Reuters: Самарканд Каримовду жерге берүү зыйнатына даярдык көрүп жаткандай

© AFP / BRENDAN SMIALOWSKI / POOLСамарканд шаары. Архив
Самарканд шаары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин өзбек өкмөтү Каримовдун абалы оорлоп кеткендигин кабарлаган.

БИШКЕК, 2-сен. — Sputnik. Ислам Каримовдун кичи мекени Самарканд шаарында президентти акыркы сапарга узатуу зыйнатына кам көрүлүп жатышы мүмкүн экенин Reuters агенттиги өздүк булактарга таянуу менен жазып чыкты. 

Буга чейин өзбек өкмөтү Каримовдун абалы оорлоп кеткендигин кабарлаган. 

Агенттиктин берген маалыматына ылайык, Самаркандда миңдеген адамдар көчөлөрдү тазалоого киришкен. 

"Кечээ кечинде миңдеген жумушчулар көчөлөрдү шыпырып, шаарды тазалай баштады", — деп айтылат маалыматта. 

Буга чейин Өзбекстандын жалпыга маалымдоо каражаттары өкмөткө таянуу менен 78 жаштагы Ислам Каримов стационардык дарыланууда экенин жазып чыгышкан.

Өзбекстандын президенти Ислам Каримовдун ден соолугуна байланыштуу түзүлгөн кырдаал тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттиги даярдаган материалдан окуңуз>>

Жаңылыктар түрмөгү
0