Тажикстан "Ислам мамлекетинин" согушчандары пландаган ири терактыларды болтурган жок

© AFP / TAUSEEF MUSTAFA"Ислам мамлекетинин" желегин кармаган демонстранттар. Архив
Ислам мамлекетинин желегин кармаган демонстранттар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Ислам мамлекетинин" согушчандары Тажикстандын төрт аймагындагы ички иштер органдарынын 12 бөлүмүндө теракт уюштурууну пландаган деп билдирет Тажик Республикасынын ички иштер министри.

БИШКЕК, 24-июль — Sputnik. Респубилканын эки шаарында жана эки районунда террористтик аракеттерди уюштурууну пландаган деген шек менен Душанбенин 25 жашар тургуну Бобожон Ражабал кармалып, ал өзүнүн өнөктөштөрү жана пландалган терактылар жөнүндө айтып бергенин Тажикстандын Биринчи каналы кабарлайт.

Тергөө аныктагандай, диверсанттар Орозо айынын акыркы он күнүндө республиканын ар кайсы жерлеринде теракт уюштурууну пландашкан. 

Белгиленген күндөрү милициянын 10 чакты бөлүмүн жардыруу үчүн 100 кислороддуу баллон даярдалганы аныкталган. 

"Бир күндө Куляб шаарында үч жардыруу, Душанбеде, Файзабадда жана Гармада да үчтөн жардыруу уюшуруу пландалган", — деп айтып берген колго түшүрүлгөн Ражабали сурак учурунда.

Ражабали кол салуулар кандай пландалганын да толук саймедиреген. Анын сөзүнө караганда, унааларга бештен баллон салып айдап барып, аталган шаарлар менен райондордун ички иштер бөлүмдөрү жайгашкан имараттарынын алдында жардырышмак. Жардыруулар көбүрөөк кыйратууга алып келиши үчүн мыктарды, дат баскан металлдын майда бөлүктөрү пайдаланылышы керек болчу. 

Тажикстан ИИМдин ОМОН командачысы Сирияга качып кетишинин себептерин териштирүүдө
Ыкчам тергөө иштеринин жүрүшүндө жардыруучу заттар, 10 кислород баллону, мыктар жана башка металл буюмдар табылганы теле берүүдө айтылат.

ИИМ Душанбеге жакын аймактын тургуну 39 жашар Рудаки Садриддин Ражабов да кармалганын кабарлайт. Тергөө маалыматына караганда, ал Ражабалинин түздөн-түз жардамчысы болгон.

Азыр колго түшүрүлгөндөрдүн экөө тең камакта. 

Расмий маалыматтар боюнча Тажикстандын чегинен сырткары түрдүү куралдуу кагылышууларда республиканын 400 ашык жараны катышып жүрөт. Андан сырткары аскерийлердин арасында да булардын катарына өткөндөр бар. Тажикстан ИИМдин полковниги Гулмурод Халимов "Ислам мамлекетинин" согушчандарынын катарына кошулуп, Сирияга кеткенин өзү расмий кабарлаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0