Казакстанда төңкөрүш кылгысы келген Тулешов Кыргызстандагы окуяларды иликтеген

© AFP / VYACHESLAV OSELEDKO Апрель окуяларынын катышуучулары. Архив
Апрель окуяларынын катышуучулары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Шымкенттин атайын кызматынын маалыматына ылайык, Тохтар Тулешов Кыргызстандагы Жалал-Абад шаарынын "Ардактуу атуулу" деген наамы берилген.

АСТАНА, 11-июл. – Sputnik. Алия Самидин. Мамлекеттик төңкөрүш жасоого айыпталып жаткан Шымкент шаарынан чыккан ишкер Тохтар Тулешов 2005-2010-жылдарда Кыргызстанда болгон окуяларды дыкат изилдегенин Казакстандын улуттук коопсуздук кызматынын өкүлү Руслан Карасев маалымат жыйында билдирди.

© Фото / Алия СамидинТохтар Тулешовдун КРдин мурдагы президенти Курманбек Бакиев менен түшкөн сүрөтү
Тохтар Тулешовдун КРдин мурдагы президенти Курманбек Бакиев менен түшкөн сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
1/2
Тохтар Тулешовдун КРдин мурдагы президенти Курманбек Бакиев менен түшкөн сүрөтү
© Фото / Алия СамидинТулешовдун 2006-жылы берилген Жалал-Абад шаарынын "Ардактуу атуулу" күбөлүгү
Тулешовдун 2006-жылы берилген Жалал-Абад шаарынын Ардактуу атуулу күбөлүгү - Sputnik Кыргызстан
2/2
Тулешовдун 2006-жылы берилген Жалал-Абад шаарынын "Ардактуу атуулу" күбөлүгү
1/2
Тохтар Тулешовдун КРдин мурдагы президенти Курманбек Бакиев менен түшкөн сүрөтү
2/2
Тулешовдун 2006-жылы берилген Жалал-Абад шаарынын "Ардактуу атуулу" күбөлүгү

"Бийликти басып алууну ишке ашыруу үчүн ал өлкөдөгү абалды туруксуздаштырууга аракет кылган. Бул максатта ал 2005-жылы жана 2010-жылдагы Кыргызстандагы абалды иликтеген. Кыргызстанга келгенде ал өзүнө керектүү маалыматтарды топтоп жүргөн", — деген пикирин Карасев журналисттерге айтты.

Казакстандын Улуттук коопсуздук комитетинин маалыматына ылайык, Тулешовго таандык ишканаларды жана кыймылсыз мүлктөрдү тинтүү учурунда атайын жайга катылган курал-жарак, аскерий униформа жана документтер табылган.

Кыргызстандын жаранынын паспорту. Архив - Sputnik Кыргызстан
Казакстандын жарандары Кыргызстандын паспорту менен Сирияга кетүүгө аракет кылышкан
Документтердин арасында Тулешовдун КРдин мурдагы президенти Курманбек Бакиев менен түшкөн сүрөтү жана 2006-жылы берилген Жалал-Абад шаарынын "Ардактуу атуулу" күбөлүгү алынган.

Ишкер Тулешов январь айынын аягында Шымкенттин күч түзүмдөрүнүн атайын операция учурунда кармалган. Анын жанынан бир нече курал-жарак табылган. Февраль айынын башында Астана шаарынын Алматы районунун соту Тулешовду кармоо чечимин чыгарган. Июнь айында Казакстандын атайын кызматы Тулешовду жана жогорку кызмат адамдары менен биргеликте бийликти басып алууга аракет кылган деп билдирген.

Жаңылыктар түрмөгү
0