Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон. Архив

Президент Рахмон: CASA-1000 бул жөн гана пайдубал түптөө эмес

28
(жаңыланган 14:22 12.05.2016)
Бейшемби күнү Тажикстанда электр энергиясынын сатылышын шарттаган гидроэнергетикалык долбоор башталды.

ТУРСУНЗАДЕ, 12-май — Sputnik. CASA-1000 энергетикалык долбоору — бул жөн гана пайдубал түптөө эмес, бул Азия мамлекеттеринин ортосундагы кызматташууга чабылган жол. Мындай пикирди Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон Турсунзаде шаарында салтанаттуу аземде билдирди.

Өлкө башчынын айтымында, долбоор аймактагы өлкөлөрдүн тарыхый соода жана социалдык-экономикалык мамилелерин калыбына келтирүү символу болуп саналат.

"Курулуштун алгачкы кышын кынап жатып биз кызматташа ала турганыбызды далилдедик. CASA-1000дин ийгилиги эл аралык долбоорлорду ишке ашырууга мүмкүн экендигин тастыктайт", — деди президент.

CASA-1000 долбоору Борбор Азиядан (Кыргызстан, Тажикстан) Түштүк Азия мамлекеттерине жай айында 1300 МВт электр энергиясын сатууга мүмкүнчүлүк түзөт.

Долбоор аяктагандан кийин электр энергиясы 470 чакырымдагы жогорку чыңалуудагы линия аркылуу Кыргызстандан Тажикстанга өтөт. Андан ары электр энергиясы Афганистан менен Пакистанга кетет. Долбоордун алкагында 750 чакырым жогорку чыңалуудагы электр линиясы курулат. Ал 2016-2020-жылдары ишке ашат.

28
Белгилер:
Эмомали Рахмон, долбоорлор, CASA-1000 долбоору
Тема:
CASA-1000 долбоорунун курулушу (12)
Тема боюнча
Президент Рахмон жана 4 мамлекеттин премьерлери CASA-1000 долбоорун ишке киргизди
Эксперт: CASA-1000 РФ менен КРдин энергетика жаатында чогуу иштешүүсүн шарттайт
CASA-1000 долбоорунун май айында башталышы күтүлүүдө
Электр линиялары. Архив

Новак Тажикстан, Түркмөнстанды бирдиктүү энергосистемага чакырды. Душанбе кыймылда

95
(жаңыланган 00:33 03.12.2021)
Советтер Cоюзу урагандан кийин Түркмөнстан менен Тажикстан Борбор Азиянын бирдиктүү энергосистемасынан чыгып кеткен. Учурда энергетикалык шакекчеге Россия, Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан кирет.

БИШКЕК, 2-дек. — Sputnik. Россия өкмөтүнүн вице-премьери Александр Новак Түркмөнстан менен Тажикстанды бирдиктүү энергосистемага кайтып келүүгө чакырды.

Бул тууралуу ал Москвада өтүп жаткан Евразиялык экинчи конгрессте сүйлөп жатып айтканын РИА Новости жазды.

"Учурда Россия Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстандын энергосистемасы менен синхрондуу түрдө иштеп жатат. Тажикстан менен Түркмөнстандын да кайтып келишин күтөбүз", — деген Новак.

Ал арада Sputnik Тажикстан өлкөнүн өнөр жай жана жаңы технологиялар министри Шерали Кабирдин айтканына таянып 2022-жылы Тажикстан аталган энергетикалык шакекчеге кайтып келерин маалымдады.

Тажик министри борбор азиялык энергошакекченин ишин калыбына келтирүү үчүн иштер интенсивдүү жүргүзүлүп жаткандыгын айткан. Анын маалыматына караганда, бирдиктүү энергосистеманын ишин жаңылоодо рыноктогу жана дүйнөдөгү өзгөрүүлөрдү эске алуу зарылдыгы турат.

Шерали Кабир Рогун ГЭСи ишке киргенден кийин Борбор Азиядагы электр кубатынын тартыштыгын жоготуу жана жалпы эле энергетика рыногу болуп көрбөгөндөй өзгөрөт. Ал жаңылоо аталган тармакта көп адамдардын жумуш менен камсыз болушуна көмөкчү болорун кошумчалаган.

Борбор Азиядагы энергетикалык шакекченин тарыхы

Борбор Азиядагы жаңы энергетикалык моделди түзүү 1980-жылдары башталса да 1997-жылы толук аяктаган. Ага Казакстан (түштүк бөлүгү), Кыргызстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстан кирген. Өз ара иштешүүнү камсыздаган система менен беш мамлекеттин 83 электр станциясы иштеп турган.

Өз ара кызматташуунун жол-жобосу пайдалуу негизде болгон. Казакстан менен Өзбекстан суу боюнча Кыргызстан жана Тажикстанга көз каранды эле, ал негизинен сугат иштери болгон. Ал үчүн акыркы аталган эки мамлекет ГЭС турбиналарын толугу менен коё беришкен эмес. Кыргыз жана тажик өкмөттөрүнө жеңилдик менен мунай заттары, газ жана көмүр келип турган.

Советтер Союзу урагандан кийин Түркмөнстан менен Тажикстан Борбор Азиянын бирдиктүү энергосистемасынан чыгып кеткен. Учурда энергетикалык шакекчеге Россия, Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан кирет.

