Өзбек лидеринин тажыясына 17 өлкөнүн бийлик өкүлдөрү келет

© REUTERS / Muhammadsharif MamatkulovПроводы траурного кортежа с телом первого президента Узбекистана Ислама Каримова в Ташкенте
Проводы траурного кортежа с телом первого президента Узбекистана Ислама Каримова в Ташкенте - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Самаркандга Афганистан, Тажикстан жана Түркмөнстандын президенттери, Кыргызстан, Казакстан, Грузия, Белоруссия премьер-министрлери, Кытайдын, Түштүк Кореянын жана Украианын вице-премьерлери келип түштү.

БИШКЕК, 3-сен. – Sputnik. Өзбекстандын көз жумган президенти Ислам Каримовдун акыркы сапарга узатуу зыйнатына 17 өлкөдөн делегация келет. Бул туурасында Sputnik Өзбекстан агенттиги өлкө өкмөтүнүн маалыматына таянып кабарлады. 

Кечээ Өзбекстан бийлиги президент Ислам Каримов 78 жашында дүйнө салгандыгын жана сөөгү киндик кан тамган шаары Самаркандда жерге берилерин билдирген. Өлкөдө үч күндүк мөөнөткө аза күтүү жарыяланган. 

"17 өлкөнүн делегациясы акыркы сапарга узатуу зыйнатына келишти, сөөк саат 12:00дө (Бишкек убактысы боюнча 13:00) жерге берилет", — деп кабарлаган агенттиктин маалымат булагы. 

Траурная процессия президента Узбекистана Ислама Каримова - Sputnik Кыргызстан
Каримовдун сөөгү салынган кортежди миңдеген ташкенттиктер Самаркандга узатты
Анын маалыматында Самаркандга Афганистан, Тажикстан жана Түркмөнстандын президенттери, Кыргызстан, Казакстан, Грузия, Белоруссия премьер-министрлери, Кытайдын, Түштүк Кореянын жака Украианын вице-премьерлери келип түштү.

Мурда айтылгандай, Россиянын делегациясын президент Владимир Путиндин тапшырмасы менен өкмөт башчысы Дмитрий Медведев жетектеп келет. 

Каримовдун сөөгү салынган учак эртең менен Ташкенттен Самаркандга келип конгон.

Каримовдун өлүмүнөн кийинки абалга божомол тууралуу Sputnik Кыргызстан материалынан окуңуздар>>

Жаңылыктар түрмөгү
0