Казакстандык пенсионер миллион теңгесин көзү ачыктарга алдатып жиберди

© Sputnik / Стрингер / Медиабанкка өтүүТеңге акчасы. Архив
Теңге акчасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Көзү ачыктар пенсионердин оорулуу кызын дарттан арылтып беребиз деп башын айлантышкан.

БИШКЕК, 6-июл. — Sputnik. Павлодар облусунун пенсионери көзү ачыктарга 900 миң теңгеден ашык каражатын алдатып жибергендиги тууралуу Newskaz.ru агенттиги жазып чыкты.

Пенсионер алданып калгандыгы тууралуу полиция кызматкерлерине билдирген. 

"Аял көзү ачыктардын байланыш номерин теледен көрсөтүлгөн жарнамадан алган. Ал оорулуу кызын дарттан арылтуу максатында телефон аркылуу байланышканда алар беш сеанстан кийин эле кызы жакшы болуп кетерин айтышкан. Ишенген аял шылуундардын эсебине бир ай бою акча которгон. Андан кийин "көзү ачыктардын" телефону өчүк болуп калган", — деп айтылат маалыматта. 

Мындан тышкары, билдирмеде интернет аркылуу арзан баада унаа тетиктерин сатып алуу үчүн акча которуп, товарды алалбай калган жарандардын саны дагы арбын экени белгиленет. 

Жаңылыктар түрмөгү
0