Кыргызстанга Кытайдын Тышкы иштер министри келет

© Sputnik / Рамиль Ситдиков / Медиабанкка өтүүКытайдын Тышкы иштер министри Ван И. Архив
Кытайдын Тышкы иштер министри Ван И. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Министр Ван И Борбор Азиядагы үч мамлекетке барат.

БИШКЕК, 19-май — Sputnik. Кытайдын Тышкы иштер министри Ван И 21-майдан 24-майга чейин Борбор Азиядагы үч мамлекетке — Казакстан, Кыргызстан жана Өзбекстанга барарын "Жэньминь жибао" гезити Кытайдын ТИМинин расмий өкүлү Хун Лэйге шилтеме берүү менен билдирди.

Футболчу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кытайда этникалык кыргыздар уюштурган "Чоро-2016" футболдук турнири өттү
Ван И үч мамлекеттин тышкы иштер министрлери — Ерлан Идрисовдун (Казакстан), Эрлан Абдылдаевдин (Кыргызстан) жана Абдулазиз Камиловдун (Өзбекстан) чакыруусу менен келүүдө.

Өзбекстанга болгон иш сапарында Ван И ШКУга мүчө мамлекеттердин тышкы иштер министрлеринин кезектеги жыйынына катышат. 

Ал эми Кыргызстанга Кытайдын тышкы иштер министри 22-майда келери айтылууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0