Тажик жарандарына фамилиясына "-ов", "-ова" мүчөлөрүн кошууга тыюу салынды

© Sputnik / Амир Исаев / Медиабанкка өтүүДушанбедеги мектептин окуучулары. Архив
Душанбедеги мектептин окуучулары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эми тажик балдарынын аты-жөнүнө орус тилине мүнөздүү болгон мүчөлөр уланбайт.

БИШКЕК, 29-апр. — Sputnik. Тажикстанда балдардын фамилиясына "-ов", "-ова" мүчөлөрүн улоого тыюу салуу боюнча мыйзам күчүнө кирди. Бул тууралуу Sputnik Тажикстан маалымат агенттиги билдирди. 

Эми жаңы документ алган тажикстандыктардын аты-жөнүнө улуттук тилге мүнөздүү гана мүчөлөр уланат. 

Сөз "-ов", "-ова", "-вич", "-овна", "-евна" деген мүчөлөр тууралуу болуп жатат. Булардын ордуна тажик тилине мүнөздүү "зод", "зода", "пур", "иён", "фар" мүчөлөрү уланат.

Freedom House Кыргызстандын ЖМКсын "көз каранды" деп баалады
Бийлик өкүлдөрү учурда эл арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.

Юстиция министрлигинин алдындагы жарандык актыларды каттоо башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Жалолиддин Рахимов эгер азыр абал өзгөрбөсө, 10 жылдан кийин азыркы жаштар эки топко бөлүнүп калышы мүмкүн экенин белгилейт. Андыктан биз улуттук сезимди арттыра турган аракеттерди көрөбүз дейт ал.

Маалыматта жаңы демилге бир гана тажик улутундагыларга тиешелүү, улуттук азчылыктарга мажбурланбай турганы жазылат.

Эскерте кетсек, 2007-жылы Эмомали Рахмонов фамилиясын Рахмон деп расмий түрдө өзгөрткөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0