Назарбаев парламентти таратып, жаңы шайлоонун мөөнөтүн белгиледи

© Sputnik / Алексей Бабушкин / Медиабанкка өтүүКазакстандын парламент имараты. Архив
Казакстандын парламент имараты. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мажилис депутаттары 13-январда Назарбаевге "экономикалык кырдаалдан улам" аларды таратуу өтүнүчү менен кайрылышкан эле.

БИШКЕК, 21-янв. — Sрutnik. Казакстан президенти Нурсултан Назарбаев парламенттин мажилисине (төмөнкү палата) боло турган шайлоону 20-мартка белгиледи.

Мажилис депутаттары 13-январда Назарбаевге "экономикалык кырдаалдан улам" аларды таратып, мажилис менен маслихаттардын депутаттарын мөөнөтсүз шайлоо боюнча кайрылышкан. Президент алардын өтүнүчүн орундатып, парламентти таратуу туурасында жарлыкка кечээ, 20-январда кол койгон.

"Мажилиске мөөнөтүнөн мурда болуучу шайлоо 2016-жылдын 20-мартына дайындалды",— деп билдирди Акордонун маалымат кызматы Twitter баракчасына.

Поликлиникадагы тактача. Архив - Sputnik Кыргызстан
ЖМК: Казакстанда бир жаран "чочко тумоосунан" каза болду
Мыйзамга ылайык, мажилис депутаттарынын ыйгарым укуктары токтотулган соң, кийинки шайлоону белгилөөгө болот. Мындай учурда президент депутаттар жана премьер менен кеңешип туруп, анын мөөнөтүн дайындайт. Шайлоо мажилис ишин токтоткондон кийин эки ай ичинде өткөрүлүшү керек.

Мажилистке шайлоо акыркы жолу 2012-жылдын январь айында болуп, ага бийликчил "Нур Отан", Казакстандын демократиялык "Ак Жол" жана Казакстандын коммунисттик партиялары катышкан.

Депутаттар беш жылга шайланат.

Жаңылыктар түрмөгү
0