Панкратов ЕАЭБ чек араларын ачууда Казакстан менен болгон тоскоолдуктар тууралуу айтты

Жазылуу
Кыргызстан чек арадагы бажы өткөрүү пункттарынын инфраструктурасын ЕАЭБдин талаптарына шайкеш келтирип, мамлекеттин уюмга кошулуусу жөнүндө макулдашуу Казакстандын президенти тарабынан ратификацияланышын күтүшү керек, деди экономика министри.

БИШКЕК, 24-июль — Sputnik. Казакстан менен чек ара пункттарын ачууда бир катар көйгөйлөр бар экенин Кыргызстандын өкмөтүнүн жыйынында экономика министри Олег Панкратов билдирди. 

Анын айтымында, Кыргызстандын ЕАЭБге кошулуусу боюнча мыйзамдык процедуралар аягына чыгып келе жатат. Макулдашуу күчүнө кириши үчүн ага Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаевдин кол коюшу гана калды. Бирок мында бир топ маселелер жаралууда.

"Кыргызстан чек арадагы бажы өткөрүү пункттарынын инфраструктурасын ЕАЭБдин талаптарына шайкеш келтириши керек. Россия-кыргыз инвестициялык фондун ишин активдештирүү зарыл. Мындан тышкары, Кыргызстан ЕАЭБ мамлекеттеринин ветеринардык жана фитосанитардык талаптарын толук аткарышы керек", — деди министр.

Панкратов Кыргызстандын ЕАЭБге кошулуусуна байланышкан тобокелчиликтерге ыкчам аракет көрүү керектигин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0