Кыргыз-казак чек арасындагы транспорт көзөмөлү ЕАЭБдин тышкы чек араларына жылды

© Sputnik / Табылды Кадырбеков"Ак-Жол" чек ара текшерүү пункту. Архив
Ак-Жол чек ара текшерүү пункту. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандын Евразиялык экономикалык биримдикке толук мүчө болушу менен, жүк ташуучулар ЕАЭБге мүчө мамлекеттер ортосунда тоскоолдуксуз жүрө алышат.

БИШКЕК, 14-авг. — Sputnik. Кыргызстандын ЕАЭБге толук кириши менен, кыргыз-казак чек арасындагы транспорт көзөмөлү ЕАЭБдин тышкы чек араларына жылды. Бул тууралуу Экономика министрлиги билдирет.

12-августтан тарта Кыргызстан Евразиялык экономикалык биримдикке толук мүчө болуп кирди. Кыргыз-казак чек арасындагы бажы көзөмөлдөрүн алуу боюнча салтанаттуу иш-чарага эки өлкөнүн президенттери Алмазбек Атамбаев менен Нурсултан Назарбаев телекөпүрө аркылуу күбө болду.

Ак-Жол көзөмөл-өткөрүү пункту. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргыз-казак чек арасында эки түр гана текшерүү болот
Транспорт министрлиги тарабынан кыргыз-казак чек арасындагы автоунаа жана жүк ташыган машиналарды көзөмөлдөөчү пунктарды ички стационардык постторго жылдыруу боюнча буйрук чыккан. 

Транспорттук көзөмөлдөө пунктарынын инспекторлору Кыргызстандын аймагындагы ички постторго өтүүгө даяр.

Кыргызстандын Евразиялык экономикалык биримдикке толук мүчө болушу менен, жүк ташуучулар ЕАЭБге мүчө мамлекеттер ортосунда тоскоолдуксуз жүрө алышат.

ЕАЭБ — 2015-жылдын 1-январынан тарта евразиялык интеграциянын алкагындагы Россия, Казакстан жана Белоруссия кирген Бажы Биримдигинин негизинде түзүлгөн экономикалык биримдик. Ошондой эле, жыл башында аталган биримдикке Армения да мүчө болуп кирген. Эми ЕАЭБге Кыргызстан дагы толук мүчө болду.

Жаңылыктар түрмөгү
0