Актөбө: атайын аскердик операцияда кол салгандардын төртөө жок кылынды

Жазылуу
Казакстандын Актөбө калаасындагы 5-июндагы кандуу окуядан кол салгандар менен аскерлер, жай жарандарды кошуп эсептегенде 10 киши каза болду. Жарадар болгон бир нече киши ооруканада жатат.

БИШКЕК, 6-июн. — Sputnik. Казакстандын Актөбө шаарындагы террорчулукка каршы операцияда курал дүкөнүнө жана аскердик бөлүккө кол салгандардын төртөө жок кылынды, дагы жетөө кармалды. Бул туурасында Казакстан ИИМинин өкүлү Алмас Садубаев билдирди. 

Ал аталган окуядан үч жай жаран жана үч аскер кызматкерлери курман болгонун кошумчалады.

Казакстандын батышынан орун алган Актөбө шаарында үч жерде атышуу болуп, белгисиз адамдар курал-жарак саткан "Паллада" дүкөнүнөн сырткары Улуттук Гвардияга кол салган. 

Бул окуяны Казакстандын парламент сенатынын төрагасы Касым-Жомарт Токаев теракт деп атады.

"Орозонун алдында окуя — терракт. Бандиттердин бул кылыгы таш боордук жана чектен чыккандык", — деп жазды ал Twitter баракчасына.

Казакстандын ИИМ өкүлү алар "Палладада" сатуучу менен күзөт агенттигинин кызматкерин өлтүрүп, полициянын үч кызматкерин жарадар кылышканын айтты.

День открытых дверей в бригаде спецназа Пантера - Sputnik Кыргызстан
Актөбөдө 6 киши курман болуп, террорчулукка каршы операциянын режими киргизилди
Андан соң "Пантера" деп аталган экинчи дүкөнгө кол салып, анда бир киши окко учуп, бирөө жаракат алган. Окуяга болгон аймакка келген полиция кызматкерлери кол салгандардын үчөөнү жок кылып, бирөөнү жарадар кылган. 

Кылмышкерлер андан аскер бөлүгүнө кирүү ниети менен жолдо жүрүп бара жаткан маршруттук автобусту токтотуп, ичиндеги айдоочу баш болгон жүргүнчүлөрдү чыгарып жиберип, андан ары кетишкен. Автобус менен аскердик бөлүктүн дарбазасын талкалай сүзүп, короого кирип баргандан кийин туш келди аткылап, үч аскер кызматкерин өлтүрүп, алтоону жарадар кылышкан.

"Нөөмөттө турган аскерлер курал колдонуп, аскердик бөлүктүн аймагына кирип келгендерди токтоткон. Андан соң жетип келген полиция тобу кылмышкерлердин бирин жок кылып, бирөөнү жарадар кылып кармаган",— деп айтты Садубаев.

Буга чейин жергиликтүү маалымат агенттиги дарыгерге шилтеме кылып, жарадар болгон 20га чукул адам шаардык ооруканаларга жеткирилгенин маалымдаган.

Шаарда террорчулукка каршы операция режими киргизилип, көңүл ачуусу жайлар жабылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0