"Ак-Жол" текшерип-өткөрүү жайы ЕАЭБдин чек арасы ачылып жаткандыктан жабылат

© Фото"Ак-Жол" көзөмөл өткөрүү жайы ЕАЭБдин чек арасы ачылып жаткандыктан жабылат
Ак-Жол көзөмөл өткөрүү жайы ЕАЭБдин чек арасы ачылып жаткандыктан жабылат - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
12-августта Кыргызстан менен Казакстандын президенттери өлкөнүн ЕАЭБ менен болгон чек арасынын салтанаттуу ачылышына катышары күтүлүп жатат.

БИШКЕК, 8-авг. — Sputnik. Кыргыз-казак чек арасындагы "Ак-Жол" текшерип-өткөрүү жайы 12-августта саат 08:00дөн 13:00гө чейин жабылат. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматы билдирди.

Мындай аракеттер Кыргызстандын ЕАЭБ менен болгон чек араларынын ачылышына байланыштуу болууда.

12-августта Кыргызстан менен Казакстандын президенттери өлкөнүн ЕАЭБ менен болгон чек арасынын салтанаттуу ачылышына катышары күтүлүп жатат.

Мамлекеттик чек ара кызматынын билдирүүсүнө ылайык, жарандар кыргыз-казак чек арасынан "Актилек", "Чалдыбар", "Токмок" жана "Кең-Булуң" көзөмөл өткөрүү жайлары аркылуу өтө алышат.

 

  • Эл аралык "Актилек" көзөмөл өткөрүү жайы Ысык-Ата районуда Чу суу каналынын түштүк жээгинде (Хун-Чи айылынын түндүк тарабында көпүрөнүн жанында) жайгашкан.
  • "Чалдыбар" көзөмөл өткөрүү жайы Чуй облусунун Ысык-Ата районунда Чалдыбар айылынын батыш тарабында (Бишкек – Тараз жолунда 98 км.) жайгашкан.
  • Эки тараптуу "Токмок" көзөмөл өткөрүү жайы Чүй облусунун Чүй районунда (Бишкек-Кемин жолунун 63 км.) жайгашкан.
  • Эки тараптуу "Кең-Булуң" көзөмөл өткөрүү жайы Чүй облусунун Ыссык-Ата районунда (көпүрөнүн жанында, Кен-Булуң айылынын түндүк тарабында) жайгашкан.

 

Жаңылыктар түрмөгү
0