БИШКЕК, 2-июн. — Sputnik. Алматыдагы Алгабас-6 деп аталган кичи райондогу тогуз кабаттуу үй жер чөгүп бир ыптасына кыйшайып калгандыктан андагы 208 киши чыгарылды. Бул туурасында Новости-Казакстан маалымат агенттиги аталган өлкөнүн Өзгөчө кырдаалдар комитетинин өкүлү Руслан Иманкуловдун маалыматына таянып кабарлады.
Элди шашылыш түрдө үйдөн чыгаруу бейшембинин түнүндө жашоочулардын бири үйдүн кыйшайып бара жатканын айткандан кийин башталган. Тамдын бир капталга ооп баратканы эки үйдүн ортосунан тосуп койгон темир тордон улам байкалган.
Жашоочулардын айтымында, нөшөрлөгөн жамгырдан улам көп кабаттуу үйдүн жер төлөсү сууга толуп кеткен.
"Жер чөгүп кетип, үй бир капталына кыйшайып калган. Кечээтен бери чукул кызматтын өкүлдөрү ал жерде жүрүшөт. Коомдук тартипти орган кызматкерлери сактап турат. Атайын тапшырма берилгенге чейин нөөмөт күн-түнү улантылат", — деп билдиришти Өзгөчө кырдаалдар комитетинен.
Ал кыйшайып калган үйдөн көчүрүлгөн 208 кишинин 90 мейманканага жайгаштырылып, калганы туугандарыныкына кала тургандыгын кошумчалады.
Өзгөчө кырдаалдар комитети кыйшайган үйдүн абалы өзгөрбөстөн ошол боюнча тургандыгын айтты.