Льют: ИМдин өкүлдөрү Түштүк жана Борбордук Азияда пайда болду

© AFP / TAUSEEF MUSTAFA"Ислам мамлекети" тобун мүчөлөрү. Архив
Ислам мамлекети тобун мүчөлөрү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Азырынча бул курч маселедей сезилген жери жок дейт АКШнын НАТОдогу туруктуу өкүлү Дуглас Льют. Бирок анын айтымында, ИМ пайда болгон жерлердин баарында эл аралык абал курчуп жатат.

БИШКЕК, 1-дек. — Sputnik. ИМдин (арабча –ДАИШ) өкүлдөрү Борбордук Азия өлкөлөрүндө, анын ичинде Афганистанда пайда болгону туурасында АКШнын маалыматы бар. Бирок бул азырынча олуттуу көйгөйгө айлана элек дейт НАТОдогу АКШнын туруктуу өкүлү Дуглас Льют.

Талибан террористтик уюмунун мүчөлөрү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Эксперт ИМ менен Талибандын бирикпеген себебин айтып берди
"Ислам мамлекети" тобуна (араб тилинде — ДАИШ) Кыргызстанда жана башка көп сандагы өлкөлөрдө тыюу салынган. 

"ДАИШтин чакан топтору Афганистанда гана эмес, Түштүк жана Борбордук Азияда да пайда болду деген билдирүүлөр бар. Бирок азырынча муну афган бийлиги олуттуу маселе катары кабыл алган жок. Бирок ДАИШ пайда болуп жаткан бардык жерде эл аралык абал курч болууда", — деди Льют Брюсселде журналисттер менен маектешип жатып.

Жаңылыктар түрмөгү
0