Өзбекстан калкынын 97 пайыздан ашыгы жарандык никеге каршы

© Sputnik / Михаил Мордасов / Медиабанкка өтүүКол кармашкан жаштар, архивдик сурөт
Кол кармашкан жаштар, архивдик сурөт - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сурамжылоого катышкандардын 96 пайызы бактылуу турмушта жашай тургандыктарын айтышкан.

БИШКЕК, 28-сен. — Sputnik. Өзбекстан калкынын 97 пайыздан ашыгы жарандык никени жактырбай турганы атайын иликтөөдө аныкталганын РИА Новости агенттиги билдирди.  

"Иликтөөнүн жыйынтыгы менен сурамжылоого катышкандардын 97,2 пайызы жарандык никеге көз карашы түз эмес экенин айтышкан. Мындай көрүнүш өзбек элинин каада-салтына туура келбей тургандыктарын билдиришкен", — деп айтылат маалыматта.

Өзбекстандын ТИМ жетекчиси Абдулазиз Камилов БУУнун Башкы Ассамблеясынын 71-сессиясында сүйлөө учурунда - Sputnik Кыргызстан
Өзбекстан бир да аскердик блокко кошулбаган саясатын улантат
Ошондой эле сурамжылоого катышкандардын 96,7 пайызы ажырашууга да терс көз карашта экендиктерин айтышкан. Үй-бүлөнүн бузулушу балдарды тарбиялоого жана алардын билим алуусуна терс таасир берерин белгилешкен.

Элдин 96 пайызы бактылуу турмушта жашай тургандыктарын айтышкан.

Өзбекстандын мамлекеттик статистикалык комитетинин маалыматы боюнча 2015-жылы ЗАГСка 287,6 миң жубай катталып, 29,6 миң үй-бүлө ажырашкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0