Казакстанда баңгизат ташыган кылмыштуу топтун курамындагы КР жарандары кармалды

Жазылуу
Казакстандын укук коргоо органдарынын билдирүүсүндө Кыргызстандан баңгизат алып өтүүнү 36 жашар Ош шаарынын тургуну уюштуруп келген.

БИШКЕК, 12-апр. — Sputnik. Казакстандын полиция кызматы эл аралык кылмыш тобунун 15 мүчөсүн кармады. Колго түшкөндөрдүн арасында Кыргызстандын да жарандары бар. Бул тууралуу "Новости — Казакстан" маалымат агенттиги билдирди.

Ага ылайык, Казакстандын Ички иштер министрлигинин баңгизатка каршы департаменти тарабынан Костанай, Рудный, Лисаков жана Караганда шаарларынан бир учурда эл аралык кылмыштуу топтун 15 мүчөсү кармалган.

Укук коргоо органдарынын билдирүүсүндө Кыргызстандан баңги зат алып өтүүнү 36 жашар Ош шаарынын тургуну уюштуруп келген. 

"Кармалган кыргызстандык жараны — "Биринчи чабалекей" аттуу кылмыш дүйнөсүнө таанымал наркоборондун тууганы. Ал Орто Азияга баңгизатты ташуу түйүнүн түзүп, героин ташуу менен шугулданып келген", — деп айтылат маалыматта. 

Кармалгандар эки жылдан ашуун Казакстандын түндүк бөлүгүнө баңгизат ташып жүргөн деп айыпталууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0