Казакстанда тик учак кулап, ичиндеги бир наристе менен төрт киши каза болду

© flickr.com / Alec WilsonUP-MD 600-N тик учагы. Архив
UP-MD 600-N тик учагы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тик учак Ушарала шаарынан оорулуу баланы Талды-Коргонго жеткирүү үчүн учуп чыккан.

БИШКЕК, 28-янв. — Sputnik. Жарандык UP-MD 600-N тик учагы шаршемби күнү Алматы облусунун Ушарала шаарынан оорулуу наристени Талды-Коргондогу облустук ооруканага жеткирүү үчүн учуп чыгып, андан кийин байланыш таптакыр жоголуп кеткенин Новости – Казахстан маалымат агенттиги билдирет.

Тик учактын ичинде учкуч, эки дарыгер жана оорулуу баласын коштоп алып бараткан аял болгон. Унаа "Аспан" ишканасына таандык экени айтылууда. Тик учакты издөөгө 500 адам жана 70 техника тартылган. Түнү менен жүргөн издөө иштерин начар аба ырайы бир топ кыйындаткан.

Тик учактын сыныктары бүгүн, 28-январда саат 8.20да Капал калктуу пунктунан үч чакырым алыстыктагы капчыгайдан табылганын Казакстандын ИИМ өкүлү Руслан Иманкулов билдирди.

"Борттун ичиндегилердин баары тең каза болду. Тик учактын кыйрашы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында ыкчам-иликтөө иштери жүрүп жатат. Ыкчам байланыш телефондору иштеп жатат", — деди ал.

Бул акыркы мезгилде казак тик учагынын кыйроого учурап жаткан экинчи учуру. Буга чейин Жамбул облусунда Тараздан 220 чакырым алыстыкта Ми-2 тик учагы кулап кеткен. Аман калган учкуч жардам чакыруу үчүн чабандын туругуна чейин 5 чакырым аралыкты жөө басып келген.

Жаңылыктар түрмөгү
0