БИШКЕК, 5-апр. — Sputnik. Түркмөнстан келе жаткан жекшембиде "бир тамчысы бир күкүм алтынга тете суу" деп аталган улуттук майрамын белгилейт. Максаты — Түркмөнстанда суунун ранкы алтынга тете экендигин көрсөтүү. Бул өлкөдө кум учкан Каракум жана Кызылкум чөлдөрү жаткандыктан, калкка, өзгөчө жаштарга сууга сарамжалдуулук менен мамиле кылууну үйрөтүү.
Түркмөнстандын аянтынын көп бөлүгү суунун жоктугунан улам, жашоого, пайдаланууга жараксыз. Андыктан, түркмөндөр үчүн суу алтындан да баалуу. Сууну барктап, баалоого чакырган иш-чаралар адатта көлмөлөрдүн, дарыялардын, көлдөрдүн жана каналдардын жээктеринде өтөт. Бул күнү суу чарбасынын алдыңкылары президенттин колунан мамлекеттик, акчалай сыйлыктарды жана баалуу белектерди алышат. Сууну чыгарган адамдар эзелтеден эле бул өлкөдө сый-урмат менен кабыл алынып келген.
Майрам быйыл Каракум дарыясынын жээгинде өтөт. Бул жерде элдик майрамдоолор уюштурулуп, айыл жана суу чарбасынын жетишкендиктеринин көргөзмөсү уюштурулат. Концерт тартууланып, спорттук таймаштар болот. Акырында жалпы эл чыгып бак отургузат."Бир күкүм алтынга тете — бир тамчы суу" майрамын түркмөнбашы Сапармурат Ниязов 1995-жылы негиздеген. Түркмөнбашы 1,5 чакырымга созулган Каракум каналын куруу түркмөндөр үчүн тагдыр чечүү курулуш деп билген. Ал өткөн кылымдын 80-50-жылдары курулган. Канал какырап кургап калган жерге жашоо берип, сугат жерлерди миңдеген гектарга көбөйткөн. Ал эми анын жээгинде жаңы айылдар пайда болгон. Сапармурат Ниязов аталган каналдын маанисин белгилеш үчүн ага Каракум-дарыя атын берген.
БИШКЕК, 16-янв. — Sputnik. Казакстанда акыркы 24 саат ичинде коронавирустан 12 адам көз жумду. Бул тууралуу Sputnik Казакстан агенттиги жазды.
Өткөн суткада коңшу өлкөдө бир миңден ашуун адамдан коронавирус жана пневмония аныкталган. Ушу тапта ооруканада коронавирустан 12 284 киши, пневмониядан 11 781 дарыланууда. Ал эми мурдагы суткада илдеттерден жети адам каза болгон.
Жалпысынан Казакстанда COVID-19га кабылгандардын саны бүгүн 213 855 кишиге жетти.Өлкөдө абал жакшырбай жаткандыктан, Саламаттык сактоо министрлиги борбор калаа Нур-Султан шаарын кызыл зонага киргизди. Эми эрежеге ылайык, бул аймакка кайрадан бир катар чектөөлөр жарыяланмакчы. Азыр Нур-Султан менен кошо эң кооптуу аймактарга Акмоло жана Костанай облустары кирет.
БИШКЕК, 15-янв. — Sputnik. Казакстандын премьер-министри болуп кайрадан Аскар Мамин дайындалды. Бул тууралуу Sputnik Казакстан жазды.
Президент Касым-Жомарт Токаев Маминди өкмөт башчылыкка дайындоо боюнча жарлыкка кол койду.
Коңшу өлкөнүн мыйзамына ылайык, парламенттик шайлоодон кийин министрлер кабинети отставкага кеткен. Казакстандыктар 10-январь күнү жаңы депутаттарды шайлашкан. Анын жыйынтыгы менен Nur Otan, "Ак Жол" жана Казакстан Элдик партиясы жеңүүчү болгон.
Добуш бербей койгон депутаттардын бардыгы "Ак Жол" менен Казакстан Элдик партиясы болду. Маминди Nur Otan партиясынын 78 өкүлү колдоп берген. Мажилисте ушул үч партиянын гана депутаттары бар.
Казакстандын биринчи президенти Нурсултан Назарбаев буга чейин Nur Otan фракциясындагы партиялаштарына кайрылып, эгер мамлекет башчысы талапкерлигин сунуштаса, Маминди колдоп коюуга чакырган.
Аскар Мамин 2019-жылдын февраль айында Казакстандын премьер-министри болуп дайындалган.
БИШКЕК, 19-янв. — Sputnik. Бишкектеги Кайгуул милиция кызматы бүгүн маршрутка көйгөйүнөн улам аялдамаларда калган бишкектиктерди үйлөрүнө жеткирүүдө. Бул туурасында шаардык милициянын маалымат кызматынан кабарлашты.
Кечкурун милиционерлер балдарга, аялдарга жана улгайган адамдарга өз жардамын сунуштап жатканы айтылды. Бул багытта аталган кызматтын атайын автоунаалары иштеген.
Посмотреть эту публикацию в Instagram
Милициядан аялдамаларда топтолгон кишилер аз, шаар ичи тынч деп билдиришти.
Посмотреть эту публикацию в Instagram
Бүгүн, 18-январда, айрым маршрутка айдоочулары жумушка чыкпай коюшкан. Алар жол кире акысын жогорулатууну талап кылышууда. Себеби жол кире 2012-жылдан бери көтөрүлө элек. Учурда маршрутканын баасы күндүз 10, ал эми кечинде 12 сом.
Эртең менен Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткарып жаткан Балбак Түлөбаев каттамга чыкпай койгон маршруткалардын лицензиясы алынып, башкага берилерин эскерткен.