Sputnik өзбек тилинде да жаңылыктарды таратат

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүТүштүк экономикалык форум. Биринчи күн
Түштүк экономикалык форум. Биринчи күн - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эл аралык Sputnik агенттиги эми жаңылыктарды өзбек тилинде таратат. Жаңы портал sputniknews-uz.com, oz.sputniknews-uz.com жана ru.sputniknews-uz.com даректери аркылуу жеткиликтүү.

БИШКЕК, 7-сен. — Sputnik. Мультимедиалык Sputnik агенттиги өзүнүн Sputnik Өзбекстан маалымат порталын ишке киргизди. 

Спутниктин логотиби. Архив - Sputnik Кыргызстан
Sputnik армян тилинде чыга баштады
Жаңы портал sputniknews-uz.com, oz.sputniknews-uz.com жана ru.sputniknews-uz.com даректери аркылуу жеткиликтүү. Sputnik Өзбекстан маалымат порталы дүйнөдө болуп жаткан актуалдуу жаңылыктарды, окуяларды маалында, бардык тараптан чагылдырат. 

Көп кырдуу дүйнөнү сүрөттөп берүү менен Sputnik сайттары түрдүү пикирлерди салыштырып кароого кызыккан аудиторияга эсептелген. Өзбек тилиндеги портал англис, француз, серб, португал, араб, хинди, поляк, италия, чех, вьетнам, япон, корея, фарси, урду, дари, пушту, курд, швед, норвеж, дания, немис, испан, кытай, түрк, кыргыз, грузин жана абхаз тилдеринде иштеп жаткан Sputnik маалымат ресурстарын толуктайт.

Sputnik (sputniknews.com) — ондогон өлкөлөрдөгү мультимедиалык хабдарга ээ маалымат агенттиги жана радио. Sputnik өзүнө сайттары, аналогдук жана санариптик радио берүүлөрдү, уюлдук тиркемелери жана социалдык түйүндөрдө беттерди камтыйт.

Жаңылыктар түрмөгү
0