Назарбаевдин кызы кара куурайды кайра иштетип пайдаланууну демилгеледи

© flickr.com / ManuelКара куурай. Архив
Кара куурай. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кара куурайды кайра иштетүүнүн схемасы сунушталып, анда баңги заттар топтолуп калган күнжараны жок кылуу айтылган.

БИШКЕК, 8-авг. – Sputnik. Казакстандын премьер-министринин орун басары Дарига Назарбаева илимий изилдөө иштерин жүргүзүү максатында кара куурайды пайдаланууга ишканаларга уруксат кылган лицензия берүүнүн ачык, айкын механизмдерин тереңдетүү боюнча тапшырма берди. Бул туурасында Новости-Казакстан сайты кабарлады.

Жапайы өскөн кара куурайды жок кылуу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Милиция кызматкерлери 125 тоннадан ашык кара куурайды жок кылышты
Назарбаева илимий изилдөө иштерин жүргүзүп, кара куурайды химиялык жол менен баңги заттарынан ажыратып, аны андан ары медицинада, өнөр жайда пайдалануу боюнча жыйында айткан. 

Өнүгүү жана инвестиция боюнча министринин орун басары Альберт Раунун айтканына караганда, кара куурайды кайра иштетүүнүн схемасы сунушталып, андагы баңги заттар топтолуп калган күнжараны жок кылуу айтылган. 

"Жыйындын жүрүшүндө Дарига Назарбаева тиешелүү мамлекеттик органдарга өндүрүш ишканаларына кара куурайды айлантуу жана аны илимий жаатта пайдалануу үчүн сапаттуу, ачык-айкын механизмдерди киргизип, аларга лицензия берүүнү тапшырды", — деп айтылат маалыматта.

Назарбаева бул ишти Баңгизаттарга көзөмөл кылуу боюнча эл аралык комитет менен биргеликте, БУУнун Конвенциясын көңүлгө алуу менен жүргүзүүнү белгилеген.

Кеңешменин катышуучулары баңгизаты жок кара куурайды өстүрүү боюнча башталган сынамык долбоордун жол картасы боюнча маалымат угушту.

"Аталган долбоордун алкагында Казакстандын тарыхында биринчи ирет айыл чарбасында Түштүк Казакстан, Алматы, Караганда жана Түндүк Казакстан аймагына кара куурайдын үрөнү себилген. Тажрыйба жүргүзүп, кара куурайды кайра иштетүүнүн технологиясын иштеп чыгуу үчүн түшүм АКШ, Германия, Кытай жана Бельгияга жөнөтүлөт", — деп айтылат маалыматта. 

Баңгизат. Архив - Sputnik Кыргызстан
Россияда 10 кг. героин сатууга аракет кылган кыргызстандык жаран кармалды
Иликтөөнүн жыйынтыгында кара куурайдан кагаздардын түрлөрүн иштеп чыгуу боюнча целлюлоза алса болору айтылган. Ал банкноттордон тарта таңгактоочу жана кеңсе кагаздары, мындан сырткары текстиль жана тамак-ашта пайдаланылат. 

Назарбаева муну менен катар техникалык кара куурайдан алынган кагаздын баасынын төмөндүгүн белгилеген.

"Казакстандын өзүнүн өндүрүп чыккан кагазы жок. Бардыгын сырттан сатып алгандыктан, ал кымбат турат. Казакстандын өзүнүн кагазын чыгарган заводду куруу азыркы учурдун талабы болуп турат. Бул басылмалар үчүн да маанилүү", — деген ал.

Кеңешменин жыйынтыгында Назарбаева кара куурайды өндүрүү мамлекеттик катуу көзөмөлдө боло тургандыгын кошумчалаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0