Линии электропередач. Архивное фото

Тажикстан электр кубатын экспорттоону көбөйтөт

28
Тажикстандын Гидроэнергетикалык мүмкүнчүлүгү саатына 527 миллиард киловаттка бааланып келет, өлкө анын беш пайызын экспорттойт.

БИШКЕК, 22-июн. – Sputnik. Тажикстан 2030-жылы жаңы генераторлорду ишке киргизип, учурдагы 1,3 миллиард көлөмдү саатына 10 миллиард киловатка көбөйтөт. Бул туурасында тажик президенти Эмомали Рахмон Душанбеде өткөн улуттук кеңештин жыйынында билдирди.

"Биздин өлкөнүн энергетикалык кубаттуулугун 2030-жылга чейин жылына саатына 17ден 45 миллиард киловатка, тагыраагы үч эсеге чейин көтөрүшүбүз керек. Ал үчүн бул тармактын майнаптуулугун арттырууга реформа жасоо зарыл", — деп айтты тажик лидери.

Ал электр кубатын коңшуларга экологиялык таза электр кубатын экспорттоонун көлөмүн саатына 10 миллиард киловатка жеткирүү ниетин билдирди.

"Биз муну аймактык электр өткөрүүчү линиялар, аны менен кошо CASA-1000 аркылуу ишке ашырабыз", — деди ал.

2015-жылы Тажикстанда элект кубатын өндүрүү 4,2 пайыздан — саатына 17,1 миллиард киловаттка көбөйгөн. Анын ичинен 98,2 пайызын гидроэлектростанциялар иштеп чыккан. Ал эми экспорт саатына 1,3 миллиард киловатты түзгөн. 

Тажикстандын Гидроэнергетикалык мүмкүнчүлүгү саатына 527 миллиард киловаттка бааланып келет, өлкө анын беш пайызын экспорттойт. 

28
Белгилер:
Тажикстан, электр кубаты, экспорт
Тема:
CASA-1000 долбоорунун курулушу (12)
Тема боюнча
Президент Рахмон: CASA-1000 — бул жөн гана пайдубал түптөө эмес
Алма-Ата шаарындагы блокпосттогу медицина кызматкерелери. Архив

Казакстан өлкөгө кирүү эрежесин катаалдаштырып, чектөө киргизет

422
(жаңыланган 11:27 30.11.2021)
Коңшу мамлекет айрым өлкөлөрдөн барган жарандарга чектөө киргизип, Египет менен аба байланышты токтоткону маалым болду.

БИШКЕК, 30-ноя. — Sputnik. 3-декабрдан тарта Казакстан өлкөгө кирүү эрежесин катаалдаштырып, коронавирустун "омикрон" штаммы аныкталган өлкөлөр менен аба байланышын токтотот. Бул тууралуу Sputnik Казакстан жазды.

Мындан сырткары, Казакстандын бийлиги айрым өлкөлөрдүн жарандарына кирүүгө чектөө киргизе турганы айтылып, саламаттык сактоо вице-министри Марат Шоранов аларды санап берген.

"Ботсвана, Лесото, Зимбабве, Мозамбик, Мадагаскар, Эсватини, Танзания жана Гонконг мамлекеттеринин жарандарына кирүүгө чектөө коюлат. Коронавирустун жаңы "омикрон" штаммы катталгандыктан аны өлкө аймагына киргизбөө максатында 3-декабрдан тарта бийлик чектөө чараларын көрөт ", — деди ал.

3-декабрдан баштап Казакстан коронавирустун жаңы штаммы аныкталган (Израиль, Чехия, Нидерланддар, Улуу Британия, Италия, Германия, Австралия, Канада) мамлекеттеринен келген жарандардан эмделгенине карабай сөзсүз ПЦР-тест талап кылары айтылды. Мындан сырткары, "омикрон" штаммы катталган өлкөлөрдөн келгендер ПЦР-тесттин жыйынтыгына карабай жети күн изоляцияда жатышы керек.

Казакстан Египет менен да аба байланышын токтоткону кошумчаланды.

422
Белгилер:
Казакстан, чектөө, эреже, коронавирус, жаңы штамм
Тема:
Дүйнөгө жайылган коронавирус
Тема боюнча
ДССУ "омикрон" штаммы коомго коркунуч жаратарын айтты
Дүйнө тынчсызданган "омикрон" штаммынын белгилери, кайдан чыкканы айтылды
Түркмөнстандын башчысы Гурбангулы Бердымухамедов. Архивдик сүрөт

Түркмөн башчысы Бердымухамедовдун жубайы алгачкы жолу коомчулукка чыкты. Сүрөт

497
(жаңыланган 12:29 29.11.2021)
Эл көзүнөн оолак жүргөн канайымды түрк басылмалары тартып алган. Ачык маалыматтарда ал жолдошу менен жашташ экени жана төрт баланы тарбиялаганы айтылат.

БИШКЕК, 29-ноя. — Sputnik. Түркмөнстандын башчысы Гурбангулы Бердымухамедовдун жубайы Огулгерек Бердымухамедова алгачкы жолу коомчулукка чыкты. Бул тууралуу Түркиянын Sondakika агенттиги жазды.

​Ага ылайык, Ашхабад шаарында Гурбангулы Бердымухамедов менен Түркиянын өлкө башчысы Режеп Тайип Эрдоган жолуккан.

Түрк лидери жубайы Эмине Эрдоган менен Түркмөнстанга Экономикалык кызматташтык уюмунун жыйынына катышуу үчүн келген.

Бул сапарды чагылдырган түрк басылмалары президенттерди жубайлары менен тарткан. ЖМКлар бул Түркмөнстандын канайымы Огулгерек Бердымухамедованын расмий алгачкы сүрөтү экенин белгилеген. Ошол эле түркмөн ЖМКлары биринчи айымдын сүрөтүн жарыялаган эмес.

Огулгерек Бердымуxамедова — эл көзүнөн оолак, табышмактуу каныйымдардын бири. Үч кыз, бир уулдун апасы. Ачык маалыматтарда ал жолдошу менен жашташ экени айтылат.

497
Белгилер:
Түркмөнстан, Гурбангулы Бердымухамедов, канайым, сүрөт, Огулгерек Бердымухамедова
Тема боюнча
Жапаров Бердымухамедов менен жолугуп, кызматташчу өзгөчө багыттарды атады
Бердымухамедовдун вице-премьерлер менен футбол ойногон видеосу
Мамлекеттик кызматкер. Архив

Кадр кызматынын директорунун орун басарлары иштен кетти

0
Абдулазим Курманов менен Олег Тарбинскийди иштен бошотуу боюнча буйрукка өлкө башчы Садыр Жапаров кол койду.

БИШКЕК, 1-дек. — Sputnik. Абдулазим Курманов менен Олег Тарбинский Мамлекеттик кадр кызматынын директорунун орун басарлык кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Тийиштүү буйрукка Садыр Жапаров кол койгон. Эки орун басар тең "Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" мыйзамдын 37-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1-пунктуна ылайык (өз каалоосу менен) иштен кетти.

0
Белгилер:
Кыргызстан, Мамлекеттик кадр кызматы, орун басар, буйрук
Тема боюнча
Нарын шаарына мэр болуп 38 жаштагы Курбанов дайындалды