Душанбеде атышуудан кийин аман калган милиционер: бардык баатырлар курман болду…

Жазылуу
Саёд Рахимов – Тажикстандын ИИМдин Өзгөчө максаттагы милиция курамынын снайпери. Ал Душанбенин аэропортунун бурулушундагы атышууда жалгыз аман калган офицер. Азыр Тажикстандын Улуттук медициналык борборунун реанимациялык бөлүмүндө дарыланып жатат.

Жарадар болгон офицер үчүн ошол түндү эскерүү жана айтып берүү өтө кыйын. Анын сөзүнө караганда, 4-сентябрга караган түнү шашылыш аскердик чакырык жарыяланып, Вахдатта куралдуу окуя болгону кабарланган. 

Ал ошол түнү Вахдат шаарында эмне болгону туурасында Sputnik кабарчысы менен бөлүштү.

Эксперт:Тажикстандагы туруктуулук бардык Евразия мамлекеттери үчүн маанилүү
"Биз камынып чыгып, аэропорттун бурулушунда башка балдарды күтүп жаттык, — дейт Рахимов. — Бизге бир милиционер келип, жолдун боюнда автоматчан эки адам турганын айтты. Экөө эле болсо, оңой эле "алып коюп" андан ары кетебиз деп ойлодук. Биз аларды көздөй чыкканда, ок чыгарышты. Атыша кеттик. 15 мүнөт тынбай атышууда башыбызга ок жамгырдай жаады. Машинада калган биздин кишилер ошол эле жерден өлүп, жарадар болгон айдоочу дароо кетип калды. Эгер ал ошол жерде тура бергенде өзү да өлүп, машинеге ок тийип жарылса, карапайым эл да жабыркамак".

Рахимовдун айтымында, топ жакшы даярдыктан өткөн жана операция алдын ала пландалган.

"Үйдүн үстүндө снайперлер жайгашкан экен, — деп эскерет ал. — Үйдүн оозунан болсо пулемет менен атышты. Алар баарына даяр турганы көрүндү. Дээрлик эч кимиси жабыркаган жок. Мен бирөөнү жарадар кылып, аны кийин кармашты".

"Биздин командир Дмитрий Буриевди кантип өлтүрүшкөнү эсимде. Ал кишинин жүзү (өлтүргөн кишинин — ред.) менин көз алдымдан кетпей турат, мен үчүн бул бир азап. Анын ким жана кайдан экенин билем, — дейт офицер. — Кесиптешим Алишер жыгылганда, ага жардам берейин деп бардым. Дал ошол мезгилде снайпер мени атты. Ок көкүрөгүмдүн сол жагынан кирип, оң жак колтугумдун алдынан чыгып кетиптир".

Путин Тажикстандагы абалды дестабилизациялоо аракети катары баалады
Алишер Саёд сыяктуу эле 25 жашта болчу. Ал милиционерлерге кол салган топ азыр жашырынып жаткан Рамит шаарынан эле.

Кабарчылар ооруканада экенде Саёдго курман болгон Алишердин бир туугандары келип, көз жаштарын жашыра алышкан жок. 

Саёд өзү Дангарадан, Тажикстандын ИИМдин Өзгөчө максаттагы милиция курамында кызмат өтөгөнүнө бир нече ай болуптур. Тажик улуттук университетинин юридикалык факультетин бүтүргөн, үч баланын атасы.

Анын атасы да күч түзүмдөрүндө иштеген, милициянын подполковниги жана аскер бөлүктөрүнүн биринде батальондун командири болгон.

Рахимов аэропорттун бурулушунда тандыр нан бышырчу жайда Назарзода өз жактоочуларына таратайын деген көп сандагы куралдарды сактаган деп болжойт. Атайын максаттагы милиция кызматкерлери анын бул оюн ишке ашырууга мүмкүндүк беришкен жок. Ошентсе да, офицер өзүн баатырмын деп эсептебейт.

"Баатырлардын баары курман болду", — дейт ал.

Рахимовдун абалы туруктуу, анын дарылануусун республиканын ички иштер министри жеке көзөмөлүнө алган.

Душанбе шаары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Душанбеде кол салууда ИИМ менен Коргоо министринин 33 кызматкери окко учту
4-сентябрда таңга маал Вахдаттын Ички иштер бөлүмүнө кол салынып, ошол эле күнү Душанбеде Коргоо министрлигинин Борбордук аппаратынан ири көлөмдөгү курал уурдалып, ИИМ муну да куралдуу кол салуу деп атаган. Ошол эле убакта аэропорттун бурулушунда куралдуу күчтөр менен милициянын ок атышуусу болгон. 

ИИМ ал күнү кол салуунун натыйжасында милициянын сегиз кызматкери жана үч согушкер каза болгонун кабарлаган.

Кийинчерээк ошол эле министрлик кол салган топту коргоо министринин орун басары, окуя болгондон кийин кызматынан бошотулган Абдухалим Назарзода жетектегенин билдирген.

Назарзода, мекеменин маалыматы боюнча, өз жандоочулары менен Рамит капчыгайында жашырынып жатат. Ал жерде азыр кылмыштуу топту кармоо боюнча ИИМ, УКМК, Коргоо министрлиги биргелешкен операция жүргүзүүдө. 

Бүгүнкү күндө аталган топтун 56 мүчөсү колго түшүп, 17си өлтүрүлдү.

Жаңылыктар түрмөгү
0