Ислам Каримов жерге берилди

© AP PhotoСамарканддагы Өзбекстандын президенти Ислам Каримовдун тажыясы.
Самарканддагы Өзбекстандын президенти Ислам Каримовдун тажыясы. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өзбекстандын туңгуч президенти Ислам Каримовдун тажыясы кичи мекени Самарканд шаарындагы ата-энесинин үйүндө өттү.

БИШКЕК, 3-сен. — Sputnik. Өзбекстандын президенти Ислам Каримов жерге берилди. Бул тууралуу РИА Новости билдирди.

Траурная процессия президента Узбекистана Ислама Каримова - Sputnik Кыргызстан
Каримовдун сөөгү салынган кортежди миңдеген ташкенттиктер Самаркандга узатты
Эскерте кесек, Каримов кечээ, 2-сентябрь күнү каза болгон. Ага чейин мээсине кан инсульт дарты менен ооруканага жеткирилип, алты күн бою жасалма дем алдыруучу аппаратта жаткан. Жума күнү эртең менен өлкө башчысынын ден соолугу кескин начарлап кеткени айтылып, кечинде көз жумганы тууралуу расмий маалымат тараган.

Маркумдун сөөгү бүгүн эртең менен Ташкенттен Самаркандга алып келинген. Ата-энесинин үйүндө өлүк каадасы жасалып, Регистан аянтында жаназасы окулду. Андан соң Шахи-Зинда көрүстөнүнө алып келинип, ата-энесинин жанына коюлду. Каримовдун мүрзөсү XIX кылымдагы Хазрет-Хизр мечитинин жанында жайгашкан. 

Президенттин табытын шаардык аянттан көрүстөнгө чейин туугандары менен жакындары көтөрүп келишти. Ал эми акыркы сапарга узатууга миңдеген адам катышып, зыйнатка 17 өлкөнүн бийлик жетекчилери келди.

Жаңылыктар түрмөгү
0