Виды Астаны

Казакстанда мажилиске болгон шайлоонун үгүт иштери башталды

20
(жаңыланган 11:23 20.02.2016)
Казакстан парламентинин төмөнкү палатасына мөөнөтүнөн мурда шайлоо 20-мартка белгиленген. Депутаттар партиялык тизме аркылуу шайланат.

БИШКЕК, 20-фев. — Sputnik. Казакстандын мажилисине болгон шайлоонун үгүт иштери бүгүнтөн тарта башталганын Новости – Казакстан маалымат агенттиги билдирди.

Казакстандын башкы прокуратурасы жума күнү үгүт иштерин мыйзамдын алкагында өткөрүү керектигин жана аны бардыгы сакташы керектиги боюнча кайрылууну расмий сайтында жарыялады. Ал эми өлкөнүн Борбордук шайлоо комиссиясы саясий партияларды жана талапкерлерди "кара технологияны" колдонбостон, ачык-айкын күрөшүүгө чакырды.

Үгүт иштери учурунда Казакстандан башка мамлекетте басылган агитациялык материалдарды жайылтууга тыюу салынат. Ошондой эле, үгүт кагаздарын эстеликтерге жана тарыхый, маданий же архитектуралык жактан маанилүү болгон имараттарга жабыштырууга болбойт. Андан сырткары добуш бериле турган имараттын ичине да үгүт материалдарын илүүгө жол берилбейт.

Үгүт иштери 19-марттын түнкү саат 12.00үнө чейин уланат

Жалпысынан 98 мандат үчүн алты партиядан 234 талапкер ат салышат. Партиялык тизме боюнча ат салышчулар: "Нур Отан" партиясы (127 талапкер) "Ак жол" партиясы (35 талапкер), "Ауыл" партиясы (19 талапкер), Казакстандын коммунисттик элдик партиясы (22 талапкер), Жалпы улуттук социал-демократиялык партиясы (23 талапкер) жана "Бирлик" партиясы (8 талапкер).

Ал эми жетинчи болуп катталган "Азат" партиясы шайлоого катышуудан баш тарткан.

Мажилис депутаттары 13-январда Назарбаевге "экономикалык кырдаалдан улам" аларды таратып, мажилис менен маслихаттардын депутаттарын мөөнөтсүз шайлоо боюнча кайрылышкан. Президент алардын өтүнүчүн орундатып, парламентти таратуу туурасында жарлыкка, 20-январда кол койгон.

Мажилиске шайлоо акыркы жолу 2012-жылдын январь айында болуп, ага бийликчил "Нур Отан", Казакстандын демократиялык "Ак Жол" жана Казакстандын коммунисттик партиялары катышкан.

Депутаттар беш жылга шайланат.

20
Белгилер:
мажилис, шайлоо, Казакстан
Тема боюнча
Назарбаев парламентти таратып, жаңы шайлоонун мөөнөтүн белгиледи
Пикирлер