Reuters: Назарбаев ишембиде Өзбекстанга Каримовго топурак салууга барышы мүмкүн

© Sputnik / Алексей Дружинин / Медиабанкка өтүүКазакстандын президенти Нурсултан Назарбаев. Архив
Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин аталган маалымат агенттиги Самаркандда Каримовдун зыйнатына даярдыктар жүрүп жатышы ыктымал деп кабар тараткан.

БИШКЕК, 2-сен. — Sputnik. Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев Кытайдагы сапарын токтотуп, ишемби күнү президент Ислам Каримовго топурак салуу үчүн Өзбекстанга барышы мүмкүн экенин "Рейтер" агенттиги казак өкмөтүндөгү булагына шилтеме берип билдирди. 

Өзбекстандын президенти Ислам Каримов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Ислам Каримов төшөктө. Эми эмне болот?
Бүгүн эртең менен Өзбекстандын өкмөтү президент Ислам Каримовдун саламаттыгы кескин түрдө начарлап кеткенин билдирип, абалы оор экенин маалымдаган.

"Рейтер" агенттигинин билдиришинче казак президентинин иш сапарына киргизилген чукул өзгөртүүлөр Казакстандын өкмөтү Ислам Каримовдун каза болгонун расмий түрдө билдирүүгө даярданып жатат дегенге негиз берет.

Учурда Казакстандын президенти 4-сентябрда башталчу G-20 саммитине катышуу үчүн расмий сапар менен Кытайда жүрөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0