Атамбаев Казакстандын дүйнөлүк соода уюмуна кириши менен Назарбаевди куттуктады

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевАтамбаев Казакстандын дүйнөлүк соода уюмуна кириши менен Назарбаевди куттуктады
Атамбаев Казакстандын дүйнөлүк соода уюмуна кириши менен Назарбаевди куттуктады - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Шейшемби күнү Назарбаев Казакстандын Дүйнөлүк соода уюмуна мүчө болуп кириши үчүн тийиштүү документтерге кол койду. Иш-чара Женевада өттү.

БИШКЕК, 31-июль — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев Казакстандын өлкө башчысы Нурсултан Назарбаевди мамлекеттин Дүйнөлүк соода уюмуна (ДСУ) мүчө болушу менен куттуктаганын президенттин маалымат кызматы кабарлайт.

2022-жылы кышкы Олимпиада оюндары Пекинде өтөт
Шейшемби күнү Назарбаев Казакстандын Дүйнөлүк соода уюмуна мүчө болуп кириши үчүн тийиштүү документтерге кол койду. Иш-чара Женевада өттү.

Атамбаевдин куттуктоо телеграммасында бул Казакстан үчүн маанилүү окуя экенин айтып, мамлекет бул максатка карай өз кызыкчылыгын коргоо менен 20 жылдын аралыгындагы сүйлөшүүлөрдүн аркасында жетишкенин белгилейт.

"Натыйжада, Казакстан ыңгайлуу шартта глобалдуу соода системасына кирүүгө мүмкүнчүлүк алды. Мамлекет ДСУ менен ЕАЭБдин талаптарын сыйыштыра алды. Бул өз кезегинде Казакстан экономикасынын мындан аркы туруктуу өнүгүшү үчүн чоң мааниге ээ", — деп айтылат өлкө башчысынын куттуктоосунда.

Атамбаев Казакстандын ДСУга мүчөлүгү эки мамлекеттин стратегиялык өнөктөштүгүн жана бир туугандык мамилелерин бекемдөөгө өбөлгө болорун кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0