Өзбек ИИМи Үңкүр-Тоо Өзбекстандын аймагында жайгашкан деген маалымат таратты

© Sputnik / Игорь Зарембо / Медиабанкка өтүүЧек арачы. Архив
Чек арачы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кармалгандар учурда коңшу өлкөнүн Чартак райондук ички иштер башкармалыгында экени маалым.

БИШКЕК, 25-авг. — Sputnik. Өзбекстандын жалпыга маалымдоо каражаттары өлкөнүн Ички иштер министрлигине таянуу менен Үңкүр-Тоодогу телемунарада иштеп жаткан кыргыздар паспорттук рейд учурунда кармалганын жазып чыгышты.

Укук коргоо органдарынын маалыматына ылайык, Үңкүр-Тоо Өзбекстандын Наманган облусуна караштуу Чартак районуна карайт. Мындан улам өзбек ИИМи аймактагы телемунарада иштегендерди мыйзамсыз түрдө Өзбекстандын аймагында жүрөт деп эсептейт. 

Президент Алмазбек Атамбаев Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаевди, президент аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Сапар Исаковду кабыл алуу учурунда - Sputnik Кыргызстан
Атамбаев: экс-президенттер кыргыздын жерлерин коңшулардыкы деп тааныган фактылар бар
Мындан сырткары, коңшу өлкөнүн Ички иштер министрлигинин маалыматында Ала-Букада жайгашкан Орто-Токой суу сактагычындагы (өзбек тараптын пикиринде Орто-Токой суу сактагычы да Наманган облусунун Касансай районуна карайт) өзбектерге кыргыз чек арачылары азык-түлүк өткөрбөй турат. 

Үңкүр-Тоодо кармалган кыргыз жарандары учурда Чартак райондук ички иштер башкармалыгында кармалдууда.

Эскерте кетсек, буга чейин кыргыз-өзбек чек арасындагы талаштуу жерде жайгашкан Үңкүр-Тоого коңшу өлкөнүн жети милиция кызматкери тик учак менен конгон. Мындай кадамдын себебин түшүндүрүү талабына өзбекстандыктар буга чейин кыргыз чек арачылар тарабынан кармалган өзбек милиционерин бошотуу жана Орто-Токой суу сактагычынын айланасындагы милиция постторун алуу талабын коюшкан. Сүйлөшүүлөрдөн соң аталган кызматкерге айып пул салынып, андан соң бошотулган

24-август күнү коңшу өлкөнүн чек арачылары Кербен шаарындагы телемунарада иштеген төрт кыргызстандык адисти кармап кетишкен. Кыргызстан кармалган жарандарды кайтарып берүү талабын койду.

Жаңылыктар түрмөгү
0