ТК: Хакасия колониясында болгон тополоңдо Кыргызстандан чыккандар да бар

© Sputnik / Алексей Филиппов / Медиабанкка өтүүАбак кызматкери. Архив
Абак кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тополоң салгандар каалаган жеринде тамеки чегип, каалаган убагында сыйынууну талап кылышкан.

БИШКЕК, 26-июл. — Sputnik. Хакасиядагы түзөтүү жайында тополоң салгандардын арасында Кыргызстан менен Тажикстандын тургундары дагы болгонун Sputnik Тажикстан агенттиги тергөө комитетине шилтеме берүү менен билдирди.

Абак. Архив - Sputnik Кыргызстан
Абакта отурган жаран өзүнүн футболкасына асынып алды
200дөн ашык киши жатаканалардан чыкпай, бир катар талаптарды койгон. Камактагыларды Тажикстан менен Кыргызстандан чыккандар көтөргөнү белгилүү болгон. Алар атайы бекитилген убакытта эмес, каалаган учурунда сыйынууга уруксат берилишин талап кылган. Айтылган талаптардын катарында имараттын каалаган жеринде тамеки чегүү жана телефон колдонууга уруксат берүү да болгон. 

Алар менен сүйлөшүү алты саатка созулуп, бирок жыйынтык чыкпагандыктан атайын даярдыктагы аскер имаратка киргизилген. Абак жайдагы баш аламандыкты уюштурууга шектүү делип, Кыргызстандын, Армениянын жана Тажикстандын жарандары кармалган.

Алар абакка уурулук, тоноочулук менен соттолуп, үч жылга кесилген. Эми алар тополоң уюштурган деген айып менен дагы 15 жылга чейин жаза мөөнөтү узарышы мүмкүн.

Жаңылыктар түрмөгү
0