Кыргызстандын дипломаттары Катарда.

Катарлык мүнүшкөрлөрдү Көчмөндөр оюндарына чакырышты

78
(жаңыланган 11:28 01.02.2016)
Элчинин айтымында, Кыргызстан менен Катарды мүнүшкөрлүк өнөр бириктирип турат. Ал үстүбүздөгү жылдын күз айында өтө турган Көчмөндөр оюндары тууралуу айтып, катарлыктарды чакырды.

БИШКЕК, 1-фев. — Sputnik. Кыргызстандын Катардагы элчиси Нуран Ниязалиев катарлыктарды Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына жигердүү катышууга чакырганын Тышкы иштер министрлиги билдирди.

Дипломат Дохада өткөн Экинчи эл аралык мүнүшкөрлүк ветеринариясына арналган конференцияга катышкан. Ал ушул күздө өтө турган Экинчи дүйнөлүк көчмөндөр оюндары тууралуу айтып, ага куш таптоо өнөрү улуттук спорттун түрү катары киргенин маалымдады. Андан соң элчи катарлыктарды аталган иш-чарага жигердүү катышууга чакырды.

Дохадагы конференция мүнүшкөрлүк ветеринариясын өнүктүрүү, изилдөөлөрдү жүргүзүү жана бул жааттагы салт-санааларды сактоого арналды. Ага араб өлкөлөрүнүн өкүлдөрү, чет элдик адистер, окумуштуулар катышты.

78
Белгилер:
оюн, көчмөндөр, куш, мүнүшкөр, Кыргызстан, Катар
Тема боюнча
Алоолонуп баткан күн, жылдыздуу асман – малайзиялык жигиттин көзү менен
Кыргызстандын эң мыкты бүркүттөрү
Душанбе шаары, Тажикстан. Архив

Душанбеде ШКУнун 20 жылдыгына карата кинофестиваль өтөт

35
Фестивалдын алкагында Кыргызстан баш болгон уюмга мүчө сегиз өлкөнүн жана байкоочу макамындагы алты мамлекеттин фильмдери көрсөтүлөт.

БИШКЕК, 14-июн. — Sputnik. Душанбе шаарында 29-июндан тарта 2-июлга чейин Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө-мамлекеттердин арасында көркөм жана телефильмдердин фестивалы өтөт. Бул тууралуу Кинематографты колдоо фондунан кабарлашты.

Фестивалдын алкагында Кыргызстан баш болгон уюмга мүчө сегиз өлкөнүн жана байкоочу макамындагы алты мамлекеттин фильмдери көрсөтүлөт. Жеңүүчүлөргө "Алтын чабалекей" сыйлыгы жана дипломдор ыйгарылат.

Кыргызстандын атынан кайсы тасма көрсөтүлөрү айтыла элек.

Эске салсак, ушул жылдын 15-июнь күнү бирикменин түзүлгөнүнө 20 жыл толот. Буга байланыштуу ар кандай саясий жана маданий иш-чараларды өткөрүү пландалган.

35
Белгилер:
тасма, фестиваль, ШКУ, Тажикстан, Кыргызстан
Тема боюнча
Байге фонду миллион сомдук республикалык айтыш сынагы өтөт
Кыргыздын "Шамбала" тасмасы Испаниядагы кинофестивалга катышат
Эркеч-Там көзөмөл жүргүзүү бекети. Архивдик сүрөт

14-июнда "Торугарт" жана "Эркеч-Там" көзөмөл-өткөрүү бекеттери иштебейт

44
(жаңыланган 10:58 11.06.2021)
Учурда аталган пунктулар өзгөчө алгоритм менен иштеп жатат. Тагыраагы, бул жерлерден Кытайдан Кыргызстанга алып келе жаткан товарлар гана өткөрүлөт.

БИШКЕК, 11-июн. — Sputnik. Кыргыз-кытай чек арасындагы "Торугарт" жана "Эркеч-Там" көзөмөл жүргүзүү бекеттери жүк ташуучу унаалар үчүн 14-июнь күнү жабылат. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, бул күндөрү Кытайда "Ажыдаарлар кайыгы фестивалы (күрүч майрамы)" белгиленет.

Аталган чек ара пунктулары кайра эле 15-июнь күнү ишин жандантат.

Эске салсак, учурда "Торугарт" жана "Эркеч-Там" көзөмөл жүргүзүү бекеттери өзгөчө алгоритм менен иштеп жатат. Тагыраагы, бул жерлерден Кытайдан Кыргызстанга алып келе жаткан товарлар гана өткөрүлөт.

44
Белгилер:
чектөө, майрам, чек ара, Кытай, Кыргызстан
Тема боюнча
Кыргызстанга кирүүнүн эрежеси. Кандай документтер талап кылынат?
Акча санап жаткан кассир. Архив

Төрт айда Кыргызстандан сыртка которулган каражат рекорддук чекке жетти

0
(жаңыланган 09:36 14.06.2021)
Өткөн жылдын төрт айына салыштырмалуу 2021-жылдын январь-апрель айларында 37 миллион доллардан көп каражат чыккан.

БИШКЕК, 14-июн. — Sputnik. 2021-жылдын январь-апрель айларында Кыргызстандан чет жактарга 169,1 миллион доллар акча которулган. Бул тууралуу Улуттук банктын сайтындагы маалыматта көрсөтүлгөн.

Мында сөз жеке адамдардын акча которуу тутуму аркылуу жүргүзгөн операциялары жөнүндө болуп жатат. Эгерде башка жылдардагы алгачкы төрт айдын көрсөткүчтөрүн алсак, быйылкы сумма рекорддук чекке жеткен.

Төмөндө ар башка жылдардын төрт айындагы маалыматтар келтирилди (суммасы 120 миллион доллардан ашкан жылдардагы маалыматтар гана көрсөтүлдү):

2020 — 132,3 миллион;

2019 — 163,3 миллион;

2018 — 151,4 миллион;

2014 — 134,2 миллион.

0
Белгилер:
чет өлкө, Акча которуулар, Кыргызстан
Тема боюнча
Мигранттар которгон акчанын көлөмү быйыл 15 жылдык рекорддон ашып түштү