Министрликтен жооп: Казакстан аркылуу ташылган оор жүктөргө акча төлөнбөйт

© Sputnik / Табылды КадырбековКазакстандын чек арасындагы кызматкерлер. Архив
Казакстандын чек арасындагы кызматкерлер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Алыскы сапарга аттанган оор жүк ташуучу айдоочулар Казакстан аркылуу башка мамлекеттерге жүк алып өтүү үчүн 100 доллардан төлөө керек экенин айтып нааразы болушкан.

БИШКЕК, 26-авг. — Sputnik. Алыска оор жүк ташыган айдоочулар Казакстан аркылуу өткөндүгү үчүн эч кандай каражат төлөбөшү керек. Бул тууралуу Транспорт жана жолдор министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашты. 

Жүк ташуучу автоунаанын шопуру. Архив - Sputnik Кыргызстан
Көчмөндөр оюну учурунда Балыкчы — Ананьево — Каракол каттамына чектөө кирет
Буга чейин Жүк ташуу ассоциациясынын төрагасы Темирбек Шабданалиев өткөн жылдын акырынан тарта Казакстан ЕАЭБ өлкөлөрүнө кирбеген мамлекеттерге жүк алып өтүү үчүн Казакстандан уруксат кагазын сатып алуу милдеттемесин жүктөгөнүн билдирген. 

Кыргызстанга болгону 700 даана уруксат кагазы бөлүнүп берилген. Анын ар бири 50 долларды түзгөн. Калган айдоочулар уруксат кагаздарын Казакстандын каттамды тейлеген жетекчилеринен 100 доллардан сатып алууга аргасыз болушкан

"ЕАЭБ курамындагы өлкөлөр арасында жүк ташууга эркиндик берилген. Бирок жүктөрдү үчүнчү өлкөлөргө алып өтүү үчүн уруксат кагазын алуу керек. Ортодогу келишимдерге ылайык, мындай уруксат кагаздары ЕАЭБге кирбеген өлкөлөрдөн Казакстанга кирген же андан үчүнчү өлкөлөргө ташылган жүктөр үчүн гана керек", — деп КРдин Транспорт министрлигинен кабарлашты. 

Ал эми кыргызстандык оор жүк ташуучулар үчүн Казакстан аркылуу транзиттик жолго уруксат кагаздарын алуу талап кылынбайт. 

"Бирок берилген 700 уруксат кагазы жетишсиз. Бул суроо эки тараптуу автомобиль транспорту боюнча кыргыз-казак жыйынында каралганы жатат", — деп ведомстводон билдиришти. 

Учурда жыйындын мөөнөтү менен өткөрүлө турган жери сүйлөшүлүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0