Тажикстанда Назарзоданын тобун кармоо операциясы уланууда

© Sputnik / Табылды КадырбековАскер кызматкерлери. Архивное фото
Аскер кызматкерлери. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аэропорттун бурулушунда Назарзода баштаган куралдуу топ менен милициянын ок атыша кетип, андан Тажикстандын ИИМ жана Коргоо министрлигинин 33 кызматкери жана мурдагы министрдин орун басарынын жактоочуларынан турган топтун тогуз кишиси өлгөн.

БИШКЕК, 12-сен. — Sputnik. Тажикстандын Коргоо министринин мурдагы орун басары, Душанбеге жана Вахдаттка куралдуу кол салуу уюштурган генерал Абдухалим Назарзоданын тобу курчоого алынганын РИА Новости билдирди.

Буга чейин Назарзоданын жок кылынгандыгы тууралуу маалымат тарап, бирок аны Тажикстандын укук коргоо органдары тастыктаган эмес. 

"Назарзода жана анын куралдуу тобунун жашырынган жери белгилүү болду. Мурунку генерал онго жетпеген адамдарынын коштоосунда", — дейт маалымат булагы. Ага ылайык, аталган аймакка кошумча күч жана аскердик техника жеткирилди.

Душанбе шаары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Душанбеде кол салууда ИИМ менен Коргоо министринин 33 кызматкери окко учту
2015-жылдын 7-сентябрында таңга маал Вахдаттын Ички иштер бөлүмүнө кол салынып, ошол эле күнү Душанбеде Коргоо министрлигинин Борбордук аппаратынан ири көлөмдөгү курал уурдалган. Ошол эле убакта аэропорттун бурулушунда Назарзода баштаган куралдуу топ менен милиция ок атышкан. Андан Тажикстандын ИИМ жана Коргоо министрлигинин 33 кызматкери жана мурдагы министрдин орун басарынын жактоочуларынан турган топтун тогуз кишиси өлгөн. 

Учурда Назарзоданын кылмыштуу тобун жок кылуу боюнча күч структураларынын биргелешкен аракети уланууда. Расмий маалымат боюнча, атайы операция башталгандан бери Назарзоданын 130 тарапташы кармалып, 22си жок кылынган.

Жаңылыктар түрмөгү
0