Казакстанда реанимацияда жаткан КР жарандарын алып келүү маселеси каралууда

© Игорь Зарембо / Медиабанкка өтүүТез жардам автоунаасы. Архив
Тез жардам автоунаасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Казакстандын Жамбыл облусунун Моюнкум районунда Алматы — Екатеринбург кан жолунда автобус менен жеңил автоунаа кагышып, Кыргызстандын төрт жараны каза болуп, үч жаран оор жаракат алган.

БИШКЕК, 11-авг. — Sputnik. Казакстандын Жамбыл облусунда жол кырсыгынан жабыркап, Приозерск шаарындагы оорукананын жандандыруу бөлүмүндө жаткан КР жарандарын алып келүү боюнча аракеттер көрүлүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Казакстанда каза болгон кыргызстандыктардын сөөгү алынып келди
Казакстандын Жамбыл облусунун Моюнкум районунда 7-августта таңкы саат 06:40 чамасында Алматы — Екатеринбург кан жолунун 405-чакырымында автобус менен жеңил автоунаа кагышып, Кыргызстандын төрт жараны каза болуп, үч жаран оор абалда Приозерск шаарындагы оорукананын жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган. 

Учурда ӨКМге жаракат алган кишилердин туугандары да кайрылып жатканын маалымат кызматы кошумчалады.

"Приозерск шаарындагы оорукананын реанимация бөлүмүндө жаткан үч адамды алып келүү үчүн туугандары менен бирге иш-чаралар жүрүзүлүп жатат", — деп айтылат билдирүүдө.

Каза болгон төрт жарандын сөөгү мекенине алынып келди. 

Жаңылыктар түрмөгү
0