ЖМК: Казакстандын акча алмаштыруу жайларында евро менен доллар түгөнүүдө

© Sputnik / Михаил Кутузов / Медиабанкка өтүүЕвро жана доллар. Архив
Евро жана доллар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Казакстандын Tengrinews порталы Алматы менен Астана шаарларында доллар таңсыктыгын теңгенин арзандашы шарттады деп билдирет.

БИШКЕК, 17-сен. – Sputnik. Казакстандын акча алмаштыруу жайларында америка жана европа валютасынын таңсыктыгы курч турганын Tengrinews порталы жазып чыкты.

Акча алмаштыруу жайы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Теңге арзандашынан акча алмаштыруу жайлары бааны өзгөртүүгө жетишпей жатат
Басылманын маалыматына ылайык, чет элдик валютанын тартыштыгы теңгенин арзандашынан улам жаралган. Буга чейин Казакстандын биржа фондусундагы соода учурунда доллардын курсу 300 теңгеге жеткен. 

Акча алмаштыруу жайларын иштеткендер эки аптадан бери таңсык болуп келе жаткан долларга суроо-талап жогору болуп жатканын белгилешет. 

20-августта Казакстандын Улуттук банкы инфляциялык таргеттөө тартибине негизделген жаңы акча-насыя саясатын иште киргизип, валюталык коридорду жоюп жана акча алмаштыруу курсу эркин өзгөрмө тартибине өткөн. Мындай саясаттын биринчи эле күнүндө теңге долларга карата 26 пайызга төмөндөп кеткен.

Жаңылыктар түрмөгү
0