БИШКЕК, 5-окт. — Sputnik. Кыргызстан үчүн интернет баасынын көтөрүлүшү боюнча сүйлөшүүлөр Алматы шаарында күндүн экинчи жарымында башталды. Казакстандын байланыш операторлору эмне үчүн бааны кымбаттатканын жана Кыргызстан үчүн интернеттин наркын кайта карап чыгуу себептерин айтып бериши керек. Бул тууралуу "Кыргызтелеком" ААКтын коммерциялык директору Кылыч Куталиев Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.
"Казакстандык кесиптештер оң чечим чыгарат деп ишенем, себеби биз ЕАЭБдин мүчөсүбүз. Ал жакта негизсиз тариф саясатына орун берилбейт", — дейт Куталиев.
Монополияны жөнгө салуу мамлекеттик агенттиктин директорунун кеңешчиси Урмат Бектеналиевдин айтымында, казакстандык кесиптештер менен жолугуу үчүн мамагенттиктин директору Болсунбек Казаков өзү кеткен.
"Сүйлөшүүлөр саат үчтө башталган. Азырынча анын жыйынтыгы боюнча маалыматтар билине элек. Жолугушууда жетишилген нерселер боюнча үч күндөн кийин, жума күнү сөзсүз түрдө жарыяланат", — деди Бектеналиев.
Август айынын аягында Кыргызстандын операторлору казакстандык кесиптештеринен интернеттин транзити үчүн баанын 3-4 эсе кымбаттай турганы тууралуу билдирүү алган. Ошондон бери тийиштүү органдар абалды иликтеп келет.
БИШКЕК, 15-апр. — Sputnik. Кыргызстандык белгилүү балбан Мээрим Жуманазарова Казакстандын Алматы шаарында өтүп жаткан Азия чемпионатында алтын медаль утту. Бул тууралуу Бириккен күрөш дүйнөсүнүн (UWW) сайтында жазылды.
Посмотреть эту публикацию в Instagram
Балбан 68 килограмм салмактагылар арасында күчүн сынады. Ал төрт кармаш өткөрүп, өзбекстандык, казакстандык, кореялык жана монголиялык спортчулар менен кармашты.
Социалдык тармактардагы спорттук баракчалар жүктөгөн видеодон Жуманазарова медаль тагынып жатып сүйүнгөнүнөн көз жашы токтобой ыйлаганын көрүүгө болот.
Посмотреть эту публикацию в Instagram
Белгилей кетсек, бул Жуманазарованын кыска убакыттагы экинчи чоң жеңиши. Бир нече күн мурда Казакстандагы лицензиялык турнирде күмүш байге алып, Токио Олимпиадасына жолдомо уткан.
БИШКЕК, 15-апр. — Sputnik. Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев бир нече аткаминерди иштен кетирип, алардан мамлекеттик кызматта иштеп жүрүп алган айлыгын толугу менен кайтарып берүүсүн талап кылды. Бул тууралуу Sputnik Өзбекстан агенттиги жазды.
Окуя жаштарды иш менен камсыздоо маселесине арналган жыйын учурунда болду.
Президент ишине шалаакы мамиле кылгандыгы үчүн Фергана облусунун Фуркат районунун, Анжиян облусунун Улугнор районунун акимдерин жана Сурхандарья облусунун мэринин орун басарын кызматтан алды. Мындан тышкары, айрым райондордун прокурорлору, милиция, Салык кызматтарынын жетекчилери жана Соода-өндүрүш палаталарынын башчылары ишсиз калды.Маалыматка караганда, мурда Мирзиёев жетекчилерге "1+1" программасынын алкагында 100 миң жаш адисти окутуп, тажрыйбалуу кызматкерлердин катарына кошуу тапшырмасын берген. Бирок аткаминерлер буга көңүл кош мамиле кылгандыктан өлкө башчынын талабы ойдогудай ишке ашкан эмес.
БИШКЕК, 16-апр. — Sputnik. Кыргызстандын саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев журналисттерге берген маалымат жыйын учурунда "Ысык-Көл тамыры" деген чөптүн кайнатмасын түз эфирде ичип көрсөттү.
Министр коронавируска каршы дары катары активдүү талкууланып жаткан "Ысык-Көл тамыры" аталышындагы чөптүн кайнатмасы республика боюнча бардык ооруканаларда коронавируска кабылгандарга берилип жатканын билдирди.
Белгилей кетсек, уу коргошунду өз алдынча даярдап ичүү адам өмүрү үчүн кооптуу. Министр туура эмес даярдалган учурда адам беш мүнөттөн кийин өлүп каларын белгиледи. Дарылоонун бул ыкмасы боюнча Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмуна Кыргызстандан маалымат жиберилген эмес.
Буга чейин президент Садыр Жапаров Кыргызстандын дарыгерлери коронавирустан 2-3 күндө айыктырган ыкма тапканын айткан.
Көп өтпөй социалдык тармактагы баракчасына он чакты киши атайын аппараттын жардамы менен бөтөлкөлөргө саргыч түстөгү суюктукту куюп жаткан видео жарыялаган. Анда бөтөлкөлөрдүн сыртында "Уу коргошун" жана "Иссык-Кульский корень" деген жазуулар бар экенин көрүүгө болот.
Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн башчысы Назира Артыкованын Kaktus Media порталына билдиргенине караганда, "Ысык-Көл тамырынын" кайнатмасы менен коронавирусту дарыласа болот деп ойлоо туура эмес.Журналисттин сөз болуп жаткан кайнатма менен коронавирустан арылса болобу деген суроосуна ал "Мүмкүн эмес. Бардык жерде илимий далил керек" деп жооп берди.
Кыргызстанда 2007-жылдан тарта 2018-жылга чейин жергиликтүү ЖМКлар "Ысык-Көл тамырынын" кайнатмасына ууланып көз жумгандар көп болгонун жазышкан.