95
Белгилер:
Россия, Кыргызстан, Түркмөнстан, Тажикстан, Борбордук Азия, энергосистема
Тема боюнча
Мадалбеков: акылдуу эсептегичи жок абоненттерге атайын тетик орнотулат
Бул шылдың! Абжалиев бийлик инвесторлорго электр энергия бербей жатканын айтты
Казакстандын биринчи президенти Нурсултан Назарбаев. Архивдик сүрөт

Менин абдан чоң катам! Назарбаев мурдагы күйөө баласы тууралуу оюн айтты

345
(жаңыланган 12:38 02.12.2021)
Назарбаев белгилүү режиссёр Оливер Стоундун Qazaq: history of the golden man аттуу даректүү тасмасында Рахат Алиев менен катар дагы кимдерди жогорку кызматка даярдаганы үчүн өкүнөрүн билдирди.

БИШКЕК, 2-дек. — Sputnik. Казакстандын биринчи президенти Нурсултан Назарбаев мурдагы күйөө баласы Рахат Алиев боюнча пикирин айтты. Бул тууралуу Sputnik Казакстан агенттиги жазды. 

Мурдагы күйөө баласы, маркум Рахат Алиевдин жогорку кызматка дайындалышы чоң ката болгонун Назарбаев белгилүү режиссёр Оливер Стоундун Qazaq: history of the golden man аттуу даректүү тасмасында айтты.

"Ал финансы полициясынын башына туруп алып, кызматынан кыянаттык менен пайдаланды. Бизнести кысып, акча алып турган. Бир учурда ага токтот деп эскертүү бергем. Элестетип көрсөңөр, менин күйөө балам, үч неберемдин атасы. Мага кызым, неберелерим, күйөө баламдын атасы болуп чогулуп келишти. Ал кылмышкер болсо мен эмне кыла алмак элем деп айткам", — деди Назарбаев.

Андан соң Оливер Стоун бул тууралуу Дарига Назарбаева сүйлөшкүсү келбей койгонун айтып, элбашынын өзүнө канчалык оор болгонун сурады.

"Аябай кыйналдым. Мындай эле бирөө болсо бир жөн... Бирок ал өз киши болчу да, мен ага ишенип, таяна турган адам болчу. Дариганын башынан көп нерсе өттү, ага боорум ооруйт", — деди мурдагы президент.

Эске салсак, Алиев мурда Назарбаевдин кызы Дариганын жолдошу болгон. 2008-жылы бийликти басып алууга аракет кылган, адам уурдаган кылмыштуу топту түзгөн деген айыптоолор менен сыртынан соттолгон. Ал кезде ал Австрияда жүргөн. 2015-жылы жергиликтүү ЖМКлар Рахат Алиев Австриядагы абактардын биринде каза болгонун жазышкан.

Ошондой эле Назарбаев Советтер Союзу урагандан кийин жаңы көз караштагылар иштесин деп чоң кызматтарга даярдаган жаштардын айрымдары коррупцияга аралашып, "далысына бычак" сайып кеткендерин эске салды. Анын ичинен мурдагы энергетика министри, коомдук ишмер Мухтар Аблязовду кызматка даярдаганына өзгөчө өкүнөрүн кошумчалады.

345
Белгилер:
Казакстан, Нурсултан Назарбаев, Рахат Алиев, Оливер Стоун, даректүү тасма
Тема боюнча
Казакстандан Шабыркүл көмүрү көп келе баштайт. Кайдан канчага сатып алса болот
Нурсултан Назарбаев кыргыздардан эмне белек алганын айтты
Россиянын президенти Владимир Путин. Архив

Путин Жапаровду парламенттик шайлоонун ийгиликтүү өтүшү менен куттуктады

0
(жаңыланган 00:10 04.12.2021)
Телефон менен сүйлөшүүдө Путин Садыр Жапаровду келе жаткан туулган күнү менен да куттуктап кеткен.

БИШКЕК, 3-дек. — Sputnik. Мамлекет башчы Садыр Жапаров менен Россиянын президенти Владимир Путин телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.

Билдирмеге караганда, 2022-жылы Кыргызстан Евразиялык экономикалык биримдикке төрагалык кылат. Телефон аркылуу сүйлөшүүдө президенттер кызматташууну өнүктүрүүнү талкуулашты.

Сүйлөшүүдө Жапаров элдин эрки менен өткөн парламенттик шайлоо тууралуу айтып берип, Россияга шайлоолорго байкоочу катары активдүү катышып, мекендештердин добуш берүүсүн уюштуруудагы көмөгү үчүн ыраазычылык билдирген. Ошондой эле "Спутник-лайт"  вакцинасынын кезектеги партиясын жеткиргендиги үчүн рахматын айткан.

Өз кезегинде Путин Жапаровду шайлоону ийгиликтүү өткөрүшү менен куттуктап, Кыргызстан элинин бакубаттуулугу үчүн өлкөнүн мындан аркы социалдык-экономикалык өнүгүүсүн каалаган. Ошондой эле Жапаровду келе жаткан туулган күнү менен куттуктаган. Өлкө лидерлери тараптар ортосундагы активдүү диалогду союздаштык жана стратегиялык өнөктөштүктүн негизинде улантуу чечимин бекемдешти.

0
Белгилер:
Кыргызстан, Россия, Садыр Жапаров, Владимир Путин, сүйлөшүүлөр
Тема:
Жогорку Кеңешке жаңы тартип менен болчу шайлоо
Тема боюнча
Садыр Жапаров: БШК бийлик кысым кылганын айтса, отставкага кетем
Бюллетендердин 99%ы кол менен саналып бүттү. Кайсы партиялар өттү