АКШ кош бойлуу аялдарды Азиянын 11 өлкөсүнө барбай турууга чакырды

© REUTERS / Nacho DoceЗика вирусу менен ооруган ымыркайдын архивдик сүрөтү
Зика вирусу менен ооруган ымыркайдын архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мындай аракет Зика вирусун жуктуруп алуу кооптуулугунан улам жасалып жатат.

БИШКЕК, 30-сен. — Sputnik. АКШнын Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы илдетти көзөмөлдөө жана алдын алуу борбору кош бойлуу аялдарга Түштүк Азия өлкөлөрүнө баруудан баш тартууга чакырды. 

Зика вирусу менен күрөшүү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Сингапурда 355 адам Зика дартын жуктуруп алды
Маалыматка ылайык, мындай кадам Зика вирусун жуктуруп алуу кооптуулугунан улам жасалып жатат.

Барбай турууга сунушталган мамлекеттердин катарына Бруней, Мьянма, Камбоджа, Индонезия, Лаос, Малайзия, Мальдив аралдары, Филиппиндер, Таиланд, Түштүк Тимор жана Вьетнам кирет.

Зика вирусу (калтырак басуу, чыйрыгуу) – маймылдардын инфекциялык оорусу. Ал кээде адамга чымындар аркылуу жугуп, калтырап, чыйрыгуу менен коштолот. Вирус кош бойлуу аялдар үчүн абдан кооптуу. Анткени ал түйүлдүктү микроцефалияга (баш мээнин кичирейиши) жеткириши мүмкүн.

Жаңылыктар түрмөгү
0