Журналисттер. Архив

Тажикстанда мамлекеттик тил нормасын бузган журналисттер айыпка тартылат

34
Тил мыйзамын бузган жеке тараптар 75-100 долларга чейин айып төлөшсө, юридикалык жактар 150-200 долларга чейин төлөшөт.

БИШКЕК, 2-авг. — Sputnik. Тажикстандын тил жана терминология боюнча комитети тажик тилинин нормаларын бузган журналисттерди жоопко тарта турганын комитеттин башчысы Гавхар Шарифзода билдиргенин РИА Новости жазып чыкты. 

"Туура жазуу эрежеси, мамлекеттик тилдин нормаларын сактоо талаптары бар. Аларды баарыбыз сакташыбыз керек", — деди ал.

Шарифзода журналисттер акыркы учурларда тааныш эмес сөздөрдү көп колдонуп жатканын айтты.

"Кээ бир журналисттер өз материалдарында ондон ашык башка сөздөрдү колдонот. Аны катардагы кишилер түшүнбөйт. Ошол эле учурда тил мыйзамын одоно бузушат", — дейт ал.

Тилчилердин айтымында, журналисттер көбүнчө парс тилиндеги сөздөрдү жана терминологияны көп колдонушат.

Тил мыйзамын бузган жеке тараптар 75-100 долларга чейин айып төлөшсө, юридикалык жактар 150-200 долларга чейин төлөшөт.

34
Белгилер:
тил, айып пул, Тажикстан
Тема боюнча
Тил комиссиясы: Көчмөндөр оюнунун жарнамасы тил мыйзамын бузууда
Пикирлер