Балдарга арналган "ТЭФИ-Шериктештик" фестивалы Тажикстанда өтөт

© Sputnik / Александр Поляков / Медиабанкка өтүү"Орфей" айкели, ТЭФИнин байгеси. Архив
Орфей айкели, ТЭФИнин байгеси. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Фестиваль Тажикстандын борбору Душанбе шаарында 16-19-сентябрь күндөрү өтөт. Иш-чара мастер-класстар, жолугушуу, бет ачар аземдери, жана тегерек столдор менен коштолот.

БИШКЕК, 14-сен. — Sputnik. Тажикстанда бешинчи эл аралык "ТЭФИ-Шериктештик" телевизиондук фестивалы өтө турганын аталган өлкөнүн Теле- жана радиоберүү комитетинин эл аралык иштер боюнча башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Саида Жумаева билдирди.

"Курманжан датка" Казанда өткөн эл аралык кинофестивалда баш байгеге ээ болду
Фестиваль Тажикстандын борбору Душанбе шаарында 16-19-сентябрь күндөрү өтөт. Жумаеванын айтымында, иш-чара мастер-класстар, жолугушуу, бет ачар аземдери, жана тегерек столдор менен коштолот. Фестивалдын катышуучулары менен коноктору балдар телеберүүсү боюнча талкууларды жүргүзүшөт.

Мындан тышкары, катышуучулар менен эксперттик кеңештин мүчөлөрү Тажик улуттук университети менен Россия-Тажик славян университеттеринин журналистика факультетинин студенттери менен жолугушат.

Фестивалга Россия, Белоруссия, Казакстан, Кыргызстан, Армения, Азербайжан, Грузия, Молдова, Өзбекстан, Украина жана Тажикстандан келген 54 тасмага баа берилет.

Жаңылыктар түрмөгү
0