Путин Ислам Каримовдун жесири менен кызына көңүл айтты

© Sputnik / Алексей Дружинин / Медиабанкка өтүүРоссия президенти Владимир Путин Өзбекстандын президенти Ислам Каримовдун жесири менен кызына көңүл айтты.
Россия президенти Владимир Путин Өзбекстандын президенти Ислам Каримовдун жесири менен кызына көңүл айтты. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Россия лидери Самаркандга келип, Өзбекстандын президентинин мүрзөсүнө гүл койду.

БИШКЕК, 6-сен. — Sputnik. Россия президенти Владимир Путин Өзбекстандын президенти Ислам Каримовдун жесири менен кызына көңүл айтты. 

Маркумдун сөөгү коюлган Шахи-Зинда көрүстөнүндөгү мүрзөгө гүл койгондон кийин Путин Каримовдун Самарканддагы резиденциясы — Форум ордосуна келип, Татьяна Каримова менен кичүү кызы Лола Каримова-Тиллаева менен жолукту. Каримовдун жакындары менен болгон жолугушуу маалымат каражаттарынын катышуусуз өттү.

Өзбекстандык балбан Данияр Абдрахимов - Sputnik Кыргызстан
Өзбекстандык спортчу: жеңишибизди Каримовго арнайбыз
Эскерте кетсек, Өзбекстанды 30 жылга чукул башкарып келген президент Ислам Каримов 27-августта мээсине кан куюлуп, ооруканага түшкөн. Алты күн бою жасалма дем алдыруучу аппаратта жаткан Каримов 3-сентябрь күнү эртең менен дүйнө салган. Тажыясы кичи мекени Самарканд шаарында өтүп, сөөгү ата-энесинин жанына, Шахи-Зинда көрүстөнүнө коюлган.

Каримовдун өлүмүнөн кийин президенттин милдетин Өзбекстан парламентинин жогорку палатасынын төрагасы Нигматилла Юлдашев аткарып калган. Ал эми Каримовду акыркы сапарга узатуу комиссиясын премьер-министр Шавкат Миризиеев жетектеген.

Каримовдун тажыясына 17 өлкөнүн бийлик жетекчилери катышты. Кыргызстандан премьер-министр Сооронбай Жээнбеков баштаган делегация барды.

Жаңылыктар түрмөгү
0