз-казак өкмөт аралык кызматташтыгын актуалдуу маселелерин талкуулайт.

БИШКЕК, 18-июль — Sputnik. Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында Кыргызстандын премьер-министри Темир Сариев Казакстандын премьер-министри Карим Масимов менен жолугуп, кыргыз-казак өкмөт аралык кызматташтыгын актуалдуу маселелерин талкуулай турганын өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Жолугушууга чейин Темир Сариев Чүй жана Ысык-Көл облустарын эки күндүк иш сапардын алкагында кыдырат. Ал Кемин районундагы Талды-Булак-Сол-Жээк кениндеги "Алтын-Кен" ишканасынын учурдагы абалы жана "Кемин" подстанциясынын курулушу менен таанышат. Ошондой эле, Чолпон-Ата шаарында бир катар социалдык обьекттердин абалы менен таанышып, шаарды өнүктүрүү планын талкууламакчы.

Жаңылыктар түрмөгү
0