Астана шаары, Казакстан. Архив

Казакстандагы түрк лицейлерин атайын комиссия текшере баштады

70
(жаңыланган 18:36 18.08.2016)
Түркиянын президенти Тайип Эрдоган Назарбаев менен жолукканда Казакстандагы Гүлен менен байланышы бар делген 33 мектептин тизмесин берген.

БИШКЕК, 19-авг. — Sputnik. Казакстандагы түрк лицейлерин текшерүү боюнча түзүлгөн атайын комиссия ишин баштады. Бул туурасында РИА Новости өлкөнүн билим берүү жана илим министри Ерлан Сагадиевдин айтканына таянып жазып чыкты.

Буга чейин президент Нурсултан Назарбаев Түркия өлкө башчысы Тайип Эрдоган менен жолуккандан кийин оппозициялык динаятчы Фетхуллах Гүлен менен байланышы бар деп эсептелген Казакстандагы бардык мектептер текшерүүдөн өтөрүн айтканы бар.

"Президенттин тапшырмасы менен Билим берүү жана илим министрлиги комиссия түзүп, ал иштеп жатат. Бул жаатта түркиялык тарап менен тыгыз байланышта болуп иш алып барабыз", — деп билдирген казак министри мугалимдердин август кеңешмесинде.

Ал мындай текшерүүлөр окуунун жүрүшүнө кесепетин тийгизбейт деген пикирин айткан.

"Алар биздин билим берүү системасындагы талаптарга жооп берип иштеп жаткан өзүбүздүн эле казакстандык мектептер. Аларды бир нече ирет текшергенбиз, кине таба турган эч нерсе жок. Лицейлер мурда кандай болсо, азыры деле ошол калыбында иштей берет", — деген министр.

Кыргызстанга да кайрылуу болуп, Атамбаев жооп берген

2016-жылдын 24-июль күнү Түркиянын тышкы иштер министри Чавушоглу Кыргызстандын бийлигин да дин аалымы Фетхуллах Гүлендин тарапташтарына карата чара көрүүгө чакырган. Булардын ичине түрк тарап Кыргызстандын аймагындагы түрк лицейлери тууралуу да айткан.

КРдин Тышкы иштер министрлиги бул билдирүүгө жооп берип, көзкарандысыз мамлекеттин ички ишине кийлигишүү туура эмес деген. Ал эми президент Алмазбек Атамбаев КРге "коркутуп, же акыл үйрөтүүнүн кажети жоктугун" айткан.

Эскерте кетсек, 16-июлга караган түнү козголоңчулар аскердик төңкөрүш жасоого аракет кылышкан. Негизги кагышуу Анкара менен Стамбул шаарларында өттү. Акыркы маалыматтар боюнча андан 200дөн ашуун киши өлүп, эки миңге жакыны жарадар болгон.

Түрк бийлиги төңкөрүш жасоо аракетинин жоопкерчилигин АКШда жашаган динаятчы Фетхуллах Гүленге жүктөп, анын экстрадициясын талап кылышкан. Гүлен төңкөрүш аракет кескин сындап, ага тиешеси жок экенин билдирген.

70
Белгилер:
Фетхуллах Гүлен, Нурсултан Назарбаев, Режеп Тайип Эрдоган, Алмазбек Атамбаев, Түркия, Казакстан
Тема боюнча
Түркия бийлиги Гүленди эки жолу кесип, 1900 жыл түрмөгө отургузууну талап кылууда
Эрдоган: АКШ же Түркияны, же Гүленди тандап алышы керек