Чымкенттин мэри велосипед менен жүрмөй болду

© Sputnik / Владимир Песня / Медиабанкка өтүүВелосипед. Архив
Велосипед. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Шаар башчысы жумушка бара жаткан жолдо велосипедди ижарага берүү системасын киргизүүгө көчөлөрдүн даярдыгы менен таанышып жүрүп отурат.

БИШКЕК, 19-июн. — Sputnik. Казак шаарын Чимкенттин акими (мэр) Габидулла Абдрахимов велосипел менен жүрмөй болду. Бул тууралуу Tengrinews.kz порталы жазып чыкты.

Шаар башчысынын мурунку кеңешчиси Данат Жумин Facebook тармагына мэрдин сүрөтүн жайгаштырып, Абдрахимов жумушка "шайтан араба _ эки буттуу унаа" менен бара баштаганын жазып койгон.

"Аким мындай аракети менен "Shymkent City Bike" долбоорун — велосипеддерди ижарага алуу жалпы шаардык системасын ишке ашырууга көчөлөрдүн даярдыгы менен таанышууда. Бул — мен үчүн кичинекей болсо да жеңиш", — деп жазат Жумин.

Анын айтымында, мэрдин штаттан тышкаркы кеңешчиси болуп турганда шаардын велосипеддик инфраструктурасын өнүктүрүү боюнча көп аракеттерди көргөн.

"Бир жолу Чимкенттин эли эч убакта велосипед теппейт деген кесиптештерим менен сүйлөшүп отуруп, "көрөсүңөр го, тээп башташат, биринчилерден болуп аким отурат" деп айтып жибергеним эсимде. Баары күлүп калышкан", — деди ал.

Буга чейин шаар башчысы ИИМ борборунда Макаров тапанчасынан атуу боюнча мастер-класс көрсөткөн. Үч огу тең таамай тийгени айтылып келет.

Жаңылыктар түрмөгү
0